Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Башкы прокуратура жанын кыйган мугалим тууралуу билдирүү жасады


Башкы прокуратура Кочкор районунда жанын кыйган мугалим суракта басымга кабылган деген маалыматты четке какты.

Маалыматка ылайык, Кочкор райондук билим берүү бөлүмүндө коррупцияга каршы, билим берүү жана башка мыйзамдардын аткарылышына пландуу текшерүү башталган. Анын жүрүшүндө, мугалимдердин жогорку билими тууралуу дипломдору да кошо каралып, шек жараткан Ак-Чий орто мектебинин эки мугалиминин дипломдорунун аныктыгын тактоо үчүн жогорку окуу жайларга кат жиберилген.

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети Ак-Чий орто мектебинин башталгыч классынын Ч.Г. аттуу мугалимине “Окутуучу" квалификация ыйгарылгандыгы тууралуу диплом берилбегенин билдирген.

4-мартта мугалим райондук прокуратурага чакыртылган. Тергөөчү диплому тууралуу түшүндүрмө берүүнү сурагада, университетке өзү барып тактап, 9-мартта келем деп суранып кеткен. Прокуратуранын маалыматында мугалим ошол бойдон кайра келген эмес деп айтылат.

Кочкор районунда диплому жасалма деп шектелип, суракка чакыртылган мугалим өз жанын кыйганы белгилүү болду. Мугалимдин өлүмү боюнча Нарын облустук ички иштер башкармалыгы иликтей баштады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 23-январда өткөргөн басма сөз жыйынында өлкөдөгү бардык мамлекеттик кызматкерлердин жогорку билими тууралуу дипломдору алдыдагы үч айда толук текшерилерин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG