Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:38

Орусия Facebook социалдык түйүнүн жапты


Орусиянын Роскомнадзор мамлекеттик мекемеси Facebook социалдык түйүнү бөгөттөлгөнүн расмий кабарлады. Аталган тармакка орусиялык жарандар 4-марттын таңынан баштап кире албай жатышкан, бирок анын жабылганы расмий маалымдала элек болчу.

Facebook социалдык түйүнүнө ээлик кылган Meta компаниясы азырынча муну комментарийлек элек.

Көзөмөл органдын маалыматына ылайык, сайтты бөгөттөөгө Facebook компаниясынын Орусияга таандык 26 жалпыга маалымдоо каражаттарынын баракчаларын жапканы себеп болгон.

Мурдараак Facebook түйүнү Коргоо министрлигине таандык "Звезда" телеканалынын, “РИА Новости” агенттигинин, Sputnik сайтынын, RT каналынын жана "Лента.ру", "Газета.ру" сайттарынын аккаунттарына чектөө салган. Буга байланыштуу 25-февралдан тартып түйүндөр жакшы ачылбай жаткан.

Орусияда мындан башка Twitter социалдык түйүнү, “Медуза”, BBC, “Радио Свобода” жана "Немис толкуну" (DW) жалпыга маалымдоо каражаттарынын сайттары да ачылбай жатат. Алар дагы бөгөттөлгөнү айтылганы менен расмий ырастала элек.

Роскомнадзор ага чейин Орусиянын Украинага кол салуусун согуш деп атабоону талап кылган. Буга байланыштуу бир нече сайттар бөгөттөлгөн. Жергиликтүүлөрдөн “Дождь” телеканалынын, “Эхо Москвы” радиосунун, чет элдиктерден The Village сайты жабылган.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген. Тогуз күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катаал чабуулдар Киевге жана Харьковго жасалды. Жүздөгөн киши каза болду. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG