Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:55

Орусия ЕАЭБ өлкөлөрүнө дан экспорттоого киргизилген чектөөнү жойду


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

15-мартта Орусиянын өкмөтү өлкөдөн дан азыктарын чыгарууга 31-августка чейин тыюу салган. 1-апрелден тарта кайра экспортко уруксат бергенин Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Маалыматка караганда, экспорт үчүн Орусиянын Айыл чарба министрлиги берген уруксат кагазы болушу керек. Азырынча бул кагаз кандай шартта берилери тууралуу атайы жол-жобо иштелип чыга элек.

Кыргызстан Орусиядан буудай, арпа жана жүгөрү экспорттойт.

Улуттук статистика комитеттин маалыматына ылайык, 2021-жылы Кыргызстан Орусиядан буудайды көп алган.

Жалпысынан 2020-жылы 35 миллион долларга, 2021-жылы 51 миллион долларга буудай импорттолгон.

ЕАЭБ 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган.

Кыргыз өкмөтү ЕАЭБге мүчө болгондо төрт эркиндик берилерин, алар - жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз жүрүшү экенин жарыялаган.

Кыргыз-казак, казак-орус чек арасынан жүк алып өтүүдө бир нече жолу тоскоолдуктар болду.

Ушундан улам ЕАЭБге мүчөлүк Кыргызстанга пайда алып келбегени тууралуу пикирлер парламентте айтылып, уюм ичиндеги пикир келишпестиктер тууралуу өкмөт да моюнга алган. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG