Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Парламентте УКМКнын ишмердигине тиешелүү долбоорлор талаш жаратты


Жогорку Кеңеш. Архив сүрөт.
Жогорку Кеңеш. Архив сүрөт.

Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында “Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө” жана атайын кызматтын ишине байланыштуу дагы төрт мыйзам долбоору талкууланды. Комитеттин 7-февралдагы жыйынында УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары Рустам Мамасадыков атайын кызмат жөнүндө документ тууралуу кыскача маалымат берди.

“Мыйзам дээрлик 900 жаңы бөлүм менен толукталып жатат. Азыркы мыйзам (УКМКга тиешелүү иштеп жаткан мыйзам-ред.) 1994-жылы кабыл алынган. 2018-жылы аны толуктап, тактап киргизерде сот реформасы, укук коргоо органдарын реформалоо башталып калганда анын баарын бүтүрүп анан кабыл алалы деп жылып калган”, - деди ал.

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров УКМКнын ишмердигине байланыштуу мыйзам долбоорлору Кыргызстанда эски Конституция иштеп жатканда жазылганын, документте бири-бирине карама каршы келген беренелер көп экенин айтты. Ушундан улам документтерди артка кайтарып кайра иштеп чыгуу сунушун берди.

“Адамдын жана жарандын эркиндигин урматтоо деген жерде силерде жашыруун түрдө үнүн жаздырып алуу, сүрөткө тартып алууну прокуратуранын уруксаты жок эле өз алдынча ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алып атасыңар. Бул өтө кооптуу”, - деди Мадумаров.

Жыйынтыгында Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет документтерди биринчи окууда колдоп, УКМКга айтылган сын-пикирлерди эске алуу менен долбоорлорду экинчи окууга өзгөртүп келүү сунушун берди. Ошондой эле мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңештин жыйынына чыгаруу чечимин кабыл алды. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG