Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:38

"Грэмми" сыйлыгы, Украинага тилектештик


"Грэмми" сыйлык тапшыруу аземиндеги Украинаны колдогон перфоманс
"Грэмми" сыйлык тапшыруу аземиндеги Украинаны колдогон перфоманс

Лас-Вегас шаарында АКШнын Үн жазуу академиясы дүйнөлүк «Грэмми» музыкалык сыйлыгын тапшырды. Аземде украин президентинин кайрылуусу да көрсөтүлдү. Ал музыка коомчулугун "кайдыгер болбоого, Украинадагы согуш тууралуу акыйкат маалыматтарды айтып чыгууга" чакырды.

"Украинадагы чындыкты дүйнө билиши керек"

Владимир Зеленский англис тилинде Украинадагы талкаланган шаарлардын тунжураган тынчтыгы, каза тапкан адамдар жана согуш тууралуу чындыктын мааниси тууралуу сөз сүйлөдү:

“Согуш... Музыкага мындан артык каршы келген нерсе барбы? Талкаланган шаарлардын жана каза болгон адамдардын тунжураган тынчтыгы... Ким тирүү калат, ким түбөлүк тынчтыкта каларын тандоого согуш жол бербейт. Украин музыканттары смокингдин ордуна ок өтпөс соот кемсел кийип, ооруканаларда жарадар болгондорго ырдап жүрүшөт. Музыканы токтотуп болбойт. Ал сөзсүз жетет. Өзүңөрдүн музыкаңар менен тынчтыкты бузгула. Биздин таржымалды айтуу үчүн бүгүн баштаңыз. Бизди кайсыл жол менен болбосо да колдогула!”.

Зеленский эл аралык коомчулукту 40 күндөн бери Орусиянын куралдуу кол салуусуна туш болуп жаткан Украинаны колдоого ачык чакырык жасады.

Украин президентинин кайрылуусунан кийин ырчы, музыкант Жон Леженд өзү атайын Украинага арнап чыгарган Free чыгармасын АКШда жашаган украиналык ырчы Мика Ньютон, бандурачы Сюзанна Игидан жана Донбасстан чыккан акын Любов Якимчуктун коштоосунда аткарып беришти.

АКШнын Үн жазуу академиясы өнөктөшү Global Citizen кайрымдуулук кыймылы менен биргеликте быйылкы “Грэмми” сыйлыктарын тапшыруу аземин Украинада жабыр тарткандарга көнүл бурдуруу өнөктүгү менен коштоду.

Жеңүүчүлөр арасындагы кусалык ноталар

Бул жылы АКШнын башкы музыкалык премиясы Грэмми сыйлыгын тапшыруу аземи 4-апрелге караган түнү Лас-Вегас шаарындагы MGM Grand Garden Arena комлексинде өттү. Буга чейин азем жыл сайын Лос-Анжелесте өтүп келген. Коронавирус пандемиясынан улам кийинкиге жылдырылган болчу.

Негизги сыйлыктар аталган “жылдын мыкты үн жазуусу” менен “жылдын мыкты ыры” номинацияларын Silk Sonic соул тобунун «Leave The Door Open» чыгармасы жеңип алды.

Silk Sonic тобу сахнада
Silk Sonic тобу сахнада

Бир жыл мурда музыканттар Бруно Марс менен Андерсон Пак биргеликте түзгөн Silk Sonic тобунун 70-жылдардын сүйүү балладаларындай стилде жазылган “Үйүмдүн эшигин ачык коём” деген ыры “мыкты R&B ыр” жана “мыкты R&B аткаруу” номинацияларын да алды.

Жон Батист
Жон Батист

We Are деп аталган жыйнагы “Жылдын альбому” сыйлыгын жеңген музыкант Жон Батист быйылкы "Грэмминин" эң көп 5 граммофон айкелин алды. Анын ичинде ырчынын Freedom чыгармасына “мыкты музыкалык клип” номинациясы да кирет. Аземде Батист бул ырын атайын жасалгаланган сахнада аткарып да берди.

Буга чейин эле америкалык башка музыкалык иш-чараларда баш байгелерди жеңип келген Оливия Родриго “мыкты жаңы ырчы” наамына ээ болду. 19 жаштагы ырчынын Sour деп аталган дебюттук жыйнагы “мыкты вокалдык поп-альбом” ал эми “Айдоочулук күбөлүк” (Drivers License) чыгармасы “мыкты жеке поп-аткаруу ” номинациясында жеңүүчү аталды.

Olivia Rodrigo сахнада
Olivia Rodrigo сахнада

Европалык эмес салттуу музыкаларга басым

Рок категориясында Foo Fighters тобунун Мedicine at Midnight жыйнагы эки сыйлыкты алды. Кантри жанрында айтылуу музыкант Крис Стэплтондун Starting Over жыйнагы, жазз жанрында Чик Кориа “мыкты жазз импровизациясы” деген сыйлыктарды алды.

Быйылкы жылы кошулган жаңы категория тууралуу эки ооз сөз. “Global Music аянтчасында аткарылган мыкты аткаруу” деп аталган номинация - европалык эмес, салттуу музыкаларга берилип турмай болду. Биринчи жолку сыйлык теги пакистандык, учурда АКШда жашаган Аруж Афтабдын “Мухаббат” деген ырына ыйгарылды.

Ошентип, быйыл "Грэмми" сыйлыктары 86 категорияга жетти. Быйылкы аземди комик, актёр Тревор Ноа алып барды.

Сыйлыкты америкалык Үн жазуу академиясы 1958-жылдан бери ыйгарып келет.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG