Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:15

Кыргызстан Кытайга электр энергиясын экспорттоону сунуштады


Садыр Жапаров жана Си Цзинпин.
Садыр Жапаров жана Си Цзинпин.

Кыргызстан Кытайга электр энергиясын экспорттоо маселесин изилдөө сунушун берди, кытай тарап аны карап көрүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин биргелешкен билдирүүсүндө айтылат.

Анда аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн жаңы темир жолдорун куруу, анын ичинде “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу маанилүү экени жазылган. Тараптар бул долбоорду илгерилетүү үчүн аракеттерди көрүшөт.

Садыр Жапаров Кытайдын лидери Си Цзинпинди ыңгайлуу убакта Кыргызстанга келүүгө чакырды.

Президент 3-6-февраль күндөрү Кытайга жумушчу сапары менен барып келди. Анда расмий Бээжин Кыргызстанга коронавируска каршы 5 млн. доза вакцина, 50 млн. юань кайтарымсыз жардам берери белгилүү болду. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG