Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:12

Бишкектеги ири соода борборлорунда ККМ аппараттары текшерилүүдө


Бүгүн, 9-мартта Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев баш болгон топ Бишкектеги "Айчүрөк", "Чынар" өңдүү бир катар ири соода борборлорунда соода кылгандар көзөмөл-кассалык аппараттарын (ККМ) кантип колдонуп жатканын текшеришти.

Натыйжада, текшерүүгө катышкан Арзыбек Кожошев соода түйүндөрдү басымдуу бөлүгү салык мыйзамын аткарбай, ККМ аппараттарын туура эмес колдонуп же колдонбой жатканын айтты.

"Бүгүн биз алдын ала эскертилбеген рейд жүргүздүк. Борбордун чок ортосундагы ЦУМ соода үйүндөгү көпчүлүк соодагерлерде ККМ жок экен. Айрыкча жер төлөдөгү соода түйүндөрүндө дээрлик жокко эсе. Албетте буга биринчи кезекте биздин салык кызматкерлери күнөөлүү, алар түшүндүрүү иштерин жетиштүү жүргүзбөй жатат", - деди Кожошев.

Президент Садыр Жапаров 18-январда жаңы Салык кодексине кол койгон. Документте көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу максатында ишкердик субъектилеринде жапырт көзөмөл-кассалык аппараттарды киргизүү жобосу камтылган.

Буга чейин “Дордой”, “Дордой Моторс” жана “Таатан” өңдүү чоң базарлардагы соодагерлер кассалык аппараттарды киргизүүгө каршы акцияга чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG