Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:56

"Ыңкылап сабактарын жаңы муунга туура жеткирели"


24-март, 2005-жыл. Бишкек.
24-март, 2005-жыл. Бишкек.

2000-жылдары башталган дүйнөдөгү “Түстүү ынкылаптар”, “Араб жазы” деп аталган элдик толкундоолордун катарын Кыргызстан 2005-жылы 24-мартта “Жоогазын ыңкылабы” менен толуктады. 17 жылдан кийин бул окуяга анын катышуучулары, окумуштуулар, талдоочулар кандай баа берүүдө?

Ушул жана башка суроолорго “Арай көз чарай” талкуусунда жооп издейбиз. Талкууга Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Жусупжан Жээнбеков, тарыхчы, публицист, “Мурас” фондунун төрагасы Кыяс Молдокасымов жана саясат таануучу Чынара Эсенгул (Жапониядан видеобайланыш аркылуу) катышты.

- Аксы окуясы, Үзөңү-Кууш маселеси, ашынган үй-бүлөлүк башкаруу, президенттик-парламенттик шайлоодогу бурмалоолор 2005-жылы 24-мартта Акаевдин бийлигин кулаткан. “Жоогазын ыңкылабынын бешиги Жалал-Абад" деп айтылып келатат. Мындай кырдаалдын түзүлүшүнө эмне себеп болгон?

Жусупжан Жээнбеков
Жусупжан Жээнбеков

Жусупжан Жээнбеков: Менин тарапташтарымдын көпчүлүгү бул күндү майрам деп билишет. Ыңкылаптын чыгышынын башкы себеби - акыйкатсыз башкаруу. Жалал-Абадда элди көчөгө парламенттик шайлоонун акыйкатсыздыгы чыгарды. Атайын кол ийрисине тарткан тизме түзүлүп, “Алга Кыргызстан” өтсүн же “ал өтсүн, бул өтпөсүн” деген алдын ала тапшырмалар ыңкылапка жеткирди. Эң негизгиси, 4-мартта башталган ыңкылапта менин шайлоочуларым үстөмдүк кылды. Көк-Арт өрөөнүнүн өйүз-бүйүзү, Ноокенден Шайдан айылы, Базар-Коргондон Правда, Чкалов, жогору жактан Кызыл-Үңкүр айылдары чыкты. Жалал-Абаддагы ыңкылапта Жусуп Бакиев, Жогорку Кеңештин азыркы депутаты Камила Талиева өңдүүлөр башында турушту. 10-мартка чейин эл болгону шайлоо таза өтсүн деген гана талапты коюп турушкан. Эгер шайлоо таза өткөндө, ошол ыңкылаптын терс көрүнүштөрү болбошу мүмкүн эле. Ошол мезгилде элдин деле адилетсиз башкарууга нааразылыгы бышып калган экен, Жалал-Абадды Таластын, Кочкордун, Нарындын эли колдоп кетти.

- 17 жылдан бери бозгунда жүргөн Аскар Акаев жакында келип, сурак берип, иштери жабылганын айтып кетти. Бул түрдүү пикирлерге жем таштап, айрыкча Аксы окуясында жабыркагандар нааразы. Бул Март ыңкылабынын унутта калып бараткандыгынын белгиси эмеспи?

Кыяс Молдокасымов
Кыяс Молдокасымов

Кыяс Молдокасымов: Элдик толкундоонун шылтоосу шайлоо болду. Тарыхчылар анын себебин үй-бүлөлүк коррупциялык башкаруунун, адилетсиздиктин күчөп кеткенинен, Аксыда өз элине каршы ок атуудан көрөбүз. Балким, 22-23-мартта Акаев эл менен чыгып сүйлөшүп, парламенттик шайлоону жокко чыгарып, коалициялык өкмөттү түзсө, ыңкылап болбой калмак.

Албетте, Акаевдин келиши, ага карата кечиримдүү мамиле ыңкылапка доо кетирет. Азыркы бийлик кечирсе дагы, тарых, эл, мамлекет эч качан кечирбейт. Себеби, Акаев Кыргызстандын туура эмес жолго түшүшүнүн башында турду. Мамлекеттин байлыктарын талатып-тонотуп, үй-бүлөлүк-коррупциялык системаны түзүп, баалуулуктарды алмаштырып, “акчаны ала бер, добушуңду бере бер” деген принципти киргизген. Ошол система уланып жатат.

- Эгемен Кыргызстанда үй-бүлөлүк, кландык башкарууга каршы, демократияны калыптандыруу күрөштөрү кантип жүргөнүн жаңы муунга таанытуу багытында мамлекеттик саясат керекпи? Ал кандай жүрүшү керек?

Чынара Эсенгул
Чынара Эсенгул

Чынара Эсенгул: Албетте, керек. Ыңкылаптардын сабактарын биздин жаш муунга, китептер, билим берүү же социалдык медиа (IT өнүккөн доордо) аркылуу системага салып жеткирүү жумушун биздин илимде жүргөн адамдар, интеллектуалдар, саясий элита менен макулдашып туруп ишке ашырыш керек. Бирок, андай жумуш менин билишимче, жасала элек. Өзүнчө кандидаттык, доктордук диссертациялар ар кандай деңгээлде жазылып эле атат. Бирок, алар илимий иштердин алкагында эле калууда. Жаңы муунду тарбиялоо үчүн тарыхый окуялардын сабактарын баланстап, туура нукта бербесек, айлампада эле жүрө беришибиз мүмкүн.

Эми бул бир эле өңүтү. Маанилүү жагы - башкарууга келе турган каймактардын каймагын, кадрларды даярдай турган бир системаны түзмөйүнчө канчалык “кетсин” деп кыйкырсак да эч нерсе өзгөрбөйт. Ал үчүн теория, практика чогуу жүрүш керек. Ал системаны мен азырынча Кыргызстанда көрө элекмин.

Кыяс Молдокасымов: Бул багытта аракеттер болгон. Биз 2005-жылдагы ыңкылаптын 10 жылдыгы, 2010-жылдагы ыңкылаптын 5 жылдыгы белгиленип жатканда эки китеп чыгардык. Ошол эки китепке Аксыдан башталган процесстер толук талкууланып, андан кандай сабак алыш керектиги көргөзүлгөн. Бирок, ошонун бардыгын жалпы коомчулукка жетирүүдө маселелер бар. Ошондой эле ыңкылаптардан кийин системалуу реформа кылууну максат кылган жаңы күч болбой жаткандыгын мойнубузга алышыбыз керек. Мына, 2020-жылдагы “Үмүт” ыңкылабынан кийин бир топ жаштар чогулуп, системалуу реформанын 13 пункттан турган программасын даярдашкан. Ага чет өлкөлүк эксперттер, анын ичинде Грузиянын мурдагы вице-премьер-министри Гилуари да жардам берерин айткан. Бирок, ал сунуш 2020-жылдан кийин да колдоо тапкан жок. Бүгүн коомдо (бийликтин- ред.) айрым өзгөрүүлөрдү жүргүзөбүз, коррупцияга каршы турабыз, керек болсо “кустурабыз” деген аракеттери жакшы. Бирок, бул күнүмдүк, убактылуу аракеттер. Системалуу реформаны ишке ашырмайынча коомдо толук кандуу өзгөрүү болбойт.

Жусупжан Жээнбеков: Эгерде жаран өз мамлекетинин тарыхын толук билбесе, ал эч качан өз мамлекетинин патриоту боло албайт. Эгер Илимдер академиясы баштап илимпоздорубуз, тарыхчыларыбыз, жазуучуларыбыз мектептен баштап ыңкылаптарды жаңы келген бийликке кылчактабастан, болгонун болгондой жазып, аны мамлекет колдоп, мектептин программасына киргизүү керек. Ар бир төңкөрүштүн чындыгын балдар билиши керек. Менин оюмча, азыр ордубузда эле тапталып туруп жатабыз. Мен акыркы эки окуяны тең төңкөрүш деп эле айтам. Ортодогусу – 2010-жылдагысы кан төгүү менен аяктады. Мындайдан этият болушубуз керек. Бул көрүнүштөрдү үлгү кылбашыбыз керек. Мунун бардыгын мамлекеттин колдоосу менен жаш муундарга мектептен баштап тарых, саясат таануу болобу, ошондой сабактар аркылуу багыт берип, аң-сезимин калыптандырыш керек.

Чынара Эсенгул: Негизги маселе, биз элди да тарбиялашыбыз керек. Ал үчүн интеллигенция жолду көрсөтүп бериш керек. Саясатчылар менен бардыгыбыз - улуу-кичүү илимпоздор активдүү иштешибиз керек. Бийликке акча менен келип, анан аракетин ошол акчаны кайтарып алууга гана кетирбеш үчүн жаш мамлекетте чыныгы реформа жасайм деген лидерлерге чоң даярдык зарыл. Мындай маселе 30га эми чыккан биздин жаш республикада турган жок. Дүйнөдө көп мамлекеттер бул процессти башынан кечирген. Дүйнөлүк Банктын иликтөөсү боюнча реформаны баштап, анын үзүрүн көрө башташ үчүн 27 жылдык тынымсыз аракет керек экен.

Мен дайыма Кыргызстан менен Жапониянын системасын салыштырып келем. Жапон эли дайыма: “Эң негизгиси - натыйжалуу башкарууда. Катачылыктарды түшүнүү, билүү, көрүү жана анын үстүндө иштөө, иштин сапатын төмөндөтпөй, күн сайын жогорулатып туруу” деп айтат. Ошондой сабакты элита эле эмес, жалпы коом алганы туура.

Кыяс Молдокасымов: Чынара Эсенгул коомду өзгөртүүдө интеллектуалдык-саясий маданият керек деп туура айтты. Эгемендик жылдарында 2005-жылдан тартып интеллектуалдуулук маселеси экинчи планга жылып кетти. Баалуулуктар алмашып, акчалуулар, байлар алдыга чыгып, коомдун интеллектуал катмары мамлекеттик башкарууга да катышкан жок, бийлик алар менен эсептешкен да жок. Акаевдин, Бакиевдин мезгилинде деле, кийинки парламенттик башкаруу учурунда деле бийликке жалаң акчалуулар келди. Коомдун интеллектуалдык бөлүгү алдыга чыкмайынча коомдо акчалуулар менен байлар үстөмдүк кыла берет.

Талкуунун видеосун бул жерден көрүңүз:

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG