Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:56

Эммануэл Макрон Москвада Владимир Путин менен жолугат


Орусия украин чек арасына жакын жерде машыгуу жүргүзүүдө.
Орусия украин чек арасына жакын жерде машыгуу жүргүзүүдө.

Орусия-Украина чек арасынын айланасындагы чыңалууну басаңдатуу багытындагы дипломатиялык аракеттер уланууда. 7-февралда Франциянын президенти Эммануэл Макрон Москвада орус мамлекет башчысы Владимир Путин менен жолукканы жатат. Алдынкы күнү Макрон америкалык лидер Жо Байден менен телефон сүйлөшүүсүндө маалымат алмашып, тараптар кризисти жөнгө салуу аракеттерин координациялоону талкуулашты. Бул тууралуу француз президентинин кеңсеси билдирди.

Ак үйдүн билдирүүсүнө ылайык, лидерлер Украина менен чек арасына аскерлерди топтоону уланткан Орусияны ооздуктоо кадамдарын кеп кылышты. Батыш Москва 100 миңден көп жоокерин жана техниканы украин чегине тартуу менен кошуна өлкөгө басып кирүүнү көздөйт деп чочулайт. Кремл андай планы жоктугун айтканы менен аскерлерин алып кетүү үчүн Батыштан кеңири коопсуздук кепилдиктерин талап кылууда. Асыресе, Украина НАТОго кошулбасы керек деген шарт койгон.

Ал ортодо Германиянын канцлери Олаф Шолц жогорку кызматка келгенден бери алгачкы сапар менен Вашингтонго барууда. Берлин украин кризисинде арачы болууну көздөйт. Буга чейин канцлердин Киевге курал жөнөтүүгө макул болбой койгону катуу сынга кабылган эле.

6-февралда АКШга аттанаардын алдында Шолц Германия Украинага курал-жарак жибербесин, бирок керек болгон учурда Балтика өлкөлөрүнө жоокерлерин жайгаштырууга даяр экенин билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG