Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:15

Орусияда долларды накталай рублге алмаштырууга тыюу салынды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Орусиянын Борбордук банкы коммерциялык банктарга накталай рублге чет элдик валюталарды сатууга тыюу салды. Бул тууралуу аталган мекеменин билдирүүсүндө айтылды.

Башкы каржы көзөмөл мекемеси киргизген чектөөлөргө ылайык, Орусиянын жашоочулары башка валюталык эсеп ачып, доллар, евро же башка акча сала алат. Бирок андан кайра акча алса рубл менен гана акча алууга мүмкүнчүлүгү болот. Валютаны рублга чектөөсүз алмаштыра алат.

Мурдагы банктын эсебинен 10 миң долларга чейин гана акчаны чыгара алат. Калган сумма рубл менен гана берилет. Каражатты онлайн түрүндө гана алмаштыруу мүмкүнчүлүгү калтырылат. Мындай чектөөлөр 9-сентябрга чейин күчүндө болот.

Мурдараак АКШ Орусиянын Борбордук банкына, Финансы министрлигине, Улуттук бакубаттуулук фондуна, Түз инвестициялар фондуна санкция салган. Анын натыйжасында Борбордук банк эл аралык резервинде сактаган 640 млрд. доллардай акчасынын 500 млрд. долларын сатыкка чыгара албай калды. Бул рублдин күчү жоголушуна алып келди.

Февралдын башында 1 доллар 75-80 рублдин тегерегинде турса, Орусия Украинага согуш баштагандан кийин ал 100-110 рублге чыкты. 1 евро 85-95 рубл турса, ай соңунда 115-120 айланасында сатылып жатты. Марттын башынан бери баа дагы кыйла өстү. Борбордук банктын түрдүү аракеттерине карабай, айрым банктар онлайн алмаштырууда долларга 150-160 рублге чейин, еврого 200 рублге чейин нарк коюп алышты. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG