Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:20

“Жаңы базарларды ачуу керек”. Кыргыз ишкерлеринин каатчылыкка камы


Бишкектеги кафелердин бири. 2020-жыл.
Бишкектеги кафелердин бири. 2020-жыл.

Кыргызстанга кезектеги каатчылык келди десек анча коошпой калат, анткени бул мамлекетте болуп келген көрүнүш. Бирок Орусиянын Украинага бастырып киришинин кесепети өтө оор болчудай. Ишкер чөйрө жагдайдын ого бетер начарлашына даярданып, ошол эле учурда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү табууга аракет кылууда.

Бишкекте өткөн экономикалык форумда ишкерлер кырдаалдын тез өзгөрүшүн кантип так аныктоого болорун түшүнүүгө аракеттеништи. Баары бир ооздон бул өтө олуттуу каатчылык экенин айтышууда.

Данияр Аманалиев.
Данияр Аманалиев.

“Мен ишкерликке 2004-жылы кириштим, ошондон бери каатчылыгы жок бир да жыл болгон жок. Бирок азыр чындап оор кризиске кептелдик окшойт. “Эхо Москва” радиосунун азыр иштебей калган баш редактору Алексей Венедиктов айткандай, тарых боюнча окуу китепте жашоо – адам баласы үчүн эң жаман тагдыр. Биз азыр тарых окуу китебинде жашап жатабыз, анын кийинки бетинде эмнелер болорун да билбейбиз”, - деди OloloHouse холдингинин негиздөөчүсү Данияр Аманалиев ишкерлердин камтамасын элестүү сүрөттөп.

Балким, бул каатчылык мурдагыдан кыйла катуу болот деген божомолун айтты ЖИА ишкерлер ассоциациясынын төрагасы Жоодар Омошев.

Биз бир эле убакта каржылык, азык-түлүк жана логистикалык кризистерге кабылып жатабыз дейт ал:

Жоодар Омошев.
Жоодар Омошев.

"Баары эле бул биздин экономикага кандай таасир этет деп ойлонуп жатат. Келерки жылы эмне болот деген суроонун жообу ар бирибизге көз каранды. Экономика дүйнөсүндө эми жаңыча көз караш, ар тараптуу шериктештик жана ишкерлик каражаттарына карата башкача мамиле талап кылынат. Дүйнөлүк экономикага азыраак аралашкан болсок да, Кыргызстанга ЕАЭБдеги биздин экономикалык өнөктөштөрдүн каржы, соода жана валюталык алакаларынын кескин начарлашынын таасири тийүүдө, дагы да тие бермекчи".

Орусияга каршы санкциялар мигранттар которгон акчага көз каранды Кыргызстандын экономикасына сокку болот.

Өлкөнүн экспортуна салыштырмалуу мигранттардан көбүрөөк акча келип турду эле. Каатчылык катуу болот, биз буга даяр турушубуз керек деп кыраакы болууга чакырды экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров:

Элдар Абакиров.
Элдар Абакиров.

"Биз реалист болушубуз керек. Кыргызстан бир калыптагы каатчылыкты баштан өткөрүп келет. 2008-2009-жылдардагы каатчылыкта мигранттар которгон акча 400 млн. долларга кыскарган. 2014-жылдагы Крым кризиси деп аталган каатчылык тушунда бул көрсөткүч 500 млн. долларды түзгөн. COVID-19 пандемиясынын убагында 600-700 млн. долларга чаап барган. Азыркы кризисте, менимче, 1 млрд. доллардан ашып кетет. Кыргызстандын экономикасы абдан жөнөкөй. Былтыр биздин мигранттар 2,7 млрд. доллар жиберди, экспорт 400 млн. долларды түздү (бул алтын). Алтын боюнча эч кандай суроо жок, анткени ал дайыма сатыла берет. Бирок Орусияга экспорт болобу? Быйыл экономикабыздын кирешеси 1-1,5 млрд. долларга аз болот. Бул кенемтени биз эмненин эсебинен толуктайбыз?".

Акча которуу көлөмүнүн кескин төмөндөп кетиши банк секторуна да сокку болот деп кейиди “Бай Түшүм” банкынын башкармасынын төрагасы Максат Ишенбаев. Салымчылардын бир бөлүгү насыяларын Орусиядагы туугандарынын жардамы менен жаап турушат деди ал:

Максат Ишенбаев.
Максат Ишенбаев.

"Биз эмитен эле кыйнала баштадык. Банктардын насыя портфелинин сапаты начарлайт деп ойлойм. Биринчиден, ишкерлер орусиялык бизнеске катуу байланган. Экинчиден, биз акча которууларга көз карандыбыз. Которуулар азыртан эле 30% азайып кетти. Бул көрсөткүч 50% тегерегинде болот деп божомолдоп жатабыз. Көптөгөн адамдар карызын, ипотекалык жана керектөө насыяларын ушул которуулардын эсебинен тейлеп келген. ЭВФ менен Дүйнөлүк банк акча которууларга көз каранды болбош керек деп далай ирет айткан эле. Экономиканы диверсификациялоо (түркүн тармактарын өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү) керек, которууларга үмүт арта берген жарабайт деп баары эле айтып жүрүшчү. Азыркы кырдаал бул эскертүүлөрдүн жөндүү болгонун тастыктап жатат. Түзүмдүк реформалар үчүн ыңгайлуу бейпил мезгилди адаттагыдай эле текке кетирдик".


Банктар бул өзгөрүүлөргө дароо жооп кайтарды. Керектөө насыяларынын жана ипотеканын коюму 5-6% өсүп кетти. Орусиянын Борбордук банкы Батыш санкцияларды катары менен салып жаткан учурда каржы жана баа туруктуулугун сактоого далалат кылып, өзүнүн түйүндүү коюмун 9,5% рекорддук 20% жеткире көтөрүп салды. Орусиянын жөнгө салгыч мекемесин ээрчий Кыргызстандын Улуттук банкы өз коюмун 8,5 проценттен 14% жогорулатты да, бул өлкөдөгү баалардын өзгөрүүсү көп жагынан Орусия менен болгон соодага көз каранды деп түшүндүрдү.

Калктын кардарлык жөндөмү төмөндөгөнү менен катар баалуу кагаздар базарынын начарлашы да күтүлөт деп божомолдойт “Сенти” брокер компаниясынын жетекчиси Мээрим Аскарбекова.

“Биз азыр сом облигациялардын [коюмун] жогорулатууну сунуштап жатабыз. Насыялар жана депозиттер боюнча коюмдар табигый түрдө көтөрүлдү, биз да буга байланганбыз”, - деп түшүндүрдү финансист.

Келаткан же босогого келип калган каатчылыктын таасири биринчи кезекте курулуш секторунда сезилет, болгондо да бул сектор эң көп жабыр тартат деп эсептейт экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров.

“Курулуш – нан же чай эмес. Тамакты дайыма ичүү керек, ал эми үй сатып алууну коё турса деле болот эмеспи. Ошондуктан 2014-жылдагыдай эле курулушчулар катуу кыйналат”, - деди ал ишенимдүү түрдө.

Каатчылыктын дагы бир айкын көрсөткүчү – доллардын кескин көтөрүлүп кетиши дейт “Альянс” акча алмашуу бюролор ассоциациясынын төрагасы Думан Рыскулов. Бирок азыркы жагдайда бул валюта тартыш болушу мүмкүн деген дүрбөлөңчүл маанайга көбүрөөк байланышкан деп эсептейт:

Думан Рыскулов.
Думан Рыскулов.

"2008-жылдагы дүйнөлүк каатчылыктын тушунда доллардын курсу 20 сомго, б.а. 60ка чейин көтөрүлгөн. 2014-жылы 60тан 75 сомго, 2020-жылы 85 сомго чейин өстү. Бүгүнкү кырдаалды туруктуу десек болот, анткени биздин ой жүгүртүүбүз түзүгүрөөк. Доллар бир нече сомго көтөрүлсө, бул психологиялык фактор менен коштолот. Анын курсу 100 сомдон ашып кеткенде дүрбөлөң маанай басымдуулук кылып, адамдар сактаган акчасынын баарына шашкалактап доллар сатып ала баштады".

Кризисте жол издеген ишкер айымдар
please wait

No media source currently available

0:00 0:32:25 0:00

ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

“Каатчылык жакын арада бүтө калбайт, ал барган сайын күчөйт. Бирок ал жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратат, - деп жакшылыктан үмүттөнөт Novotel мейманканасынын ээси Жоодар Сайдилкан. – Кыргызстандын чакан экономикасы азыркы кырдаалдан пайда көрө алат”.

“Ар кандай эле каатчылык – бул бир нерсенин аяктап, башка бир нерсенин башталышы”, - деп анын пикирин колдоду экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев.

Министрлер кабинети азыркы жагдайда деле карайлап калбай, кризиске каршы чаралардын баарын көрүүдө деп кошумчалады:

Данияр Амангелдиев.
Данияр Амангелдиев.

"Бүгүнкү күндө өкмөт комплекстүү чараларды иштеп чыккан. Биринчи кезекте, республикалык бюджетти кыйла чыгашага учуратса да, социалдык маанидеги товарларга коюлуучу импорт коюмун нөлгө түшүрүү чечими кабыл алынды. Экономикага дем берүү үчүн өндүрүшчүлөрдүн жана айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүүчүлөрдүн ишин каржылагыдай каражат бөлүндү. Тогуз кластерди түзүү мүмкүнчүлүгү каралды. Мамлекеттик мүлктү майнаптуу тескөө максатында, Кумтөр менен иштешүүгө байланышкан катачылыктарды эске алуу менен, “Улуу көчмөндөр мурасы” холдинг компаниясы түзүлдү. Колдо бар дараметти ишке киргизүү үчүн уставдык фонду 1 млрд. сомду түзгөн “Кыргызиндустрия” мамлекеттик корпорациясы түзүлдү. Мындан тышкары биз уставдык фонду дагы эле 1 млрд. сомду түзгөн туризм холдингин түзүн жөнүндө өкмөттүн токтомуна кол койдук, бул туризм инфратүзүмүн жана программа иштеп чыгууну жакшыртууга мүмкүндүк берет. Орусия Федерациясынан учуп келүүлөр чектелгенине байланыштуу биздин туроператорлор үчүн азыр жаңы мүмкүнчүлүктөр жаралууда. Бүгүн, менимче, биздин инфратүзүмдү туристтерди кабыл алууга даярдоо жөнүндө ойлонуп, ишти баштай беришибиз керек", - деди министр.

“Бай түшүм” банкынын башкармалыгынын төрасагы Максат Ишенбаев айткандай, биздин бийликтегилер Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстан менен макулдашууга жетишип, ишкерлер ыңгайлашууга үлгүрүшү үчүн эркин соода базарларын ачууга тийиш.

“Алгачкы алты айда алым албай туруш керек – азыр аман калууну эле ойлойлу. Ошондуктан тез арада базарларды ачып, тоскоолдуктарды жоюу зарыл. Биздин ишкерлерге ого бетер кедергиси тийип жаткан Салык кодекси азыр керек эмес”, - дейт ал ишенимдүү түрдө.

Өкмөт каатчылыкты жеңип өтүү жагынан чоң роль ойнойт деп аны колдоду экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров:

"Жакынкы эки жылда тескөөнү мүмкүн болушунча токтотуп, каалагандай тармактагы уруксат берүүнү толугу менен жеңилдетиш керек деп эсептейм".

Валюта базарындагы кырдаал жалпысынан, туруктуу деп көңүл жубатат “Альянс” акча алмашуу бюролор ассоциациясынын төрагасы Думан Рыскулов. Анын пикиринде бизнес жаңы жагдайларга ыңгайлашып жатат:

"Бизде доллардан арылуу саясаты иштелип чыккан, ал бүгүнкү күндө анча иштебей жатат. Ага ылайык, Кыргызстандагы товар жүгүртүү бүт бойдон жалаң гана улуттук валюта менен ишке ашырылууга тийиш. Доллардан арылуу программасын ишке ашыруу чет өлкө валютасына болгон керектөөнү кыйла азайтмак. Бирок азыр кырдаал туруктуу. Биз кескин силкинүүлөрдү жумшартуу үчүн убагында интервенция жүргүзүп жаткан Улуттук банктын саясатын колдошубуз керек. Азырынча божомол кылууга эртелик кылат деп ойлойм. Анткени геосаясий кырдаал анча жакшы эмес. Менимче, мезгилден артта калбай, кандайдыр бир жаңы кадамдарды жасайбыз да, зарыл иммунитетке ээ болобуз".

Өткөн аптада Министрлер кабинети дүйнөдөгү окуяларга убагында көз салып туруу үчүн Антикризистик комитетти түздү.

Арзыбек Кожошев.
Арзыбек Кожошев.

“Кризис узакка созулушу ыктымал. Бирок дүрбөлөң түшүүнүн кереги жок. Азыркы кезде Министрлер кабинети кризиске каршы чаралар топтомун иштеп чыгууда, бул жакынкы да, узак мөөнөттүү да келечекке карата топтолгон каржы ресурстарын сактап калуу зарылдыгына байланышкан болууга тийиш. Бул калкты жана бизнести колдоо боюнча чаралардын жаңы комплекси болот”, - деп ишендирди Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев.

Экономикалык кризис өтө оор инфляция менен коштолот, болгондо да азык-түлүк баасы кымбаттайт. Улуттук банк эки апта эле мурда жыл жыйынтыгы боюнча инфляция 12% болот деп болжогон, бирок бир нече күндөн кийин жөнгө салуучу бул мекеменин өкүлү Аида Карабаева баалардын иш жүзүндөгү өсүшү мындан да чоң болорун айтты. Канчалык чоң болору азырынча белгисиз, жаңыдан эсеп жүргүзүлө элек.

Министрлер кабинети орчундуу азыктарды камдоо жагынан калктын көңүлүн тынчытууга аракет кылууда. Бийликтегилер антикризистик чаралар экономикалык жигерди басаңдоодон сактайт деп үмүттөнөт. Өз кезегинде бизнес бул каатчылыктан жаралышы мүмкүн болгон жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издеп жатат.

“Биз Борбор Азиядагы каатчылыкка эң жакшы туруштук бере алган улутпуз, бул анык. Биз кыйынчылыктан береке таба билебиз, ыңгайлаша алабыз, бул кризисти да жеңебиз. Биз бул аркылуу өсүп-жетилебиз”, - деди OloloHouse холдингинин негиздөөчүсү Данияр Аманалиев.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG