Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:59

Кыргызстан хоккей боюнча IV дивизиондогу дүйнө чемпионатын жеңди


Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы IV дивизиондогу дүйнө чемпионатында жеңүүчү болду. 8-март, 2022-жыл. Бишкек. Сүрөт президенттик администрациянын маалымат кызматына таандык.
Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы IV дивизиондогу дүйнө чемпионатында жеңүүчү болду. 8-март, 2022-жыл. Бишкек. Сүрөт президенттик администрациянын маалымат кызматына таандык.

Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы IV дивизиондогу дүйнө чемпионатында жеңүүчү болду. Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына караганда, 8-мартта борбор калаадагы "Бишкек-Арена" спорт комплексинде мелдештин акыркы турунда Кыргызстан Кувейт командасын 14:0 эсебинде жеңип, аталган дивизиондун чемпиону болду. Буга чейин кыргыз хоккейчилери Иранды 13:1, Малайзияны 22:1 жана Сингапурду 15:0 эсебинде жеңген.

Чемпионаттын жыйынтыгы менен Кыргызстан хоккей боюнча III дивизиондогу дүйнө чемпионатына жолдомо алды. 2-орунду Иран, 3-орунду Сингапур командасы ээледи. Спортчуларга сыйлык тапшыруу аземинен кийин президент Садыр Жапаров Кыргызстандын хоккейчилери менен жолугуп, аларды жеңиши менен куттуктады.

Чемпионат 3-мартта Бишкектеги шаардык муз майданда башталган. Ага беш команда: Кувейт, Малайзия, Сингапур, Иран жана Кыргызстандын командалары катышты.

IV дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионаты Эл аралык хоккей федерациясы (IIHF) тарабынан 2020-жылы негизделген. Уюшулгандан кийин эки жыл бою коронавирус пандемиясына байланыштуу өтпөй калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG