Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:37

Лукашенко ЕАЭБ жана ЖККУ лидерлерин Москвага чогултууну сунуштады


Александр Лукашенко.
Александр Лукашенко.

Беларусту узактан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко Москвада Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин лидерлеринин жолугушуусун өткөрүү керектигин айтты. Ал мындай демилгени жума күнү Москвада орус президенти Владимир Путин менен жолугушуусунда көтөргөнүн Орусиянын TASS жана RIA Новости сыяктуу бир катар мамлекеттик маалымат каражаттары жазып чыкты.

"Биз ЖККУда, ЕАЭБде жолугуп, биригишибиз керек. Бардыгы биз бирге болушубуз керек деп айтышты эле го. Мен сунуш киргизем, менимче, сиз [Орусиянын президенти] мени колдойсуз. Биз Москвада сүйлөшүүлөр үстөлүнө отурушубуз керек", - деп айткан Лукашенко.

Орусиянын мамлекеттик медиасы жазгандай, Лукашенко бул жолугушууда Орусия "өнөктөштөрүнө ар дайым жардам берип келгенин" эске салган жана рынокторду бириктирүү менен санкциялардын таасирин азайтууну сунуштаган.

"Казактарга жардам берип келдиңиздер, сиздер айрымдарга рынок ачтыңыздар. Алардын атын атабай эле коеюн, таарынып калышат", - деп айткан Батышта адам укуктарын бузганы үчүн кескин сынга кабылып келген Лукашенко.

Москва үстөмдүк кылган Евразия экономикалык биримдигине Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Орусия мүчө. Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна жогорудагы беш өлкөдөн тышкары Тажикстан да кирет.

Орусиянын армиясы 24-февралда Украинанын аймагына басып кирген. Мындан улам Батыш мамлекеттери Москвага бир топ санкцияларды киргизди. Бул санкциялардын таасири Кыргызстан сыяктуу Борбор Азия мамлекеттеринде сезилип жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG