Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:59

"Кытай Кыргызстандагы бизнестин абалына тынчсызданат"


Изилдөөчү Нива Яу.
Изилдөөчү Нива Яу.

Кытайды Кыргызстандагы ишкерчилик чөйрөнүн абалы жана саясий туруксуздук тынчсыздандырат. Мындай пикирин кыргыз-кытай алакасына көз салып келе жаткан илимпоз, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги академиясынын улук изилдөөчүсү Нива Яу “Азаттыкка” маегинде билдирди.

Ал эки өлкөнүн ортосундагы ири долбоорлордун ишке ашпай жатышын да ушул жагдай менен байланыштырды жана Бээжин Кыргызстандын коопсуздук тармагына эмне үчүн каражат салып жатканын түшүндүрдү.

- Нива, Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүнүн лидерлери Бээжинде Кытай президенти Си Цзинпин менен жолугуп келишти. Бул сүйлөшүүлөрдөн көзгө көрүнөрлүк кандай жыйынтык чыкты?

- Учурда көпчүлүктүн көңүлү Бээжиндеги Олимпиадага жана Шинжаңдагы укук бузууларга бурулуп турат. Борбор Азиянын бардык лидерлеринин Бээжинге келиши Кытай чөлкөмдүн колдоосуна ээ экенин көрсөттү. Бул негизги жыйынтыктардын бири.

Башка эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн баары абдан дипломатиялык маанайда өттү. Аларда ар түрдүү сөздөр колдонулду.

Кыргыз президенти Садыр Жапаров менен кытай президенти Си Цзиньпиндин Бээжиндеги кездешүүсү.
Кыргыз президенти Садыр Жапаров менен кытай президенти Си Цзиньпиндин Бээжиндеги кездешүүсү.

Борбор Азия лидерлери менен жолугушуулардын ичинен казак президенти менен сүйлөшүүнүн мазмуну таң калыштуу болду. Себеби, Кытай Казакстанда болгон окуяларга түздөн-түз пикирин билдирди.

“Кытай Казакстандын эгемендиги менен өз алдынчалыгын колдойт” деген сөздөр колдонулду. Буга чейин биз мындай түз билдирүүлөрдү анчейин байкаган эмеспиз.

Орусиянын Казакстанга аскерлерин жөнөтүшү менен коштолгон окуянын фонунда Кытай “Казакстан өз суверендүүлүгү менен коопсуздугун өзү сактайт алат” деп билдирди.

- Борбор Азиянын лидерлери Кытайдын президенти менен регионалдык, экономикалык долбоорлорду да талкуулашты. Кыргыз тарап энергетика тармагында кызматташтыкты активдештирүүнү жана 1 миллиард доллардык кыргыз-кытай инвестициялык фондун түзүүнү сунуштады. Кытай тарап бул сунуштарга дилгирлигин билдиргенин байкай алдыңызбы?

- Биз муну “өнөр-жай кубаттуулугун которуу” деп атап коебуз. Ал эмнени билдирет? Кытай керектүү технологияларды бул долбоорлорду ишке ашыра турган өлкөгө жөнөтөт.

Казакстан мындай ишти 2010-жылдары эле баштаган. Казакстандагы 55 долбоор “өнөр-жай кубаттуулугун которуу” программасынын бир бөлүгү.

Кыргызстан 2015-жылы Атамбаевдин тушунда ушундай өтүнүч келтирген. Кыргыз тарап Кытайга долбоорлорду каржылоону жана технологияларын Кыргызстанга жөнөтүүнү суранган. Бирок бул максат ишке ашып кеткен жок.

Бул ирет Жапаров да 1 миллиард долларлык фонд түзүүнү, энергетикалык кызматташтыкты күчөтүүнү сунуштады.

Менимче, сунушталып жаткан долбоорлордун көбү кайра калыбына келүүчү энергия булактарына байланыштуу болушу мүмкүн. Себеби соңку бир жарым жылдын ичинде кыргыз тарап менен Кытайдын кайра калыбына келчү энергия тармагынын ортосунда көп сүйлөшүүлөр болуп жатканын байкадык. Кеп суу энергиясын, күн энергиясын колдонуу жөнүндө болуп жатат.

Кыргызстандын Кытайга электр энергиясын экспорттоо аракети эки өлкөнүн чек арасына жакын аймактардагы дарыяларда гидроэлектр станцияларын куруу планынан келип чыгып жатышы мүмкүн.

Бирок бул долбоорлор ишке ашабы, же ашпайбы? Бул чоң маселе. Азырынча бул Кыргызстандын бир тараптуу каалоосу.

Кытай тарап өз позициясын расмий билдирүүлөрүндө так айтты. Ал билдирүүлөрдө “Кытай инвестициялар тууралуу сүйлөшүүлөрдү колдойт”, ошол эле учурда “Кытай Кыргызстандын коопсуздук жана бизнес тармагындагы абалды жакшыртуу аракеттерин кубаттайт” деп жазылган. Бул маселелер Кытайды кабатырлантат. Мындан улам Бээжин долбоорлорго толук киришүүдөн карманып турат.

Кытай менен Борбор Азия лидерлеринин виртуалдуу жыйыны. 25-январь, 2022-жыл.
Кытай менен Борбор Азия лидерлеринин виртуалдуу жыйыны. 25-январь, 2022-жыл.

- Эки тарап тең Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу куруу маанилүү экенин баса белгилешти. Бирок сиз “кыргыз тарап бул долбоорго байланыштуу Кытайдын убадасын ала албады” деп "Твиттерге" жаздыңыз. Эмне себептен узак жылдан бери бул долбоор алдыга жылбай жатат?

- Бул долбоор тууралуу дээрлик 20 жылдан бери сөз болуп келе жатат. Өткөн жылы Өзбекстан Кыргызстандын ичиндеги курулуш иштерине көмөктөшүү үчүн каржылык жардам көрсөтө аларын билдирген. Чек аранын эки тарабында тең - Өзбекстанда да, Кытайда да – поезддер жана темир жолдор дээрлик даяр болуп калды. Кыргызстандын аймагында гана инфраструктура жок.

Жапаровдун Бээжинге сапарынын алдында Кытай тарапка конкреттүү сунуштарды берүү үчүн бир топ иштер жасалган. Андыктан мен Кытай бул сунуштарды эске алат жана кандайдыр бир документтерге кол коюлат деп күтүп жаткам. Бирок бул багытта бир дагы документке кол коюлган жок.

Менимче, Кыргызстандагы саясий туруксуздук негизги себептердин бири. Кеп акча жөнүндө эле эмес, “Саясий жетекчилик мындай ири инфраструктуралык долбоорго жагымдуу шарт түзүп бере алабы?” деген суроодо.

“Кытайлык инженерлердин жана жумушчулардын коопсуздугу сакталабы? Темир жолдон түшкөн киреше коомго кандай салым кошот? Бул долбоор дагы бир саясий туруксуздукка жол ачпайбы?” деген суроолор бар.

Кытайдын расмий маалыматынан Бээжин Кыргызстандагы бизнес чөйрөнүн абалына тынчсызданып жатканы көрүнүп турат. Азырынча бул чөйрө коопсуз эмес.

- Ошол эле учурда Кытай Кыргызстандын коопсуздук тармагына 50 миллион юандай жардам көрсөтүүнү убада кылды. Эки өлкөнүн ортосунда коопсуздук тармагында кандай кызматташтык болушу мүмкүн?

- 50 миллион юань дээрлик 8 миллион АКШ долларына чукулдайт. Бул коопсуздук тармагына салына турган кыйла чоң акча.

Буга чейин айтканымдай, Кытайды Кыргызстандагы ишкерлик чөйрө жана туруктуулук ойлондурат. Алар коопсуздук тармагына түз акча берип жатса, демек, алар өлкөдөгү ички коопсуздукка байланыштуу кырдаалды күчтөндүрүүнү көздөшөт. Туруктуу, коопсуз шартты түзүү үчүн кыргыз өкмөтүнө, милицияга жана армияга каражат берилип жатат.

Соңку 20 жыл ичинде ушул сыяктуу көп аракеттер болгон. Бээжин Кыргызстан менен Кытайдын чегиндеги чек арачыларга жардам берген. Ал каражат чек арачылардын формаларына, жабдыктарына, керек болсо аларга үй салып берүүгө жумшалган.

Андыктан бул каражатты көп багытта колдонсо болот. Эң башкысы бул акча кыргыз өкмөтүнүн башкаруусун күчтөндүрүүгө багытталып жатат.

- Мындай кызматташтыктын дагы бир максаты Кытайдын Кыргызстандагы инвестициясын коргоо болушу мүмкүнбү?

- Албетте, бул айдан ачык. Алар америкалыктарды же европалыктарды коргоо үчүн бул жакта жүргөн жок. Албетте, бул кытайлыктарга багытталган. Бул анык. Мурдатан бери эле ушундай болуп келген.

Кытайдын жетекчилери Олимпиаданын ачылышында. 4-февраль, 2022-жыл.
Кытайдын жетекчилери Олимпиаданын ачылышында. 4-февраль, 2022-жыл.

- Кыргызстан пандемияга байланыштуу чектөө киргизилген “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрмө бекеттеринин кубаттуулугун арттырууга үндөп келет. Кытай бул өткөрмө бекеттерин толук ачууга качан даяр болот? Товар жүгүртүү пандемияга чейинки деңгээлге качан чыгат?

- Менимче, кырдаал пандемияга байланыштуу. Кытай COVID-19дун ар бир учуруна каршы катаал чараларды көргөнү жашыруун эмес. Кытайда карантинге байланыштуу катуу талаптар бар.

Жүктү кадимки адамдар ташышы керек. Алар карантинсиз Кыргызстанга же Кытайга өтө алышпайт. Айдоочулар жок жүктү ташуу мүмкүн эмес. Жүктү чек аранын бир жагынан экинчи жагына жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берген жабдыктар жок. Баарыбир документтерди ырастоого кишилер аралашат. Адамдар чек арада иштеши керек болот.

Жакында эле Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны көбөйбөдүбү. Кытай абдан чакан өлкө менен чек араларын ачып, өз аймагында коронавирустун күчөшүн каалабайт.

Кытай үчүн Кыргызстан менен соода абдан аз. Ал эми чек араны ачуунун тобокелчилиги чоң.

- Сиз айтып өткөндөй, Борбор Азиянын лидерлери бири калбай Бээжиндеги Кышкы Олимпиаданын ачылышына катышты. Айрым Батыш мамлекеттери Шинжаңдагы укук бузууларга байланыштуу бул оюндарга бойкот жарыялаган. Соңку жолугушууларда Шинжаң маселеси көтөрүлүп, көтөрүлбөгөнүн байкаган жокпуз. Деги эле Борбор Азия лидерлери Кытай тарап менен сүйлөшүүлөрүндө Шинжаңдагы уйгур, казак жана кыргыздар сыяктуу азчылыктардын маселесин көтөрө алышабы?

- Кээде Борбор Азия өлкөлөрү Шинжаңда болуп жаткан окуялар тууралуу сөз кыла алчу күчтүү мамлекеттер экенин унутуп коюшат. Бул өлкөлөрдүн ал жакта жарандары, бизнестери, кызыкчылыктары бар. Бул миңдеген жылдардан бери чөлкөмдөгү калк чогуу жашаган аймак.

Кытайдын Шинжаңдагы саясаты боюнча Борбор Азиядагы күчтүү мунасанын себебин билүү үчүн соңку 20 жыл ичинде болгон окуяларга көз чаптырышыбыз керек. Бул мөөнөт ичинде Кытай менен экономикалык кызматташтыкты сактоо Борбор Азия лидерлеринин башкы багытына айланды.

Кытай мындай кызматташтыкка жооп иретинде бир гана нерсени сурайт. Бул - Шинжаңдагы саясатты колдоо. Бул өтүнүч ушунчалык күчтүү болгондуктан, казак лидери Кытайдагы казак жарандары тууралуу сөз кыла албайт. Кыргыз лидери да кытайлык кыргыздар тууралуу сурай албайт.

Бул тең салмактуулукка жатпайт. Себеби Кытайдын Бишкектеги элчиси дайыма кыргыз бийлиги кытайлык инвесторлорду, кытайлык жумушчуларды коргошу керектигин айтып келет.

Кытайдагы кыргыз жарандарычы? Эмне үчүн кыргыз бийлиги ошондой эле ишти кыла албайт. Бул тең салмактуулук эмес.

Биз учурда жашап жаткан, суверендүүлүк жана өз алдынчалык корголгон, тең салмактуу дүйнөдө “байке-ини” деген түшүнүк болбошу керек. Ар бир мамлекет тең болушу кажет.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG