Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:38

Суракта жүргөн мугалим өз жанын кыйды


Кочкор району
Кочкор району

Нарында мектеп мугалими өз өмүрүнө кол салып, асынып алган окуя катталды. Маркум мугалимдин дипломуна байланыштуу райондук прокуратура иликтөө жүргүзүп жаткан.

Нарын облустук милициясынын басма сөз катчысы Кундуз Эсенгулова мектеп мугалиминин өлүмүн милиция териштирип жатканын ырастады.

Кундуз Эсенгулова
Кундуз Эсенгулова

“Милицияга Ак-Чий айылынын 54 жаштагы тургуну үйүнүн сарайында муунуп каза болгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу барып, маркумдун денесине сыртынан кароо жүргүздү. Натыйжада ага күч колдонулганы тууралуу белгилер байкалган жок”.

"Беш күн мурда өз арызы менен жумуштан кеткен"

54 жаштагы мугалим Ак-Чий айылындагы мектепте 2010-жылдан тарта башталгыч класстын мугалими болуп иштеп жүргөн. Мектептин директору Зина Абдраева ал беш күн мурда өз арызы менен жумуштан бошоп кеткенин, буга чейин райондук прокуратурада суракта жүргөнүн билдирди.

"Мындан бир ай мурда мектептеги бардык мугалимдердин дипломдорун прокуратура текшеребиз деп алып кеткен. Өткөн айдын аягында прокуратуранын кызматкерлери "дипломдору шек жараткан мугалимдерди жиберип коёсузбу" деп мага телефон чалышты. Өз жанын кыйды деп сөз болуп жаткан мугалим суракка барып келди. Андан кийин эле "мени өз каалоом менен жумуштан бошотуп коесузбу" деп арыз жазып келиптир. Себебин сурасам, "менин дипломумдун жасалма экени билинди, кайра-кайра прокуратура чакыртып жатат, көп акча төлөй албайм, коркуп жатам, үй-бүлөм менен кеңешип, ушул чечимге келдик" деп айтты. Макул деп арызын алып калдым. Жаман-жакшы айтышкан жокпуз", - деди Абдраева.

Прокуратуранын текшерүүсү

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 23-январда өткөргөн басма сөз жыйынында өлкөдөгү бардык мамлекеттик кызматкерлердин жогорку билими тууралуу дипломдору алдыдагы үч айда толук текшерилерин билдирген.

Мунун алкагында Нарын облустук прокуратурасы өткөн айдын башында Кочкор райондук билим берүү бөлүмүндө коррупцияга каршы мыйзамдардын аткарылышына байланыштуу текшерүүлөрдү баштаган.

Натыйжада Ак-Чий орто мектебинин эки мугалиминин дипломдору шек жараткан. Документтин аныктыгын тактоо максатында тийиштүү жогорку окуу жайларга кат жиберилип, аларга “мугалим" деген квалификация ыйгарылгандыгы тууралуу диплом берилбегени аныкталган.

Башкы прокуратуранын имараты.
Башкы прокуратуранын имараты.

"4-мартта сөз болуп жаткан мугалим райондук прокуратурага чакырылган. Сурак учурунда ал кан-басымы көтөрүлүп жатканын, өзү окугам деп айтып жаткан университетке барып такташып келгенден кийин түшүндүрмө берүүсүн суранып, чыгып кеткен. Ошол бойдон ал прокуратурага кайра келген эмес. Анын "жогорку билими тууралуу диплому жасалган" деген факты Кочкор районунун прокуратурасынын Маалыматтарды эсепке алуу журналына катталып, Кочкор раймилициясына жиберилген, учурда тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүүдө", - деди мекеменин басма сөз катчысы Сирожиддин Камолидинов.

Мугалимдин иниси Адилет Ниязбек уулу эжесинин мындай кескин кадамга баруусуна мектеп директорунун мамилеси да себеп болушу мүмкүн деп шекшип турганын айтты.

“Директор маркум эжеме "адистигиң дал келбейт, сен эмнеге алдап жүрөсүң, сени прокуратурага берип, 10 жыл алган айлыгыңды төлөттүрөм" деп коркута берген. Эжемдин жогорку билимин тастыктаган диплому бар. Айылга мектеп жаңы ачылгандан бери иштеп келген".

Мектеп директору Абдраева мындай дооматты четке кагып, аны менен чатакташпаганын жана окуяга эч тиешеси жок экенин айтууда. Абдраева Ак-Чий айылындагы орто мектепке директор болуп ушул окуу жылынын башында келген. Ага чейин Кочкор районунун Арсы айылындагы мектепти жетектеген. Ак-Чийде 100дөн ашык окуучу бар. 20 мугалим балдарга сабак берет.

“Диплому шек жаратып өмүрүнө кол салган мугалим беш күн мурда өз арызы менен бошоп кетиптир. Биздин ага тиешебиз жок. Анткени мугалимдерди директор кызматка алат жана кетирет”, - деди Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турсунбек Бактыгулов.

Маркумдун сөөгү 11-мартта жерге берилди. Анын артында эки кызы калды. Жалгыз уулу былтыр автокырсыктан каза болуп калган. Жолдошу айылда чарбалык жумуштар менен алектенет.

Мугалимге коомдогу мамиле

Бул окуя соңку мезгилде мугалимдерди кодулаган, коомдогу теңсинбеген мамилелер тууралуу талкуулар күчөгөн учурга туш келди.

22-февралда Жогорку Кеңештин сайтында мугалимдерди мазактагандарды жазага тартуу камтылган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Анын негиздемесинде мугалимге окуучулар менен катар алардын ата-энелери жаман сөз айтып, адепсиз мамиле жасап, кордоп тийишкен, мазактаган, атүгүл кол салган окуялар көбөйгөнү жазылган. Мунун баары педагогдун коомдогу өзгөчө укуктук макамынын төмөндөшүнө алып келгени белгиленген.

Эгер мыйзам колдоо тапса, жаза катары 2 же 3 миң сом айыппул салынат. Мындай жорук кайталанса, чоңдорго 5 миң сом айыппул салынат же аларга карата 3-5 күндүк административдик камак чарасы көрүлөт. Ал эми окуучуларга 4 миң сомдук айыппул салынат.

Мунун алдында, 21-январда Чүйдүн Аламүдүн районундагы Лебединовка айылындагы №1 мектеп-гимназиянын тарых мугалими менен окуучунун чыры тартылган видео интернетке тарап, окуяны териштирген этика комиссиясынын чечими менен мугалимге сөгүш жарыяланган. Андан кийин мугалим өз ыктыяры менен кызматтан кеткен.

Бул коомчулукта кызуу талкууну жаратып, көп өтпөй мугалим кайра ишке чыкканын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирген.

“Буга айрым окуучулардын ата-энелеринин суранычы жана министрликтин колдоосу себеп болду” деп айтылган мекеме тараткан билдирүүдө.

Акыркы жылдары интернетте мектепте мугалим менен окуучулар айтышып, шылдыңдаган, бири-бирине кол көтөргөн видеолор көп кездешүүдө. Айрымдары боюнча териштирүү жүрүп, мугалимдер иштен алынган учурлар бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG