Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:35

Депутаттык комиссия Мадумаровду жоопко тартуу сунушун четке какты


Курманкул Зулушев менен Адахан Мадумаров. Коллаж.
Курманкул Зулушев менен Адахан Мадумаров. Коллаж.

Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровдун ишине байланыштуу түзүлгөн комиссия Башкы прокуратуранын аны жоопко тартуу үчүн уруксат берүү сунушун четке какты. Бул тууралуу "Азаттыкка" депутат Исхак Масалиев билдирди. Эми комиссия чечимдин долбоорун Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына алып чыгат.

"Комиссиянын чечимин Жогорку Кеңешке жөнөтүп жатабыз. Ал жактан кандай чечим кабыл алынат алдын ала айткандан корком", - деди Масалиев.

Башкы прокуратура февралда Мадумаровго карата “Чыккынчылык” беренеси менен кылмыш иши козгогону белгилүү болгон. Башкы прокурор Курманкул Зулушев Мадумаровду жоопко тартууга макулдук берүү өтүнүчү менен парламентке кайрылган. Буга байланыштуу депутаттык комиссия түзүлүп, алар маселени бир ай ичинде карап чыкмай болгон.

Кийин Башкы прокуратура кылмыш ишин “Мамлекетке чыккынчылык” беренесинен “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесине өткөрткөн.

Адахан Мадумаров кылмыш ишин саясий куугунтук катары баалап келет.

Ал 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган кезде кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколдон улам 14-январдан тарта Башкы прокуратурада күбө катары бир нече жолу сурак берген.

2009-жылы Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Депутат документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин кайталап келет.

Президент Садыр Жапаров Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду “чыккынчылык” деп атаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG