Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:37

Нарын дарыясына агып кеткен тогуз жаштагы бала изделүүдө


Нарын районунда сууга агып кеткен 9 жаштагы баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2013-жылы туулган Темирлан Түмөнбаев 7-мартта Орто-Нура айылынын "Кабак" аймагынан Нарын дарыясынын жээгинде муз тээп жүрүп сууга түшүп кеткен. Чогуу ойноп жаткан классташтары аны куткара албай калган.

Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактагы куткаруучулары, райондук милиция, жергиликтүү тургундар менен чогуу үч топко бөлүнүп, издөө иштерин улантууда. (MiK)

XS
SM
MD
LG