Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:17

"Жоогазын ыңкылабы": 17 жылдан кийинки көз караш


24-мартта эгемендүү Кыргызстандын тарыхында бийлик алгачкы ирет элдик толкундоолордун арты менен алмашкан "Жоогазын ыңкылабына" 17 жыл толду.

2005-жылы 24-мартта өлкөнү 15 жылга жакын башкарган Аскар Акаевдин бийлиги кулатылган. Кыргызстандагы түстүү революциялардын башаты болгон "Жоогазын ыңкылабына" 17 жылдан кийин көз караш кандай?

Март окуясы - Аскар Акаевдин режимине, авторитаризмге, үй-бүлөлүк башкарууга, коррупцияга, шайлоодогу бурмалоого нааразылыктын туу чокусу болду.

Ыңкылаптын башкы каармандарынын бири, Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров 24-марттын маани-маңызы тууралуу буларга токтолду:

“Аксы окуясы, Март, Апрель элдик ыңкылаптары, дүйнөлүк аренага кыргызды тааныткан саясий, тарыхый окуялар. Ушул окуялардан кийин дүйнө эли кыргыздар жөнүндө көз карашын өзгөртүп, Борбор Азиядагы эркиндикти сүйгөн эл катары баалай баштады. Биз окуп, билген марксистик классикалык революциянын теориялык жана практикалык түшүнүгү азыр өзгөрдү. Азыркы заманбап бийлик алмашууга алып келген элдик толкундоолор окмуштуу изилдөөчүлөр тарабынан "түстүү революция" аталып, карама-каршылуу илимий изилдөөлөр жүрүп, ар түрдүү тыянактар чыгууда. Кыргыздардын Март, Апрель элдик “түстүү революциялары” да дүйнөнүн илимпоздору тарабынан изилденүүдө. Кыргыз революцияларынын чыныгы элдик мүнөзүн жоголбошун, бурмаланбашын максат кылып, мен дагы докторлук ишимди кыргыз революциялары боюнча жазып жатам”.

2005-жылы 24-марттын алдында оппозиция "Акаевдин бийлиги парламенттик шайлоонун жыйынтыгын бурмалады, үй-бүлөлүк бийлик орнотту" деп жер-жерлерде нааразык жыйындарын уюштурган. Анткени, ал шайлоодо бир канча оппозициялык талапкерлерге бут тосуу болуп, Аскар Акаевдин баласы Айдар менен кызы Бермет Жогорку Кеңешке депутат болуп келген.

4-марттан тарта Жалал-Абад облусунда, 18-марттан Ош облусунда бийлик оппозиционерлердин колуна өткөн. 24-марттагы Бишкектеги ири демонстрация башаламандык менен коштолуп, Акаевдин бийлиги кулаган.

24-марттагы күч менен бийлик алмашуу революциябы же төңкөрүшпү деген талаш-тартыш али да актуалдуу. Бул окуядан кийин дагы бийлик эки жолу күч менен алмашты.

Тарыхчы Зайнидин Курманов "Жоогазын ыңкылабына" тарыхый баа берүүгө эрте деп эсептейт.

Зайнидин Курманов.
Зайнидин Курманов.

“17 жыл тийиштүү тыянак чыгарууга эрте. Ден Сяопинден "Улуу француз революциясына" 200 жыл болду, кандай баа бересиз деп сураганда, баа берүүгө өтө аз убакыт өттү деп айткан экен. Кыргызстандын эгемендүү жылдарында мындай жол менен төрт жолу бийлик алмашуу болду. Биринчиси - Аскар Акаевдин президенттикке келиши. Анда дагы митингдер болуп, аң-сезимде өзгөрүү болгон. Октябрдагы төңкөрүш революцияга айланса экен деп үмүт кылам”.

2012-жылга чейин 24-март жылнаамада кызыл менен жазылып, эс алуу күнү катары саналып келген. Кийин Жогорку Кеңештин токтому менен алып салынган. 2016-жылы президенттин жарлыгы менен "Эскерүү күнү" деп бекитилген.

2021-жылы декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2022-жылы майрамдардын көптүгүнө байланыштуу 23-февраль, 7-апрель жана 8-ноябрдын макамы боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгуу маселеси каралып жатканын билдирген.

Саясат таануу илимдеринин доктору Асел Дөөлөт эгемен кыргыз тарыхындагы эң маанилүү саясий окуялар боюнча бирдиктүү пикир түзүлбөй, жаш муундарга окутулбай жатканына токтолду.

Асел Дөөлөткелдиева.
Асел Дөөлөткелдиева.

“Бүгүнкү күнү коомдо эгемен кыргыз тарыхы үчүн маанилүү бул окуялар боюнча бирдиктүү пикир түзүлгөн жок. Мындай жыйынтыкка жарандар, студенттер, керек болсо тарых факультетинин студенттери, саясий элитанын өкүлдөрү менен жүргүзгөн сурамжылоодон көрүп жатабыз. Студенттер айрыкча 2005-жылдагы революция жөнүндө биле бербейт. Бул эмнени билдирет? Мамлекет коомдук эс тутум жаатында начар саясат алып барып жатканын көргөзөт. Бул абдан маанилүү. Анткени жаш муундун дүйнө таанымы Кыргызстан кандай жолду баскан, демократия үчүн кандай күрөш жүргөн, ал учурда жол баштаган саясий лидерлер кимдер болгонун билүү менен түзүлөт. Мамлекеттин бул багыттагы саясатын мектепте өтүлгөн тарых китептеринен байкоого болот. Ал китептерде революциялар жөнүндө өтө аз маалымат берилген. Кээ бир мектептерде такыр окутулбаса, кээ биринде мугалимдер бул окуялардан буйтап өтөт. Маанилүү саясий окуялар боюнча бирдиктүү түшүнүктүн калыптанбай жатышына саясий элитанын ортосундагы карама-каршы пикир жана ар бийликтин ар башкача мамилеси болууда. Мындай тандалма идеологияда революциялар демократиялык укук үчүн автортаризмге, үй-бүлөлүк, кландык, династиялык бийликке каршы күрөш болгон деген маани жоголуп кетип жатат”.

Аскар Акаев ээн-эркин кирип чыгууда

Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган Аскар Акаев 2020-жылы 16 жылдан кийин Кыргызстанга биринчи жолу келип, Кумтөр иши боюнча сурак берди. Экинчи жолу сурак берип кеткенден кийин орусиялык "Московский комсомолец" басылмасына курган маегинде, ага карата "куугунтук токтотулганын", "бардык иштер жабылганын" айткан.

Бирок Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) "Кумтөр иши" боюнча, анын ичинде Аскар Акаевге байланыштуу тергөө уланып жатканын жана бул иш боюнча жаңы айыптар тагылганын маалымдаган.

Тарыхчы Кыяс Молдокасымов "Жоогазын ыңкылабына" алып келген Аскар Акаевдин саясатына мындай баасын берди:

Кыяс Молдокасымов.
Кыяс Молдокасымов.

“Аскар Акаевдин үй-бүлөлүк, коррупциялык башкаруусу Аксы окуясынын 20 жылдыгында айтылгандай, пайдубалы жаңы түптөлүп жаткан өз мамлекетине, мамлекет курабыз деп турган өз элине, актай барактан башталчу тарыхый мүмкүнчүлүккө жасаган чыккынчылыгы. Алгачкы жылдары демократиялык жолго түшөбүз деп ынандырган менен кийин үй-бүлөлүк, коррупциялык башкаруу жолуна түшүп алган. Улам-улам мөөнөтүн узартты, адилетсиздикке каршы чыккан элге ок атты. Кумтөр боюнча коррупцияга колу малынды. Парламенттик шайлоодо адилетсиздик болду. Ошонун баары бышып-жетилип Жоогазын ыңкылабы болгон”.

Быйыл "Жоогазын ыңкылабынын" башаты саналган Аксы окуясына 20 жыл болду. 2002-жылы 17-мартта Акаевдин бийлигине нааразылык билдирип чыккан элге ок атылып, алты адам көз жумган.

Акаев режимине кара так болуп калган Аксы окуясында окко учкан Эркинаалы Четинбаевдин жубайы Гүлбү Омукеева Акаевдин ээн-эркин келип жатканына ыза.

“Аксы окусына 20 жыл болду. Эч ким камалган жок, күнөөлүүлөр жаза алган жок. Акаев эч нерсе билбегендей келип жатат. Кар басты, из сууду дегендей 20 жыл өттү деп тоготпогондой келип жатат. Акаев деген атты уккубуз келбейт”.

Кумтөр боюнча эки жолу сурак берип кеткен Акаев тууралуу сүйлөп жатып президент Садыр Жапаров ал эл алдында кетирген "каталарын толук актады десек болот" деп билдирген.

Ал эми быйыл "Жоогазын ыңкылабы" боюнча кайрылуусунда Садыр Жапаров 24-марттагы окуя бардык бийликке сабак болушу керектигин айтты.

"Мамлекет тагдырында бурулуш окуя катары бааланган парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондуктан, өлкөнүн булуң-бурчунда элдик толкундоолор күч алып, акыры анын үнүн укпаган, текебер мамиле менен элдин эркине каршы чечимдерди кабыл алган бийлик кулатылган. Кечээ жакында эле белгиленген Аксы коогалаңы, андан берки ыңкылаптар - бири-бирине тыгыз байланыштуу окуялар. Алар Кыргызстандын соңку тарыхындагы кайсыл гана бийлик болбосун чоң сабак алуучу тарыхый фактылардан болуп калды", - деп жазылат президенттин кайрылуусунда.

Аксы окуясы – тарыхый бурулуштун башаты
please wait

No media source currently available

0:00 0:42:52 0:00

Тарыхчы Зайнидин Курманов мурдагы президент Аскар Акаевдин Кыргызстандын демократиялык жолго түшүүсүнө эмгеги бар экенин белгиледи.

“Аскар Акаевдин өлкөбүз үчүн эмгеги бар. Эгемендиктин башатында бүт дүйнө демократия аралчасы деп тааныган, демократиялык коом кура алдык. Күчтүү, аң-сезимдүү бул кыймыл азыркыга чейин жашап, өнүгүп жатат. Анын Кыргызстанга келип кетип жатышы дагы Кыргызстандын демократиялык жолго түшүүсү менен байланыштуу. Акаев өзү дагы Кыргызстандагы демократиялык коом курууга кошкон салымын, эмгегин билет. Албетте, Акаевдин бийлигинин демократиядан четтеген, коррупцияланышкан, авторитаризмди орноткон кийинки этабы дагы болду. Азыр эң маанилүүсү учурдагы президенттин авторитаризмге ооп кетпеши. Бул - көйгөйдү чечүүнүн эң оңой жолу. Бирок мамлекеттин көйгөйүн чечпейт. Жарандык коом, маалымат каражаттары менен достук мамилени сакташ керек. Ар түрдүү пикир - биздин демократиялык өнүгүүнүн жыйынтыгы”.

Кыргызстандагы "Жоогазын ыңкылабынын" алдында 2003-жылы "роза ыңкылабы" деген аталыш менен Грузияда, 2004-жылы "саргылт революция" деген аталыш менен Украинада бийлик алмашкан.

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров жаңы келген бийлик мурдагы саясий окуяны жокко чыгарбай, сабак алып иштеши зарылдыгын айтат.

Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

"Ооба, улам кийинки келген бийлик, мурдагы революциянын ролун төмөндөтүү саясаты кыргыз бийлиги тарабынан ачык эле жүргүзүлүп келет. Мисалы, Атамбаев Март революциясынын ролун төмөндөткүсү келсе, азыр Апрель революциясынын ролун төмөндөтүп, Октябрь окуясынын ролун көтөргүсү келген саясатчылар, окмуштуулар да жетиштүү экенин моюнга алуу керек. Бул туура эмес. Ар бир элдик жеңиш - ар тараптуу өзүнчө изилденип, тыянак чыгарыла турган тарыхый окуя".

2005-жылы Акаевдин бийлиги кулагандан кийин бийликке Март окуясынын активдүү уюштуруучусу, ошол кездеги оппозициялык "Кыргызстан элдик кыймылынын" (КЭК) жетекчиси Курманбек Бакиев келип, кийин ал президенттикке шайланган. Бирок, Бакиев беш жылдан соң авторитардык бийлик орнотууга айыпталып, 2010-жылы 7-апрелдеги элдик толкундоолор учурунда бийликтин кулатылган.

Жоогазын революциясы эл эсинен канчалык чыгып баратса, анын башкы каармандарынын карааны дагы саясий аренадан алыстап баратат.

Ыңкылаптын каармандары

2005-жылдагы ыңкылапта негизги ролду ойногон адамдардын үчөө катар-катар президент болушса, айрымдары акыреттик болду.

  • Курманбек Бакиев - Март окуясынын авторлорунун бири - "Кыргызстан элдик кыймылынын" (КЭК) жетекчиси, алгач премьер-министр, кийин президент болгон. 2010-жылдагы кандуу Апрель ыңкылабынан кийин Кыргызстандан куулуп, урук-тукуму менен Беларуста баш калкалайт. Кыргызстанда сыртынан өмүрүнүн аягына чейин кесилген.
  • Үсөн Сыдыков – Март окуясынын авторлорунун бири - "Кыргызстан элдик кыймылынын" (КЭК) идеологу. 24-марттан кийин президент Курманбек Бакиевдин администрациясын жетектеген. 2010-жылы Апрель ыңкылабынан кийин контрреволюциялык аракеттерди уюштурган. 2021-жылы декабрда көз жумду.
  • Азимбек Бекназаров - Март окуясынын авторлорунун бири - "Кыргызстан элдик кыймылынын" (КЭК) штабынын башчысы. "Революциянын бульдозеру" деген лакап ат коюлган. 2002-жылдагы Аксы окуясынын башкы каарманы. 2005-жылдан кийин Башкы прокуратураны жетектеген. Кийин оппозицияга өтүп, 2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан кийин Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон. Учурда Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси.
  • Анвар Артыков - Март окуясынын авторлорунун бири - "Кыргызстан элдик кыймылынын" (КЭК) мүчөсү, 18-мартта Ош облусунун администрациясы басылып алынып, Артыковду элдик губернатор деп жарыялашкан.
  • Роза Отунбаева - Март окуясынын авторлорунун бири - "Ата-Журт" кыймылын тең-төрагасы. Жоогазын ыңкылабынан кийин кыска убакыт тышкы иштер министри болуп иштеген. Бакиев президент болуп шайлангандан кийин Отунбаеванын министрликке талапкерлиги парламенттен өтпөй калган. Тар чөйрөдө Отунбаеваны атайылап өткөрбөй койгону айтылат. 2007-жылы КСДП партиясы менен депутат болуп шайланган. 2010-жылы апрель ыңкылабынан кийин Убактылуу өкмөттү жетектеп, бир жарым жыл президент болуп иштеген.
  • Алмазбек Атамбаев – Март окуясынын авторлорунун бири, 2005-жылы 24-мартта Ала-Тоо аянтындагы митингге "Форумдан" (Атамбаевге таандык ишкана) түшүп келген. 2005-2006-жылдары өндүрүш жана туризм министри, 2007-жылы сегиз ай премьер-министр болуп иштеген. 2010-жылы Апрель ыңкылабынан кийин Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары, парламенттик шайлоодон кийин премьер-министр, 2011-2017-жылдары президент болгон. Президенттиктен кеткенден кийин 2019-жылы мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевди бошотуу иши боюнча камалып, 11 жыл түрмөгө кесилген.
  • Баяман Эркинбаев – Жоогазын ыңкылабынын авторлорунун бири. Ошол кезде Кара-Суу базарынын ээси, түштүк аймактарда саясий, криминалдык чөйрөдө таасирдүү фигуралардын бири болгон. Башында президент Аскар Акаев тарапта болуп, кийин оппозицияны колдогон. 2005-жылы сентябрда киши колдуу болгон.
  • Акылбек Жапаров - Парламенттик шайлоодо утулуп калып, алгачкылардан болуп нааразычылык акциясын уюштуруп, Бишкек-Торугарт жолун бууган. "Кыргызстан элдик кыймылынын" (КЭК) штабын 22-марттан баштап жетектеген. 2005-2010-жылдар аралыгында Курманбек Бакиевдин режиминде каржы министри, экономика министри, биринчи вице-премьер-министрлик кызматтарды аркалаган. Учурда Министрлер кабинетинин төрагасы.
  • Өмүрбек Текебаев – 24-марттан кийин бийликти легитимдештирүүдө башкы роль ойногон. Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган. Март окуясынын алдында "Кыргызстан элдик кыймылынын" (КЭК) жетекчиси Курманбек Бакиевди колдобой турганын ачык билдирген. Курманбек Бакиев президент болуп шайлангандан кийин оппозицияга өткөн. 2010-жылы апрелдеги ыңкылаптан кийин Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары болуп, конституциялык кеңешмени жетектеген. Учурда Кыргызстандын Германиядагы элчиси.
  • Феликс Кулов - Жоогазын ыңкылабынын аркасы менен түрмөдөн чыккан. Ага чейин беш жыл абакта отурган. Түрмөдөн чыккандан кийин ыңкылаптын лидерлеринин бирине айланган. Ыңкылаптын башка бир лидери Курманбек Бакиев менен тандемге барып, 2006-жылдын аягына чейин премьер-министрлик кызматты аркалаган. 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин "Ар-намыс" партиясы менен парламентке өтүп келген.

Март ыңкылабы тууралуу видеодон көрүңүздөр

Март ыңкылабына 17 жыл: жеке бийлик кулаган күн
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:55 0:00

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG