Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:52

ЕАЭБдеги буудай тартыштыгы: камылга жана тобокелдик


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстанда Орусиядан буудай келбей калганы үчүн айрым тегирмендер токтогону кабарланды. Буга байланыштуу казак тегирменчилери буудайды сыртка сатууга тыюу салууну суранып, өкмөткө кайрылды. Казак бийлиги таңкыстыкты алдын алуу үчүн буудайдын жана ундун экспортуна квоталык чек киргизди. Бул Кыргызстанга кандай таасир этет жана буудай сатып алуудагы азыркы абал кандай?

Чөлкөмдө ири көлөмдө дан өстүргөн Казакстанда буудайды сыртка ашыкча сатуунун эсебинен ун таңкыстыгы жаралышы мүмкүн экени айтылды. Анткени, казак тегирменчилери Орусиядан арзан буудай алып, унду экспорттоп келгенин Казакстандын Айыл чарба министрлиги билдирди.

Орусия буудай сатууну чектегендиктен тегирмендер токтоп жатат дейт Казакстандын тегирменчилер бирлигинин президенти Евгений Ган.

"Бүгүнкү күндө биздин дээрлик бардык аймактарда тегирмендер токтоп калды же мурда сатылып алынган данды кайра иштетип, бир жумада токтоп калуунун алдында турат. Ал эми зарыл буудай сатып алууда көйгөй пайда болду. Кеминде эки айда ун чыгаруу тармагы токтоп калышы мүмкүн", - дейт Евгений Ган.

Буга байланыштуу Казакстандын тегирменчилер кошууну өкмөткө буудай корун карап чыгып, экспортко тыюу салууну өтүндү.

Экспортко чектөө

Казакстан жылына 3 млн. тонна буудайды ун кылып тартып, анын жарымы чет өлкөлөргө экспорттолот. Казак бийлиги буудайдын жетиштүү кору бар экенин жана тынчсызданууга негиз жоктугун билдирди.

Анткен менен айыл чарба министринин 1-орун басары Айдарбек Сапаров ички рыноктогу таңкыстыктын алдын алуу үчүн буудай менен ун экспортуна квоталык чек коюлганын айтты:

"Буга байланыштуу ички рынокто тартыштыктын келип чыгышын жоюу максатында 2022-жылдын 1-апрелиндеги тышкы соода саясаты боюнча мекеме аралык комиссиянын чечими менен 15-апрелден 15-июнга чейин буудайды жана унду экспорттоого квота киргизүү чечими кабыл алынган. Буудайга берилген квотанын көлөмү 1 миллион тонна, унга 300 миң тоннаны түзөт. Ички рыноктогу реалдуу кырдаалга баа берүү үчүн министрлик Улуттук статистикалык бюро менен биргеликте аймактардагы буудайдын корун инвентаризациялоонун үстүндө иштеп жатат".

Казакстан Борбор Азиядан башка Түркия, Иран жана Пакистан сыяктуу өлкөлөргө буудай жана ун экспорттойт.

Быйыл жаздан баштап ири көлөмдө дан эгиндерин өстүргөн Орусия менен Украина экспортту токтотуп, казак буудайына суроо-талап күчөгөнү айтылды.

Кыргызстандагы буудай корунун абалы

Орусия башында сыртка буудай сатууга толук тыюу салып, бирок кийин ЕАЭБ өлкөлөрүнө чектеп сатуу чечимин кабыл алды.

Кыргызстан тегирменчилер бирлигинин президенти Рустам Жунушев азыркы буудай корунун абалына токтолду:

"Бүгүнкү күндө буудайдын кору бар. Бирок эки айдан бери сырттан буудай ташылып келбей калбадыбы. Айрым чакан тегирмендердин буудай запасы азайып баратат. Ошондуктан биз өкмөткө кайрылып,"Орусия дарбазаны ачканча элдин керектөөсүн камсыздоо үчүн матрезервдердеги буудайдан берип тургула" дедик. Азыр Казакстандан көп албай калганбыз. Себеби, ал жакта буудай 30% кымбат. Ошондуктан биз Орусиядан ташып келип жатканбыз. Бирок 28-февралдан бери бизге буудай келбей калды. Биз февраль айына буюртма берген 18 миң тонна буудай келе жатып, жолдон токтотулуп, чек арадан кайра артына кайтарылды. Жолду ачып берсе, ошол буудай келиш керек. Анда буудайдын кору да көбөйөт".

Квота боюнча сүйлөшүүлөр

Кыргыз өкмөтү жарым жылга Орусиядан 450 миң тонна буудай сатып алууга квота берүүнү сураганы белгилүү болду. Айыл чарба министрлигинин Азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Данияр Жанузаков орусиялык буудайга квота алуу боюнча сүйлөшүүлөр аяктай электигин айтты:

"Эки жумадан бери сүйлөшүү жүрүп жатат. Орусиянын премьер-министрине жана тиешелүү министрине да квота алуу боюнча эки-үч жолу жолу кат жөнөттүк. Кудай буюрса, ушул жуманын аягында же кийинки жумадан бул маселе чеячилип калат. Азырынча биздин рынокто чыңалуу жок. Азырынча буудай менен ун жетиштүү эле".

Буга чейин Орусия буудай, арпа жана жүгөрү сыяктуу дан эгиндерин эч кандай чектөөсүз эле сыртка сатып келген.

Чектөөнүн себеби

Ошентип быйыл жаздан баштап, Орусиянын өкмөтү сыртка буудай чыгарууну эки жол менен чектеди.

Аны сатуу көлөмүнө квота коюлуп, буудайдын экспорттук төлөмү тоннасына 101,4 долларга көтөрүлдү.

Рустам Жунушев буудайды үчүнчү өлкөлөргө сатууну чектөө үчүн квота киргизгенин белгиледи:

"Орусия буудайды үчүнчү бир өлкөлөргө сатып, реэкспорт кылып жибербесин деген негизде ошону алдын-алуу боюнча механизмдерди караштырып жатат. Анткени кээ бир өлкөлөр Орусиядан буудай сатып алып, аны ун кылып тартып, кайра башка өлкөлөргө экспорт кылышчу экен. Ал эми бизде реэкспорт кылчу жолдор жок. Биз ички керектөө үчүн гана ун чыгарганга гана алып келебиз. Механизмдерин иштеп чыкса, анан ошондон соң ташый баштайбыз".

Кыргызстандын калкынын унга жылдык керектөөсү 1 млн. тоннадан ашат. Анын 900 миң тоннасын сырттан ташыйт. Кыргызстан 2021-жылы буудайга болгон керектөөсүнүн 58% Орусиядан, 41% Казакстандан сатып алган.

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюму Украинадагы согуш дүйнө жүзүндө азык-түлүктүн жетишсиздигине алып келиши мүмкүн экенин эскерткен. Ал эми айрым өлкөлөрдө ачарчылык да болушу ыктымал.

Мунун негизги себеби – Украина жана Орусиянын дүйнөдөгү күн карама майы менен буудай базарындагы үлүшү, ошондой эле башка дан эгиндерин (жүгөрү, арпа ж.б.) өндүрүү боюнча да үлүшү кыйла чоң экендиги. БУУнун эсебинде, бул эки өлкөдө өндүрүлүүчү май менен буудай башка мамлекеттерге жеткирилбей калса, дүйнөдө 40 миллиондой адам өтө жакыр абалга түшүп калышы мүмкүн.

11-апрелде Украинанын агрардык саясат жана азык-түлүк министринин орун басары Тарас Высоцкий Украинада быйыл айдоо аянтынын 70 пайызында гана жазгы талаа иштери жүрүшү мүмкүн экенин билдирген. Ал эгер жакын арада Чернигов жана Сумы облустары минадан тазаланса гана аянт 80% кеңейиши мүмкүн экенин кошумчалаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG