Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:28

Орусия Meta компаниясына кылмыш иши ачты


Meta компаниясы Facebook, Instagram түйүндөрүнө жана WhatsApp тиркемесине ээлик кылат.
Meta компаниясы Facebook, Instagram түйүндөрүнө жана WhatsApp тиркемесине ээлик кылат.

Орусиянын Тергөө комитети Facebook жана Instagram социалдык түйүндөрүнө ээлик кылган америкалык Meta компаниясына каршы кылмыш ишин ачты. Мындай маалымат 11-мартта комитеттин расмий сайтына жарыяланды.

Анда иш "экстремисттик аракеттерди жүзөгө ашырууга ачык чакырык" жана "террорчул аракеттерге кол кабыш кылуу" беренелери менен тергелип жатканы айтылган.

Ал арада Орусиянын Башкы прокуратурасы Meta компаниясын "экстремисттик уюм" деп таануу өтүнүчү менен сотко кайрылды. Маалыматка ылайык, прокуратура Instagram социалдык түйүнүн Орусиянын аймагында жабууну да соттон өтүнгөн.

Мындай чаралар Meta компаниясы орусиялыктарга жана орус аскерлерине каршы зомбулукка үндөгөн билдирүүлөрдү Украина, Орусия, Польша сыяктуу бир нече өлкөдө өчүрбөй турганы кабарлангандан кийин кабыл алынууда. Компаниянын басма сөз катчысы "Орусиялык баскынчыларга өлүм" деген сыяктуу билдирүүлөр өчүрүлбөй турганын, бирок Орусиядагы жайкын тургундарга каршы зомбулукка чакырган маалыматтарга чектөө коюларын билдирген.

Орусияда Facebook социалдык тармагына 4-мартта бөгөт коюлган. Орус бийлиги бул түйүндү Орусиянын мамлекеттик жана өкмөтчүл маалымат каражаттарын чектеди деп айыптаган. Азырынча Meta компаниясына таандык, кыска билдирүүлөрдү алмашууга мүмкүнчүлүк берген WhatsApp тиркемесин бөгөттөө тууралуу эч кандай талап айтыла элек.

Москва Украинага кол салгандан бери согуш тууралуу бейтарап маалымат тараткан бир катар көз карандысыз маалымат каражаттарынын, анын ичинде "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун бир нече кызматынын сайттарын жапкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG