Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:51

Хоккей: Кыргызстан чемпион болду

Хоккей боюнча Кыргызстандын курама командасы дүйнө чемпионатынын 4-дивизионунун алтын байгесин утту. 8-мартта Кыргызстандын курамасы Кувейттен келген хоккейчилерди 14:0 менен утуп, жалпы жыйынтыкта биринчи орунга чыкты.

Буга чейин кыргызстандыктар Иранды 13:1ге, Майлайзияны 22:1ге, Сингапурду 15:0 менен уткан. Төрт оюндун жыйынтыгы менен Кыргызстан 12 упай топтоп, биринчи орунду, Иран тогуз упай менен экинчи орун, Сингапур алты упай менен үчүнчү орунду камсыздашты.

Эми кийинки жылы кыргызстандык хоккейчилер бир тепкич жогорку - үчүнчү дивизиондо башка командалар менен ойнойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG