Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:13

Cotton Campaign Өзбекстандын пахтасына киргизилген бойкот алынганын жарыялады


Өзбекстандагы пахта талаасы.
Өзбекстандагы пахта талаасы.

Cotton Campaign укук коргоо коалициясы Өзбекстанда өндүрүлгөн пахта жана текстиль продукцияларына киргизилген бойкот алынганын жарыялады. Уюм өткөн жылы Өзбекстанда жарандарды мажбурлап пахта тердирүү көрүнүшүн токтотуу батыгында жылыштар болгонун 10-мартта билдирди.

Cotton Campaign соңку чечимин өзүнүн өнөктөшү "Адам укуктары боюнча өзбек форумунун" баяндамасын эске алуу менен кабыл алды. Аталган форум 2021-жылы Өзбекстанда жарандарды пахта талааларында күчтөп иштетүү көрүнүшү катталбаганын өз баяндамасында белгилеген болчу.

"Адам укуктары боюнча өзбек форумунун" директору Умида Ниязова Өзбекстандын пахта талааларындагы укук бузуунун токтотулушуна өлкөдөгү "эр жүрөк укук коргоочулар" салым кошконун айтты.

2006-жылы Cotton Campaign уюму өзбек бийлиги жарандарды жана өспүрүмдөрдү пахта тердирүүгө мажбурлап жатканын айтып, Өзбекстанда өндүрүлгөн пахтага бойкот жарыялаган. Аны дүйнөдөгү 260тан ашуун компаниялар, анын ичинде Adidas, Zara, C&A, Gap Inc., H&M, Levi Strauss & Co., Tesco жана Walmart бул бойкотту колдошкон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG