Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:09

Орус жарандыгы: муктаждык жана тобокелчилик


Орусиянын паспорту. Март, 2014-жыл.
Орусиянын паспорту. Март, 2014-жыл.

Украинадагы урушта мерт болгон Орусиянын теги кыргызстандык эки жаранынын кичи мекенинде жерге берилиши кыргыз коомчулугунда кызуу талкууга жем таштады.

Жарандыкты алмаштырууга кандай шарт-жагдайлар себеп болот? Башка өлкөнүн жарандыгын алууда эмгек мигранттары артыкчылыктар менен катар кандай тобокелчиликтерди эске алышы керек? “Арай көз чарай” талкуусунун кезектеги чыгарылышы ушул маселеге арналды.

Талкууга Екатеринбург шаарынан кыргыз диаспорасынын жетекчиси Гүлшан Долонбаева, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов, президентке караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Улугбек Шүкүрбеков, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев катышты.

“Балдардын тагдыры ичти ачыштырат”

- Орусиянын атынан келиишимдик негизде урушка катышкан эки жарандын кичи мекенинде кыргыз, орус аскерлеринин, кош желектин коштоосунда акыркы сапарга узатылышы көп кырдуу пикирлерге жем таштады. Сиздер бул окуяны кандай кабылдап, кандай баа берип жатасыздар?

Айбек Осмонов
Айбек Осмонов

Айбек Осмонов: Албетте, өкүнүчтүү. Мындай иштер болбош керек эле. Бул жарандардын кезинде Орусияга кетип калгандыгына байланыштуу болуп жатат.

Кеңешбек Дүйшөбаев: Эки кырчындай жаш жигиттин согуштан ушундай абалда кайтканы эне-атасы, жакындары үчүн да, Кыргызстандын атуулдары үчүн да кайгылуу окуя. Албетте, ошол жактын жарандыгын кабыл алгандан кийин аскерге да милдеттүү болуп калат.

Экинчиден, Кыргыз Республикасы КМШ, ЕАЭБ, ШКУ эле эмес, ЖККУ аркылуу да кызматташып жатпайбы. ЖККУ – коопсуздукка байланышкан, кол салуу болгон учурларда бири-бирине жардам бере турган уюм. Ошондуктан, аскердик жагынан кандайдыр бир иштер жасалса, бул мыйзамга толук эле жооп берет.

Гүлшан Долонбаева
Гүлшан Долонбаева

Гүлшан Долонбаева: Эки мекендешибиздин каза болгонуна баарыбыздын эле ичибиз ачышып, кабыргабыз кайышты. Екатеринбург шаарында, Свердлов облусунда орус жарандыгын алган мекендештерибиз көп. Жарандыкты алгандан кийин алар ошого ылайык аскер кызматын өтөөгө милдеттүү. Азыр биздин тегеректегилерден эле онго жакын балабыз аскер кызматын өтөп жүрүшөт. Алардын энелери деле кооптонуп отурушат. Атайын батальондор, контракттык келишим түзгөн аскерлер кеткендигин айтып атышат. Бирок, кыска мөөнөттүү аскер кызматын өтөп жаткандар мобилизацияланган жери жок. Жумушсуздук же башка себептерге байланышкан дүрбөлөң жок. Келишимдик негизде кетип жаткан мекендештер тууралуу деле маалымат жок.

Анткен менен, турмуштун айынан келип, жарандык алган ата-энелер деле бул жакта төрөлгөн экинчи, үчүнчү муундагы балдарынан же мектеп курагында келген балдардан кыргыз жарандыгында каласыңбы же орус жарандыгын аласыңбы деп сурап, ою менен эсептешпей жатпайбызбы. Аларга болсо 14 жашка чыкканда автоматтык түрдө жарандык берилип жатат. Кара курсактын айынан келген мекендештер ушундай жакшы эмес жагдайга кирептер болуп атабыз. Ичибизди ачыштырганы – балдардын тагдыры.

Улугбек Шүкүрбеков
Улугбек Шүкүрбеков

Улугбек Шүкүрбеков: Сиз эки өлкөнүн желегинин алдында жерге берилгени кандай деп сурап атасыз. Биз бир нерсени унутпашыбыз керек, башка мамлекеттин жарандыгын алса да, биздеги жарандыгынан чыкпаса, ал биздин да жаран деп эсептелет. Мисалы, азыр “Орусиянын жарандыгын алып алдык эле, Кыргызстандыкын кантип кайра алабыз” деп көптөр кайтып келүүдө. 90-жылдардагы башаламан жашоодо каттоодон чыгып барып, Орусиянын жарандыгын алып алгандар өздөрүн “Кыргызстандын жарандыгынан чыкканбыз” деп эсептешет. Андай эмес, биздеги “Жарандык маселелер боюнча мыйзамдын” 6-беренесинде “башка жарандык” деген түшүнүк бар. Эгерде алган жарандыгы ошол мамлекеттин мыйзамдарына каршы келбесе, бир эле учурда биздин да жаран бойдон калат. Андайда бизден жарандыктан чыгуу зарылчылыгы жок (Кыргызстандын жарандыгынан президентке берген арызына ылайык чыгарылат же калыбына келтирилет -ред.). Мисалы, бизден Германияга көп кетип жатышат. Ал өлкөнүн мыйзамы боюнча жарандык алуу үчүн өз жарандыгынан чыгып келиши керек.

Украина-Орусия согушунун коңгуроосу

- Кыргызстандыктарга жарандыкты баарынан көп Орусия берет. Бейрасмий булактарда ал өлкөнүн жарандыгын 400-600 миң кыргызстандык алганы айтылууда. Кандай кызыкчылык менен алышат?

Айбек Осмонов: Расмий маалымат боюнча жарандык алгандардын саны 580 миңден ашык. Орусиянын жарандыгын алганда жумушка орношуу оңой, айлыгы жогору болот. Ошон үчүн алып жатышат. Ошол жарандык алган 600 миңге жакын мекендешибиздин 5% ошол жакта аскердик кызмат өтөп жүрөт. Азыр дагы Орусиянын жарандыгын алгандар көбөйүп жатат. Эртең кандай болорун эч ким айта албайт. Аны токтотуу үчүн биз өз өлкөбүздө жумуш орундарын көбөйтүшүбүз керек. Ошондо мигранттар азаят. Инвесторлорду коргошубуз керек. Президентибиз ушуну айтып атат, бирок кээ бир укук коргоо органдары ички да, тышкы да инвесторлорго туура эмес мамиле кылып жатканын көрүп жатабыз.

Гүлшан Долонбаева: Орус жарандыгын жыргап кеткенинен же ушул Орусияда эле жашап калайын деп алган жери жок. Тиричиликтин айынан ушундай болуп атат. Медицина, билим берүү тармагындагы аябай көп адистер 2001-жылы Беларус, Орусия, Кыргызстан ортосунда жеңилдетилген жарандык алуу башталган учурда чыгып кеткен. Биз мисалы, 2,5 айда жарандыкты алганбыз. Бул жогору айлыкка, соцпакеттерге, турак жай алууга, балдарды мектепке, бала бакчага жайгаштырууга мумкүндүк берди. Анда милдеттер ойго келген эмес. Жалгыз бой, көп балалуу энелер жарандык албаса адаптация болушу кыйын. Алардын дагы жөлөкпулга, ипотекага, “энелик капиталга”, материалдык колдоого президенттин жарлыгы болгон үчүн жарандык алууга кызыкчылыгы чоң.

Азыркы кырдаал бизге коңгуроо болду. Жарандык аларда да ошол өлкөнүн алдында милдеттерибиз бар экенин таразалап, ойлонушубуз керек экен.

Кош жарандуулук: де-юре жана де-факто

Улугбек Шүкүрбеков: Бизде мыйзам боюнча эки түшүнүк бар. “Кош жарандуулук” жана “башка жарандуулук” деген. Мамлекеттердин ортосунда келишим болгон учурда кош жарандуулук болот. Бирок, кош жарандуулук боюнча Кыргызстандын бир да мамлекет менен келишими жок. Орусия Федерациясы өздөрүнүн мыйзамына башка жарандарды каттоо (“декларирование и учет иного гражданства”) боюнча 2017-жылы өзгөртүү киргизген. Мисалы, Орусиянын жарандыгын алып, бирок Кыргызстанда туруктуу жашап жаткандар мөөнөтү менен барып, декларация тапшырып келип атышат. “Башка жаранды каттоо тартибин” биз да киргизип жатабыз. Ошондо биздин канча жараныбыз башка өлкөнүн паспорту менен жүргөнүн билебиз. Жеке эле Орусия эмес, жалпы эле чет өлкөгө чыккандардын жана киргендердин саны эки жыл мурун теңме-тең пайызды түзүп калган. Азыр кабыл алуу 90 пайызды түзүп калды. Жарандыкты калыбына келтирүү арызы менен да кайрылып жатышат. Демек, жарандыктан чыгуу азайып жатат.

Калкты каттоо департаментинин төрагасы менен да бүгүн эртең менен отуруп сүйлөштүк, азыр Украина менен Орусиянын маселеси турган учурда ушул каттоону ишке ашырышыбыз керек болуп атат. Азыр көптөгөн жарандар Кыргызстандын жарандыгын кайра кантип ала алабыз деп кайрылып жатышат.

Кеңешбек Дүйшөбаев
Кеңешбек Дүйшөбаев

Кеңешбек Дүйшөбаев: Макулдашуу барбы-жокпу, бир жаранда эки жарандык паспорт болуп атса, бул кош жарандуулук болуп эсептелет. Бул ондогон жылдардан бери келаткан көйгөй. Аны жөнгө салган мыйзамдар жок болсо, демек, бул жарандардын эмес, мамлекеттин кемчилиги. Мамлекеттин саясатындагы олуттуу кемчилик, укуктук казус. Эмне үчүн бул маселени мамлекет карабайт? Иретке келтирбейт. Мунун бардыгы биздин жарандарга коюлуп жаткан тосмолор. Ошон үчүн кызматташ мамлекетке доомат коё албай атабыз. Туура айтылды, азыркы окуя бизге чоң коңгуроо.

Гүлшан Долонбаева: Мигранттарды кандайдыр бир көйгөй жаралганда эле эстеп, эмгек мигранттарына же четте жашап калган мекендештерге карата системалуу иш жок болуп жатат. Кош жарандык боюнча деле ошондой. Орусиянын жарандыгын алгандар Кыргызстанга барып 200 долларга паспорт алып, эки жакта экөөнү көрсөтүп жүргөндөр бар.

Экинчиден, Орусия тарап эч качан кош жарандуулукка кызыкдар эмес. Бул качантан бери көтөрүлүп келаткан, чечилбей турган маселе. Башка механизмдерди, инструменттерди ойлоп таап, эмгек мигранттарынын Орусияда жүрүшүн жеңилдетүү керек. Үч жыл мурда мекенге кайтаруу боюнча “Мекен карт” долбоорун талкууладык эле. Ошол азыр кайсы окууда каралып жатат? Эмне болуп атат? Бизге ачык аянтта түшүндүрүп берген эч ким жок. Депутаттар Москвага келип, 5-6 активист менен жолугат дагы, калың катмар эмгек мигранттары маалыматсыз, көп көйгөйлөрү менен кала берет. Системалык мыйзамдар миграцияны жон тери менен сезген эксперттердин катышуусунда жазылышы керек. Ушул маселе мыйзам талаасында чекит коюлмайынча мигранттардын көйгөйү чечилбейт деп ойлойм.

Диаспораларды саясий оюндарга эле колдонбой, упай топтош үчүн эле келбей, региондордун өзгөчөлүгүнө жараша мекендештердин көйгөйлөрүн угуп, Кыргызстанга жеткирип, ошонун негизинде системалуу иш жүрөт деген үмүттөбүз.

Коопсуздук тобокелчиликтери

Улугбек Шүкүралиев: Орусиянын жарандыгын алып атканда укук-милдеттерин тааныштырат, ант беришет, гимнин айтышат. Колунда Орусиянын паспорту турса, биз аларды согушка катышпа деп айта албайбыз. Ал эми Орусияда иштеп жүргөн биздин жарандарды жалданып катышпагыла деп айтсак болот.

Айбек Осмонов: 2022-жылдын 25-мартында Орусия Федерациясынын Коргоо министрлигинин токтому чыкты. Үч облус боюнча кызмат өтөгөндөрдү кайрадан чакырып жатат. Бул да көйгөй. Анткени, ошол үч облуста аскер кызматын өтөгөн кыргызстандыктар болушу мүмкүн. Бул жердеги тобокелчилик Коргоо министрлиги аскерлерди контракттык негизде эле эмес, кызмат өтөгөндөрдү да кайра чакырып жаткандыгында болуп жатат.

Кеңешбек Дүйшөбаев: Кыргызстандын калкынын саны 7 миллионго жакындап калды десек, анын миллиондон ашыгы Орусияда жүрөт. Алардын 600 миңге жакыны Орусиянын жарандыгын алды деп айтылды. Алар ишке жарактуу, ден соолугу чың, билими, даярдыгы бар, бардык жагынан такшалган адамдар болуп атпайбы. Алар Орусияга кызмат кылып, алардын эмгек потенциалын көтөрүп атса, бизде ошончолук өксүк болуп калат да. Экономикабызды ким өстүрөт? Тукумубузду ким улайт? Албетте, бул коопсуздук маселелерине абдан таасирин тийгизет. Кудай бетин ары кылсын, эртең кокус ушундай коркунуч бизде түзүлүп калса, мекенибизди ким коргойт? Элдин чебинде ким турат? Ошондуктан, бул жерде аскердик жактанбы, экономикалык жактанбы, социалдык жактанбы абдан терең ойлоно турган маселелер көп. Биздин мамлекеттик бийлигибиз абдан терең ойлонушу керек.

Кандай сабак алуу керек?

Кеңешбек Дүйшөбаев: Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере дейт. Акыркы жылдары эмне деген көйгөйлөр чыгып атат. Мигранттарды депортациялап, болбогон жерден жоопко тартып, баргандар үчүн тилин, тарыхын үйрөтүү боюнча сынактардан, медициналык кароолордон өткөрүү эрежелерин киргизишип, тоскоолдуктарды жаратып жатышат. Бул маселелер эмне үчүн президенттин, өкмөттүн же парламенттин деңгээлинде каралбайт? Ошол эле учурда өзүбүздүн эле орус улутундагы жарандарыбызга мамилебиз үчүн Орусиянын расмий адамдары, спикерлери кийлигишип атат, “эмне үчүн орустарга мындай мамиле жасап атасыңар” деп. Ошол эле мезгилде биздин жарандарды кодулап, скинхеддер өлтүрүп жатканда бирөө унчугуп койбойт. Биздин мигранттарды ким коргойт?

Ошондуктан, бийлик, өкмөт, өзгөчө парламент тыянактарды жасашы керек. Кыргызстанды кыргыздар коргобосо, алардын кимге кереги бар? Кыргызстанды кыргыздардан башка ким көтөрөт? Ошондуктан, “Мекен картты” тезирээк иштеп чыкса абдан жакшы болот эле. Алардын кайтып келишине бардык жактан жол ачууга кызыкдар болушубуз керек. Дүйнөлүк практикада бар рычагдарды эмне үчүн колдонуп, жаңы мыйзамдарды даярдабайбыз? Мамлекеттик саясат өзгөрүшү керек.

Гүлшан Долонбаева: Ар бир кырдаалдан жыйынтык чыгарышыбыз керек. Бир эле дарбазага топ урган убакыт бүттү го деп ойлойм. Дүйнө жүзүндөгү диаспоралар консолидация болгонго аракет кылып жатабыз. Кечээ эле Германиядагы диаспоралар менен онлайн конференция өткөрдүк. Четтеги кыргыздар Кыргызстан менен чогуу иш алып барганга даярбыз. Кечээ көрүп калдым, кыргыз ишкерлери Бангладештен алып келип иштетип атышыптыр. Эмне үчүн Орусияга кетип аткандарды кармап калып, ошолордун ордуна иштетпейбиз? 30 жылдан бери эмгек күчүн Орусияга жөнөткөн өлкө бойдон эле калып атабыз.

Миграция алдындагы даярдык, диаспоралар менен системалуу иш алып баруу боюнча өкмөт тарабынан алгылыктуу иштерди көрбөй келебиз. Мисалы, Казакстанда “Отандаштар” деген фонд бар. Ал жер жүзүндөгү казактар менен түз иш алып барат да, көп иштерди аткарат. Азыр диаспораларга чоң милдет жүктөлүп калды. Тилибизди, маданиятыбызды жайылтып, аралашуунун ордуна эмгек мигранттарынын көйгөйлөрүн чечүү үчүн, ИИМге, изоляторго, федералдык кызматка чуркап калдык. Устав боюнча милдетибиз башка болчу. Чекит койчу мезгил келди. Аткарылат деп үмүттөнөбүз.

Айбек Осмонов: Чындыгынд,а азыр бизге оор болуп турат. Мекендештер, эмгек мигранттары менен байланышып, алардын көйгөйлөрүн чечүүчү механизмдерин карап, ошого жараша эртерээк мыйзамдарды жазышыбыз керек. Бул маселени бир топ депутаттар сүйлөшүп, жакынкы күндөрү топ түзүп, барып келүүну пландап жатабыз. Жолугушууларда маалымат топтоп, көйгөйлөрдү сөзсүз көтөрөбүз. Мыйзам жазганга аракет кылабыз.

Талкуунун видеосун бул жерден көрүңүз:

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG