Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:33

“Балконскийлер”, тролль фабрикалары... Билим берүүдөгү өксүктөр


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

2009-жылы Кыргызстандын 173 мектебинен туш келди иргөө ыкмасы менен тандалган 4986 окуучу биздин өлкөнүн атынан PISA сынагына – Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюму (Organization for Economic Development and Cooperation – OECD) өткөрүп [1] келаткан Окуучулардын деңгээлин эл аралык мааниде баалоо программасына (Program for International Student Assessment – PISA) катышты.

Ар үч жылда PISA ар кайсы өлкөлөрдүн 15 жаштагы окуучуларынын математика, так илимдер жана окуу боюнча билимдерин турмуштук кырдаалдарда колдонуу чыныгы көндүмдөрү менен жөндөмдөрүн баалап турат.

Кыргыз интеллигенциясы жана билим берүү коомчулугу 2009-жылы андан үч жыл мурункудай эле биздин балдар изилдөөгө катышкан өлкөлөрдүн ичинен эң акыркы орунда калганын унута элек. Ошондо бул жагдай билим берүү чөйрөсүндөгүлөрдү нес кылып, бийликтегилердин көнүмүш сөздөрүн өзгөртүүгө себепчи болгон эле. Бул тутумдагы көптөгөн жаңы иштер да башталып кеткен болчу. Кыргызстан “чамабыз келгенче” деп бул программага катышпай коё турууну чечкен.

Ал сынактын жыйынтыгы чындыгында баарыбызды таң калтырган эле. Кеп 67 өлкөнүн эң артында калганыбызда эле эмес болчу (ырас, дал ушунун өзү кыргыз коомчулугун катуу кыжырданткан). Изилдөө[2] көрсөткөндөй, мисалы, биздин 8-класстагы окуучулар Шанхайдагы тең туштарынан 242 упай арта калышты – бул 6(!) окуу жылына тете эмеспи! Бирок эң жаманы бул деле эмес болчу. Баарынан кейиштүүсү өлкө ичиндеги жагдайга байланышкан:

  • Кыргызстандык 15 жашар окуучулардын 80 % ашуун бөлүгү базалык деңгээлден төмөн (6дан 2) экен. Б.а. биздин бул сынакка катышкан балдардын бештен бири талаптагыдай окуй албайт, окуганын талдай жана пайдалана билбейт экен.
  • Окурмандык сабат жагынан эркек балдар кыздардан 39 упай артта калууда. Бул мектептеги дээрлик бир жылдык окууга тете.
  • Бишкек менен аймактардын орточо упайларынын айырмасы 136ны түздү (3,5 жылдык окуу). Бүткүл дүйнөдө (сейрек учурларды айтпаганда) чоң шаарлардын көрсөткүчтөрү элеттегиден бир аз өйдө болот. Бирок бул айырма бир нече жыл менен саналып калса, болгондо да бирдиктүү милдеттүү билим берүү тутуму бар, мамлекеттик мектептер басымдуулук кылган өлкөдө бул коомдогу катмарлануу өтө кооптуу даражага жеткенинен кабар берет.
  • Өлкө ичиндеги эң мыкты жана эң начар көрсөткүчтөрдүн айырмасы 328 упайды (8 жылдык окууну) түздү. Изилдөөгө негизинен 8-класстардын окуучулары катышканын эске алганда, эң начар окуган балдар нөлүнчү класстын деңгээлинде кала бериптир.

Бул бүтүндөй тутумдун туюкка кептелгенин билдирет. 1991-2005-жылдары академик Аскар Акаев жетектеген өлкөнүн билим берүү саясаты оңунан чыкпай калган экен. Жалпы жарандарга бирдей мүмкүнчүлүктү камсыздоого тийиш болгон социалдык тутумдар жарабай калыптыр. Бүгүнкү күндө биздин коомду жарылуу абалына алып келген акырын иштөөчү миналар дал ошол мезгилде коюлган экен.

PISA-шок

"PISA-шок" термини илимий адабияттарда да кеңири колдонулат. Көпчүлүк өлкөлөр үчүн өздөрүнүн биринчи катышкандагы көрсөткүчтөрү нес кылгыдай начар болуп чыкты. Бул PISA-шок, мисалы, Европанын эң ири экономикасы бар эки өлкөсүндө – изилдөөнүн биринчи айлампасынан кийинки эле жылы Германия менен Францияда эбегейсиз чоң программалардын башталышына түрткү берген. Чындыгында PISA негизги максаты ушул: ким алдыда экен деп дагы бир рейтинг түзүп коюу эле эмес, ар бир өлкөнүн мектеп тутумунун күчтүү жана чабал жактарын аныктап, аларды күчтөндүрүү боюнча чараларды иштеп чыгуу жагынан ошол өлкөлөргө көмөктөшүү болчу.

Албетте, Кыргызстан дагы PISA’га биринчи (2006-ж.) жана, айрыкча, экинчи (2009-ж.) катышуунун натыйжаларынан катуу арданган. Саясий чөйрөлөр, басма сөз, бейөкмөт уюмдар мектептеги билим берүү маселелерин талкуулаганда конкреттүү жүйөлөр менен сандарды колдонуп калышты. Алар кыйла так суроолорду берип, өзгөрүүлөрдү талап кыла баштады. Бирок жергиликтүү таанымал адамдар эмне үчүн PISA’га анча маани бербей эле койсо болот деген ойду далилдөө аракети менен чектелип калышты. Алардын негизги жүйөсү – биздин окуучулар эч качан мындай изилдөөлөргө катышпаган, мурда алар ушундай тесттерди көрбөгөн, ошондуктан даяр эмес эле, Кыргызстандын мектеп программасы башка темалардан турат, баалоо каражаттары да башкача түзүлгөн ж.б.у.с. шылтоолор болду. (Мунун баары эмне үчүн туура эмес экенин төмөндө айтып берем).

Ошентсе да 2006-жылы бул жүйө катуу айтыла берип, ага жооп иретинде 2008-жылы Кыргызстандын билим берүү стандарттарына негизделген Окуучулардын билимдеги жетишкендиктерин улуттук баалоо (ОБЖУБ) тутуму түзүлдү. ОБЖУБ тутуму PISA аныктаган көйгөйлөрдү эле тастыктады: 2008-жылдагы кыргыз окуучуларынын басымдуу көпчүлүгүнүн деңгээли кыргыз улуттук стандарттарына дегеле жетпейт экен. Демек, биздин мектеп тутумубуз көбүнчө стандартта талап кылынгандын жарымын да өздөштүрбөгөн балдарды класстан класска көчүрүп келе берген экен. Чын эле, тегирмен ун чыгарбай эле иштей бериптир.

PISA’да улуттук программалар эске алынбайт деген жүйөгө кайрылалы. Чын эле ушундай, ал ушунусу менен өзгөчөлөнөт. Бирок анын түзүүчүсү азыркы чыгаан агартуучу Андреас Шляйхер айткандай, PISA окуучунун мектепте окуганын айтып берүү жөндөмүн гана текшербейт. PISA боюнча ийгиликке жетиш үчүн балдар билгендери менен эле чектелбей, предметтик сабактардын алкагынан тышкары да ой жүгүртүп, өз билимдерин жаңы кырдаалдарда колдоно алышы, окуунун эффективдүү стратегияларын көрсөтө алышы керек [3].

Шляйхер жашоодо күтүүсүз нерселер көп болот, билимдин чыныгы куну билген нерселериңдин санында эмес, аларды ала билүү, тез өзгөрүп туруучу шарт-жагдайларда колдоно билүү жөндөмүңө жараша аныкталат дейт. Дал ошондуктан PISA’да көнүмүш түз суроолор берилбейт, окуучулардын мектеп программасы боюнча билгендерин колдоно алуусуна басым жасалат.

Ошондой болсо да, 2009-жылдагы PISA’да тири укмуш фантастикалуу, турмушка тиешеси жок, такыр эле түшүнүксүз суроолор болгон эмес. Окуу сабаты боюнча тапшырмадан бир мисал келтирейин:

Сиз тишиңизди кантип тазалайсыз?
Көбүрөөк, кайра-кайра жышып жуусаңыз, тишиңиз тазараак болобу? Британиялык изилдөөчүлөр “болбойт” дешет. Практика жүзүндө тиш тазалоонун көптөгөн жолдорун сынап көрүп, алар акыры ашыкча убараланбай эле эки мүнөттө щетка менен жууп койгон баарынан жакшы деген тыянакка келишти. Эгер щетка менен катуу жышый берсе, тиштин эмалы менен мүлкү жабыркайт да, ал тамактын калдыгынан тазаланбай, саргайган жерлери тазарбай кала берет.
Тиш тазалоо боюнча адис Бенте Хансен тиш щетканы карандаштай эле кармаш керек дейт. “Бир ууртуңуздан баштап, тиштериңизди текши жышыңыз, – деп кеңеш берет ал. – Тилиңизди да тазалаганды унутпаңыз! Анда ооздон жаман жыт чыгаруучу көптөгөн бактериялар болот”.
“Тишиңизди кантип тазалайсыз” – бул Норвегиядагы журналга чыккан макала.
Макаланын текстин пайдаланып, төмөнкү суроолорго жооп бериңиз.
1-суроо: “Эмне үчүн тишти Бенте Хансен айткандай тазалоо керек?
Бактериялар жөнүндө ЖЕ ооздон чыгуучу жаман жыттан арылуу жөнүндө, ЖЕ экөө тең жөнүндө айтылган каалагандай жооп туура деп эсептелет.
2-суроо: Британиялык адистер кандай кеңеш беришет?
  1. A. Тишти мүмкүн болушунча тез-тез жууп туруу керек.
  2. B. Тилиңизди жууганга аракет кылбай эле коюңуз.
  3. С. Тишти өтө эле жышый бербеңиз.
  4. D. Тишке караганда тилди көбүрөөк жууп туруш керек.
Туура жооп – C: Тишти өтө эле жышый бербеңиз.
Биринчи суроо 1b категориясына кирет (эң жешил деңгээл). Катышуучулардын 69,2 % ашуун бөлүгү бул суроонун кыйындык деңгээлинен жогору упай алышкан. Ошол эле учурда Кыргызстандан катышкандардын 30 пайызынан көбү бул деңгээлдеги суроого туура жооп таба алышпаган. 1 a деңгээлдеги экинчи суроо татаалыраак, бирок баары бир 6 упайлык шкала боюнча базалык деңгээлден 2 упайга төмөн. Бул деңгээлдеги суроолорго кыргызстандык окуучулардын 33,4 пайызы гана жооп тапкан. Тийиштүү түрдө 66,6 пайызы билбей калган.
Жогорудагы мисалдан көрүнүп тургандай, жөнөкөй эле тапшырмаларга сегиз жыл окуган 15 жашар өспүрүмдөрдүн кыйласынын тиши өтпөптүр. Бул биздин билим берүү тутумдун абалы кандай оор абалда экенин көрсөтүп турат.

Мунун баары бүгүнкү маселелерге кандай тиешеси бар?

PISA-2009 изилдөөсүнө катышкан муун азыр 27 жашта, ал эми "PISA-2006" катышкандан 30га чыкты. Бул бүгүнкү күндөгү биздин коомдун эң күч-кубаттуу өзөгүн түзгөн муун. Дал ушул муундагылардын көбү турмуш куруп же ажырашып, митингге чыгып, соцтармактарда пикир жазат, шайлоодо добуш берет, балалуу болуп, тарбия ишине эң көп катышат.

"Фейсбуктагы" тролль фабрикаларынын таасири эмне үчүн күчтүү?

Анткени, окурмандык иштиктүү сабаты бар адам фактыны пикирден айырмалап, ар кайсы булактардан алынуучу маалыматтарды салыштырып, негиздүү тыянак чыгара билет. Бул муундун (25-30 жаштагылардын) мындай жөндөмү жакшы өнүкпөй калган – 2006-2009-жылдары жогорку класстарга келип калган балдардын 13 пайызы гана окурмандык сабаттын базалык деңгээлине жеткен. Бир нече булактан алынуучу маалыматты салыштырып көрө албаган, эң жөнөкөй эсеп-чотко сала албаган, бул дүйнөдөгү жашоо (адамзат тарыхы, фотосинтездин кандайча жүрөрү же электр кубаты кантип өндүрүлөрү) жөнүндө билими жетишсиз адам оңой алданып, дүйнөнү ак-кара түс менен гана көрүүгө (“биздики – бөлөк”, “такыба – күнөөгө баткан”, “мекенчил – чет элдик агент” ж.б. деп каршы коюуга) ыктап калат да, ойлонбой эле өкүм чыгара берет. Аны ар кандай секталарга же саясий кыймылга азгырып, бул душман, тигил дос деп ишендирүү оңой.

Дүйнө таанымы чектелген адамдар социалдык обочолонууга көбүрөөк ооп турганы да маселени оорлотот: алар өздөрүнүн көз карашын жактагандар менен гана баарлашууну жактырат. Ошентип, соцтармактарда адамдар бири-биринин сөзүн эле кайталай берген социалдык “көбүктөр” жаралат. Мындай “көбүктөрдө” кескин көз караштар, башкаларга каршы турган мамиле калыптанып, радикализмге чейин жетиши ыктымал.

Адам канчалык билимдүү болсо, ал ошончолук көбүрөөк акча иштеп табат, ошондуктан биз эгер өлкөбүздө билим жакшыраак берилсе кыйла жакшы иштеп тапкыдай, бирок азыр кирешеси өтө аз бойдон кала берген муун жөнүндө сөз кылып жатабыз. Өз жашоосуна нааразы болгондор "буга тигилер күнөөлүү" деп койсо эле, шыкакчылардын кимдер экенин, алардын ниети кандай экенин билбей эле каалаган топко каршы согушууга даяр болот.

“​Чаттын логикасы жок болду”

Биздин жашоодо түркүн жолдор бар. Күн сайын биз соңку 1000 сомду кандай сарптоодон (тойго баруу же балабызга батинке сатып берүү керекпи дегенден) баштап ким менен чогуу жашоо керек дегенге чейинки түркүн-түмөн чечимдерди кабыл алабыз. Биз депутаттарды жана президенттерди шайлайбыз, башкаруу формасын тандап, референдумда добуш беребиз, достор арасында же социалдык тармактарда өз пикирибизди айтабыз. Же шайлоого барбай, жаңылыктарды да окубай эле коюш керек дейбиз – бул дагы бир тандоо.

Демократиялык башкаруу өнүгүүнү эң мыкты жолун эмес, шайлоочулардын көпчүлүгү тандаган жолду аныктап берет. Адольф Гитлер кыйла эле адилеттүү уюштурулган демократиялуу шайлоодо рейхканцлер болуп шайланган эмес беле. Бирок, анын замандашы Уинстон Черчилль айткандай, демократиянын табияты ушундай, адамзат андан жакшы жолду ойлоп таба элек.

Дүйнөлүк банктын маалыматына ылайык, Өлкөбүздө (Кыргызстанда) жашы жеткен калктын 60 пайызы окурмандык жана математикалык сабат жагынан алты упайлык шкала боюнча бир же андан да төмөн деңгээлде турат[4].

Балким, бийлик түзүмүнө көбүнчө чала сабат, тажрыйбасы да жетишсиз кишилер келип жатышынын, позициясы менен ишмердигин толук түшүнбөй эле башка адамдарды жек көрө берген кишилер, шайлоодо талапкерлердин тегине (улутуна, динине ж.б.у.с.) карай же дегеле ишке ашпай турган убадаларга ишенип добуш бергендер көп экендигинин негизги себеби ушулдур. Адамдар окурмандык сабаты жоктугуна байланыштуу туура эмес чечим чыгарышат.

Эмне үчүн “балконскийлерди” жаман көрүшөт?

Анткени 1990-2000-жылдар аралыгында биздин өлкөнүн мыкты мугалимдери Бишкекке топтолуп, аймактарда дээрлик калбаган эле. Ошондуктан PISA-2009 бишкектик окуучулар 8-класстагы айылдык теңтуштарынан 3,5 жыл алдыда экенин далилдеди. 11-класста бул ажырым ого бетер тереңдеп кеткен болушу ыктымал. Мындан тышкары, Бишкектин өзүндө калктын социалдык абалы менен билим сапатынын байланышы да байкалды: байгер турмушта жашаган балдардын билими аз камсыздалган үй-бүлөлөрдөгү балдарга салыштырмалуу жакшы болуп чыкты.

Социалдык багытты тутунган, мектептеги билим берүү стандарты бирдиктүү болгон (балдардын 99 пайызы мамлекеттик жана муниципалдык мектепте окуган) өлкөдө кандайча ушундай болуп калгандыгы түшүнүксүз – буга ошол кездеги бийликте тургандардын кылмыштуу шалаакылыгы себепкер[5].

Бул тутумда жакшыраак билим алган бардар өтө аз экен. Балким, кийинчерээк алар азыр “балконскийлер” деп аталып жүргөн топко кирип калышкандыр? Алардын дүйнөлүк компетенциялар деп аталуучу либералдык баалуулуктарга, адам укуктарына, эркек-аял теңдигине ж.б.у.с. тиешелүү маселелерге кызыгуусун азыркы кезде өлкөбүздөгү көп адамдар “туура эмес” деп эсептешет. Көпчүлүккө таанымал блогерлер өздөрүнүн тасмаларында Бишкектеги жылуу кофеканаларда отуруп, жашоо жөнүндө ой жүгүрткөндөрдү сындап калышат. Өнүккөн дүйнө эли жайлуу жерде, даамдуу азык менен кофе уурттап отурса, мунун эмнеси жаман? Акыл калчоонун эч кандай зыяны жок эмеспи... Бул жагдай биздин коомдогу жыйырма жыл мурун жаралган ажырымдын бир көрүнүшү болуп калды.

Окубаган балдар

PISA-2009 боюнча Кыргызстандагы балдар менен кыздардын жетишүүсүндөгү, айрыкча окурмандык сабат жагынан кыйла чоң айырмачылыкты түшүндүргүдөй жетиштүү маалымат жок эле. Балким, буга 2000-жылдардын башында чегине жетип, ашып кеткен кылмыштуулук таасир эткендир? Ошол кезде балдардын китеп окуганга мүмкүнчүлүгү дээрлик болбой калган. Башка себептери болушу да мүмкүн. Эмнеси болсо да, чыныгы жагдай ушундай: 8 класстагы балдар ар түрдүү булактардан алынуучу маалыматтарды түшүнүү, талдоо жана жалпылоо боюнча кыздардан кыйла артта калган эле.

Окурмандык сабаттын мааниси өтө зор. Кеп башталгыч класс мугалимдери негедир дагы эле өлчөп келаткан окуу тездигинде эмес. Окуу сөз байлыгын арттырат, ал эми адам сөздөр менен ой жүгүртөт. Сөздү канчалык көп билип, жакшы түшүнсө, ой да ошончолук терең болот. Окуу көндүмү башталгыч класстарда, 6-10 жаштарда калыптанат. Ошол мезгилде мектепте жана үйдө бала окугудай китептер жана убакыт болушу өтө зарыл.

Стивен Левит өзүнүн "Фрико ойлонуу" китебинде эки инвестордун АКШда жеке менчик түрмөлөр желесин курууну кантип пландаганы жөнүндө кызыктуу мисал келтирген. Алар 10-20 жылдан кийин өлкөдөгү кылмыштуулук деңгээли кандай болорун болжолдоо ыкмасын издешет. Көрсө, тийиштүү райондогу окуучулардын окуу жөндөмү канчалык төмөн болсо, кылмыштуулук деңгээли бир нече жылдан кийин ошончолук жогору болот экен. Тескерисинче, балдардын окуу жөндөмү жогору болсо, кийин кылмыштуулук да ошого жараша аз болот экен.

2009-жылы PISA’дан эң артта калган биздин балдар – азыр чоң кишилер. Алар үйлөнүп, ажырашып, мамлекеттик кызматтарга көтөрүлүп, Орусияга иштегени кетип жатат. Алар Адахан Мадумаровдун Үoutube-стримдерине жана Назира Айтбекованын инстраграм-постторуна пикир жазышат, көчөлөрдүн кесилишинде жол көргөзгүч таякча кармап турушат. Сөз менен көндүрө албай, кыздарды күчкө салып ала качкандар да ушулар. Убагында мектеп эң зарыл нерсени – окуп, түшүнүүнү – үйрөтпөй калгандыктан, алардын сөз байлыгы өтө жарды.

Соңку сөз ордуна

2009-жылы диагнозу аныкталгандан кийин Кыргызстан эмне кылганы тууралуу биз сөзсүз жазабыз. Керектүү жана туура иштер менен катары жаңылыш, керексиз нерселер да көп эле жасалды. Сөз көп, иш аз болду. Башталган иштердин көбү аягына чыгарылбай кала берди. Мунун баары билим сапатына кандай таасир эткенин 2025-жылы Кыргызстан өзүнүн тарыхында PISAга үчүнчү ирет катышканда билебиз. Бул макалада биз мектептеги билимди сапаты коомго жакынкы эле келечекте кандай таасир тийгизерин көрсөтүүнү көздөдүк.

Бүгүн болсо биз мектептен чындыгында эмнени кааларыбызды, бул үчүн кандай кадамдарды жасаарыбызды аныктап алышыбыз керек. Гарвард университетинин профессору Рональд Хайфитц өзүнүн “Ыңгайлашуучу лидерлик” китебинде ар бир тутум өзү өндүрүп жаткан өнүм үчүн идеалдуу келет деп жазган. Чын эле, сепкенибиз таруу болсо, ороорубуз буудай болбойт эмеспи. Балдар – биздин келечек, биздин коомдун эң башкы дөөлөтү – балдар деп дайыма жар салып келебиз. Бирок күн сайын бул балдарды муздак, окуучуларга тардык кылган, окутуу программасы эскирип, окуу китептери тытылып бүткөн, болор-болбос айлык алып, өтө оор түйшүктү аркалаган мугалимдери чаалыгып калган мектепке жиберебиз. Биздин жар салган ураандар кылган ишибизге туура келбейт.

Билим берүү өлкөнүн жана коомдун келечегин аныктайт. Бийликтегилер шашылыш же маанилүү деп тандаганда, экономика билимдүүлөрдү эмес, билимдүү адамдар күчтүү экономиканы жаратарын аңдап билиши зарыл. Сабаттуу, билимдүү адамдар болбосо, өлкөдө башкарып, багууга эле ылайыктуу калк болот. Ал эми билимдүү КООМдогу ой жүгүртүүгө жөндөмдүү адамдар чыгармачыл даремети менен экономиканы өнүктүрөт, бийликке өзүнүн эң мыкты өкүлдөрүн алып келет.

Маматкалил Разаев жана Шамиль Ибрагимов

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Макаланын түп нускасын орус тилинде бул жерден окуңуз.

Шилтемелер:

[1] Кыргызстан OECD’ге мүчө эмес. PISA бул уюмдун мүчөлөрүнүн да, башка катышууну каалаган өлкөлөрдүн да окуучулары менен өткөрүлөт.

[2] ОБЖУБ. 2011. Жашоо үчүн окуйбуз: окуучулар эмнелерди билишет жана кыла алышат. PISA-2009: 15 жашар окуучулардын иштиктүү сабатын эл аралык деңгээлде изилдөөнүн жыйынтыктары.

[3] Andreas Schleicher. 2019. PISA-2018: Insights and Interpretations. OECD.

[4] World Bank. 2021. Building the Right Skills for Human Capital: Education, Skills, and Productivity in Kyrgyz Republic.

[5] Мында Бишкектеги балдардын баары эле айылдык балдардын баарынан жакшы окубай тургандыгын айта кетүү керек. Эки жакта тең жогору да, төмөн да упай топтогондор болду. Бирок бишкектик балдардын орточо упайы калган аймактардагы окуучулардын көрсөткүчүнөн кыйла өйдө эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG