Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:41

Президенттин сунушу, Бекназаровдун талабы


Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

Саясатчы, коомдук ишмер Азимбек Бекназаровдун талапкерлиги Кыргызстандын Малайзиядагы элчилик кызматына көрсөтүлүп жатат. Бекназаров аны бул кызматка президент өзү сунуш кылганын айтууда.

Кыргызстанда болгон эки революциянын алдында жүргөн саясатчынын айланасындагы акыркы окуя элчилерди тандоонун талаптарына байланышкан маселени козгоду. Талдоочулар бийлик өзүнө ыңгайсыз саясатчыларды алыскы-жакынкы чет мамлекеттерге элчи кылып дайындоо менен оппозициянын тилин тапкан тажрыйба бардык бийликтин тушунда колдонулуп келгенин белгилешүүдө.

Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы элчи болору жөнүндө кабар алгач жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланды. Көп өтпөй «Бекназаровдун Кыргызстандын атынан Малайзияга элчи болушу үчүн Малайзия тарап макулдук берген документ» деген кагаз жарыяланды.

Саясатчы 7-октябрда Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, ага элчилик кызмат сунушталып жатканын ырастады жана анын талапкерлигин бул орунга президент Сооронбай Жээнбеков өзү көрсөткөнүн айтты. Анын журналисттерге берген маалыматы боюнча, өлкө башчы ага ар кандай кызматтардын ичинде Түркияга, Азербайжанга элчи болуп барууну сунуш кылган.

Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

- Президент Сооронбай Шарипович экөөбүздүн жолукканыбызга бир жылга жакындап баратат, - деди саясатчы. - Ал мага ар кандай кызматтарды сунуш кылып келет. Мен муну биринчи жолу ачык айтып жатам. Президент мага «сиз канча жылдан бери жумушсуз жүрөсүз. Бардык президенттерге мокочо болуп көрүнүп келе жатасыз. Мен сизди түшүнөм, экөөбүз чогуу депутат болгонбуз» деди. Бирок мен «биз эки жолу курултай өткөрдүк. Мамлекеттин, улуттун алдында көп иштер бар. Мен Туруктуу элдик кеңештин төрагасымын. Мен курултайда коюлган маселелерди аягына чыгармайынча эч жакка бара албайм» деп айттым.

Азимбек Бекназаровдун айтымында, президент менен такташып алчу негизги эки маселе бар. Алар - Элдик курултай кыймылы сунуш кылып жаткан конституциялык реформага баруу жана Кыргызстандагы кендердин ишин тартипке салуу.

Ал президент жалпысынан буга чейин курултайда коюлган талаптардын аткарылышына көмөк көрсөтүп жатканын, бир топ маселелерде алардын ою менен макул экенин айтууда.

Бирок Бекназаров принципиалдуу деген баштагы эки маселе боюнча Сооронбай Жээнбеков менен тил табыша алса Малайзияга элчи болуп кетүүгө макул экенин, эгерде иш алар ойлогондой болбосо кызматтан баш тартарын жарыялады. Бул боюнча ал президент менен ушул жумада жолугушарын жана элчи болуп кетер-кетпеси ошондо чечилерин билдирди.

Президенттин аппараты Азимбек Бекназаровдун сөздөрү боюнча азырынча комментарий бере элек.

Бекназаров баштаган Элдик курултай кыймылынын мүчөлөрү акыркы жылдары бийликти конституциялык реформага жасоого чакырып, шайлоо системасын өзгөртүүгө үндөп, иштетилип жаткан кендерде өлкөнүн үлүшү сөзсүз болушу керек деген талаптарды коюп келет. Азыркы бийлик Кыргызстанда болгон 2005-2010-жылдардагы революциянын башында турган саясатчылардын бири Азимбек Бекназаровго элчилик кызмат сунуш кылып жатышын эксперттер ар кандай баалашууда.

Саясат талдоочу Даниел Кадырбеков президент бул сунушу менен бийликке ыңгайсыз саясатчыларды чет мамлекеттерге элчи кылып дайындоо аркылуу оппозициянын тилин тапкысы келип жатат деген пикирде.

Даниел Кадырбеков.
Даниел Кадырбеков.

- Кыргызстандын элчилерин карасак бир-эки гана элчи өз кесиби боюнча кызматка дайындалбаса, калгандары саясий негизде. Алар барган мамлекетте экономикалык жактан алгылыктуу иш алып барбайт же саясий жактан да маселе көтөрө алышпайт. Кыргызстан кичинекей мамлекет болгон үчүн элчилик кызмат өлкөдө дымактуу саясатчылар көп болуп кеткенде аларды чет мамлекетке элчи кылып таратып, мамлекеттеги чыңалууну басуучу институт болуп калган. Негизи элчилик - бул мамлекеттин тышкы экономикалык жана саясий максаттарына жете турчу куралы болушу керек. Ал жакта билимдүү, кесипкөй адамдар барып, биздин өлкөнүн кызыкчылыктарын коргошу керек, - деди ал.

Кыргызстанда чет мамлекеттерге элчи дайындоодо дипломаттык кесиби жок, бул чөйрөдө тажрыйбага ээ эмес, мурда-кийин кайсы бир мамлекеттик кызматта иштеген адамды коюу СССРден калган эски адат катары бааланып жүрөт. Талдоочулар мындай тажрыйбаны кайсы гана бийлик келбесин колдонорун айтышат.

Азимбек Бекназаров өзү деле азыркы бийлик аны саясий көз карашынан улам элчиликке сунуш кылып жатышы мүмкүн экенин четке каккан жок:

- Ооба, президенттин айрым кеңешчилери «муну бир жакка жиберели. Бул тынч жатпайт» деши мүмкүн. Президент мага элчилик кызмат сунуш кылганда мен «эгерде мага ошончолук эле жумуш бергиңиз келип жатса, өзүмдүн кесибиме жараша Кыргызстандын эле ичинен бербейсизби» дедим. Ал «мен сунуш кылган кызматка сиз барбайсыз» деди. Мен ал эмне кызмат экенин сураган жокмун.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын башынан бери Орусия, Кытай, Жапония, Индия, Улуу Британия, Түркия баш болгон ондон ашык өлкөгө жаңы элчилерди дайындады.

Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин мүчөсү, депутат Чыныбай Турсунбеков акыркы жаңы дайындалган элчилерге мындай баа берди:

Чыныбай Турсунбеков.
Чыныбай Турсунбеков.

- Ар бир элчи биздин комитет аркылуу өтөт. Комитет мүчөлөрүнүн жаңы дайындалган элчилерге ишеними бар. Анткени алардын көбү мурда-кийин дипломатия жаатында иштеп жүрүшкөн, тажрыйбага ээ.

65 жаштагы Бекназаров буга чейин башкы прокурор, Жогорку Кеңештин депутаты, Убактылуу Өкмөттө вице-премьер-министр болуп иштеген.

Сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков мурдагы Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү менен жолугушуп, пикир алышкан.

Азимбек Бекназаровдун уулу, Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Руслан Бекназаров быйыл жайында президенттик аппаратка кызматка алынган. Ал өзү бул маалыматты «Азаттыкка» ырастап, аппараттын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүндө эксперт катары иштей баштаганын билдирген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG