Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:52

Энергетикалык кризис: Күн, шамалдан энергия алуу жолдору


Учурда Кыргызстанга 6 миллиард киловатт электр энергиясы жетишпей жатат. Бул тууралуу өкмөт башчы Акылбек Жапаров Бишкектеги энергетикалык форумда билдирди. Өкмөт энергетикалык кризистен биротоло чыгуу максатында ири жана чакан ГЭСтерди куруу, күндөн, шамалдан энергия алуу жолдорун издеп жатат. Энергетикалык кризисти кургакчылык жана Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгы да тереңдетти.

10-февралда Бишкекте “Кыргызстандын туруктуу энергокубаттуулуукка өтүүсү: тоскоолдуктар жана чечүү жолдору” аттуу жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров энергетикалык көйгөйдү мындайча сүрөттөдү:

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

“Азыркы кезде экономика толук кыймылдашы үчүн 6 миллиард киловатт саат электр энергиясы жетишпей жатат. Мунун 3 миллиард киловатт сааты биз азыр импорт менен жаап жаткан дефицит. Ал эми дагы 3 миллиард киловатт саат жаңы перспективдүү ишканаларды ишке киргизүү үчүн керек. Ички бизнес, биздин эл аралык өнөктөштөр абдан көп долбоорлорду баштаганга даяр. Биз аларга электр кубатын бере албай жатабыз”.

Учурда Токтогул суу сактагычында 8,7 млрд. куб метр гана суу калды. Акылбек Жапаров суунун аздыгына карабай, өкмөт жарыкты өчүрүү сыяктуу чараларга барбай турганын айтууда. Энергетикалык каатчылыктан биротоло чыгуу үчүн 2-3 жыл керектигин айткан өкмөт башчы Кыргызстан 100дөн ашуун чакан гидро электр станцияларын жана күн менен шамалдан энергия алган станцияларды курууну пландаштырып жатат. Азыркы тапта үч чакан ГЭСтин курулуш иштери башталды. Алар:

«Бала-Саруу» - Талас облусунда, 25 мегаватт;

«Орто Токой» – Нарын облусунда, 21 мегаватт;

«Кара-Көл» - Жалал-Абад облусунда, 18 мегаватт.

Азыр өкмөт кепилдик фондунун базасында өнүктүрүү банкын негиздеп, андагы каражатты чакан гидро электр станцияларын салам дегендерге да төмөн пайызда бергени турат. Акылбек Жапаровдун пикиринде, бул дагы кризистен чыгуунун бир жолу.

“Өкмөткө тиешелүү төрт банк бар. Жакынкы арада алардын уставдык капиталы 100 млн. доллардан кем эмес көрсөткүчкө чыгат. Мисалы, азыр РСК банкынын капиталы 5.4 млрд сом, аны биз экинчи кварталдын соңуна чейин 9 млрд. сомго чейин көтөрөбүз. "Керемет банктын" капиталы 100 млн. доллар. Учурда 6,6 млрд. сом капиталы бар кепилдик фондунун базасында өнүктүрүү банкын негиздеп жатабыз. Анын алгачкы уставдык капиталы 5 млрд. сом болуп, жыл соңуна чейин 100 млн. долларга чыгарылат. Эл аралык финансы институттарды бул жаатта биздин банктарга колдоо көрсөтүүгө чакырып жатабыз. Бул банктар бир гана улуттук банк же өкмөттүн каржысын карап отурбай, Эл аралык финансы рынокторуна чыгуу мүмкүнчүлүгү бар финансылык ресурстар менен да кызматташуусу керек. Топтолгон акчалар биринчи кезекте азык-түлүк коопсуздугун андан кийин энергетикалык коопсуздук маселелерин чечүүгө багытталышы керек. Өнүктүрүү банкынан каражат алам дегендердин эң негизгиси өндүргөн энергиясын сатып ала турган кардары болуп, түзүлгөн келишими колунда болушу керек. Азыр бул маселени жөнгө салып албасак, он жылдан кийин бир топ кыйынчылыктарга дуушар болобуз”.

Жаңы кабыл алынган Салык кодексинде да гидро энергетиканы жандандырууга багытталган ишкерлерди өкмөт 15 жылга салыктардан бошоткон.

2022-жылы Камбар-Ата – 1 ГЭСинин инфратүзүмүн куруу жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга берүү иштери башталарын билдирди.

Азыркы тапта чакан ГЭСтерди куруу боюнча бир катар долбоорлор сунушталып жатканын Инвестициялар боюнча агенттиктин жетекчиси Нурадил Баясов айтты.

Нурадил Баясов
Нурадил Баясов

“Чакан ГЭСтер боюнча 18 долбоор, күн энергиясынан төрт жана шамал энергиясынан алууга деп Шамалды-Сай, Алай жана Балыкчы шаарында станция куруу керек деген демилге менен турабыз. Эл аралык тажрыйбага ылайык, кайра жандандыруу энергиянын булактары боюнча атайы картаны чийип, анда патенциалы зор, энергия алууга мүмкүн болгон Кыргызстандын бир топ жерлерин белгилеп бердик”.

Улуттук форумда Акылбек Жапаров калк үчүн электр энергияга болгон баалар жогорулабайт деп ишендирди.

Энергетика министрлиги тарабынан жаңы редакциядагы "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" мыйзам долбоору демилгеленип, коомдук талкууга коюлду. Ал энергиянын кайра жаралуучу булактарын ишке киргизүүдөгү тоскоолдуктарды четтетүүгө мүмкүндүк берет. Белгилей кетсек, Энергетика министрлиги республиканын аймагында 48 энергиянын кайра жаралуучу объектилерин курууга сертификаттарды берген болчу, алардын 20сы өткөн жылдын ноябрь айында берилген. Алардын электр өндүрүү кубаты 300 мегаватты түзөт.

Кыргызстандын кайра жаралуучу булактары ассоциациясынын жетекчиси Элеонора Казакова буларды билдирди.

“Бүгүнкү Улуттук форумда амбицияга бай бир топ пландар айтылды. Азыр биздин негизги максат – айтылган пландарды ушул жааттагы адистер менен бирге ишке ашыруу. Электр энергиянын тарифтери да чакан ГЭС курам, Кыргызстанга каражат салам деп келген инвесторлор үчүн да ылайыктуу болушу шарт. Маселен, көпчүлүк учурда айтылган пландар кагаз бетинде гана калып кетет, бул чоң тобокелдик. Суу, жер ресурстары да жакшы пайдаланылбаса энергетика тармагындагы башка маселелер каралбай калат. Ошондуктан Министрлер кабинети канчалык деңгээлде иштөөгө даяр экенин түшүнүп алуубуз кажет. Соңку жылдары өкмөттүк мекеме аралык иш солгундап кеткени, алар бири-бири менен байланышы жок болуп калганы жашыруун эмес. Мындан улам иш аксап, бир топ тоскоолдуктар жаралып келген”.

Кыргызстанда быйыл кар аз жаап, кыш жылуу болду. Былтыр Токтогул суу сактагычына суу аз чогулгандыктан өлкө энергетикалык кризисти баштан кечирүүдө.

Борбор Азиядагы суу пайдалануу жана суу-энергетикалык ресурстары маселелерин изилдөө боюнча коомдук институттун жетекчиси Эрнест Карыбековдун баамында, Кыргызстандын Союз кезинде жакшы иштеп келаткан энергетика тармагы чачылып, жакшы башкарылбай, стратегиясы жок иштеп калды.

"Токтогул суу сактагычы өзүнүн көп жылдык жөнгө салуу регламенти бар суу сактагыч. Анын регламенти сакталбай, буга чейин 2007-2008-жылдары, кийин 2011-2014-жылдары суунун көлөмүн түшүрүп жиберишкен. Азыр үчүнчү жолу ушул окуя кайталанып жатат. Сууну толтуруу үчүн анын регламентин так сактоо керек. Бул жайында толуп, кышында түгөнгөндөй Тажикстандагы Нурек ГЭСи эмес. Жыл кургакчыл болобу, нымдуу болобу – суунун көлөмү жумушчу көлөмдө сакталып турушу абзел. Ошол талапты сактабай, кубаттуулуктун баарын ар жакка таратып берип коюшкан. Майнинг фермалары көп ачылып, көмүскө иштешет. Бишкек, Ош шаарларындагы жаңы курулган имараттарды жылуулук борборлоруна туташтырбай, электр энергиясы менен жылытат. Башаламан болгондуктан кризиске учурап жатабыз. Экинчиден, эгемен жылдардан бери кубаттуулук курулган эмес".

Экологдор мөңгүлөрдүн бат эрип баратканын айтып коңгуроо какса, дыйкандар алдыдагы сугат мезгилине кабатыр.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG