Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:31

Украина орус күчтөрү Мелитополдун мэрин уурдап кеткенин билдирди


Мелитопол шаарынын мэри Иван Федоров.
Мелитопол шаарынын мэри Иван Федоров.

Украина орус күчтөрүн "Мелитопол шаарынын мэри Иван Федоровду уурдап кетти" деп күнөөлөдү. Мындай билдирүүнү Украинанын Тышкы иштер министрлиги 11-мартта жарыялады.

"Мелитополдун мэринин уурдалышы Женева конвенциясы жана Кошумча протокол боюнча согуш кылмышы деп мүнөздөлөт. Бул документтер согушта жайкын тургундарды туткунга алууга тыюу салат", - деп айтылат билдирүүдө.

Украин тарап орус күчтөрү Федеровду эч негизсиз террорчулукка айыптагандан көп өтпөй уурдап кетишкенин белгилеп жатат. Азырынча Орусиянын бийлиги бул маалымат боюнча комментарий бере элек.

Орус күчтөрү Украинага 24-февралда басып кирген. Украинанын түштүк-чыгышындагы Мелитопол шаары Орусиянын армиясынын көзөмөлүнө өткөн.

Жарым айга чукулдаган бул согуштан жүздөгөн аскерлер жана жайкын тургундар каза тапты. Согушту токтотууну көздөгөн тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыга элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG