Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:59

Сокулукта сабалган бала Бишкектеги ооруканага которулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сокулукта сабалган 1 жаш 8 айлык Егор Бишкектин №3 балдар ооруканасына которулду. Бул тууралуу Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

“Ишембиде дарыгерлер баланын абалын орто оор деп маалымат беришкен. Ал жакта дарыланууга апасы, атасы жана кызыкдар тараптардан тоскоолдук жаралып жаткандыктан, Бишкек шаардык №3 балдар ооруканасына которуу жөнүндө сунуш бергенбиз. Ошол сунуш орундалды. Бул баланын саламаттыгын жана укуктарын коргоодо тоскоолдуктар болуп жатат”.

Азарбековдун айтымында, Акыйкатчы институту баланын сабалышы боюнча иликтөө жүргүзгөн. Наристе буга чейин зомбулукка туш болушу мүмкүн экенин билдирди. Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү болгон эмес.

3-февралда Сокулук райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө наристе колу, буту күйүп, бети-башы, денеси жана жыныс органы көгала так, кесилген абалда түшкөн. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, баланы сабоого шектүү катары 34 жаштагы адам кармалган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG