“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген экономисти Анвар Артыков болду. Ал автоунаа базадан кантип обкомго келгени, эмне үчүн президенттик жарышка катышканы, миллион долларды ким сунуш кылганы, “элдик губернаторду ким шайлаганы”, саясатчылар Акаев, Бакиев, Кулов, Садырбаев жөнүндөгү пикирин айтып берди.
- Анвар Артыкович, 2000-жылы сиз президенттикке ат салышууга чыктыңыз, бирок, мамлекеттик тил боюнча сынактан кулап калдыңыз, адилет чечим болгон дейсизби?
- Менин мамлекеттик тилди билүү деңгээлим жөнүндө кеп кылганда, ошол учурда президенттикке талапкер болгон Акаевдин жазган иши менен менин ишимди бир салыштырып көрсөңөр болот. Ал киши Өзбекстан деген сөздү Узбекистан деп жазган. Мен кыргыз тилин тил адиси катары билем деп айта албайм, мен кыргызча мектепте окуган эмесмин. Бирок, кыргыз тилинде кээ бир кыргыздарга караганда жакшы эле сүйлөчүмүн, жакшы эле билчүмүн. Мамлекттик тил боюнча комиссияда көп талкуу жүргөн, көп талаш-тарыш болгон, акыры бийликтин кийлигишүүсү менен мени кулатышкан. Комиссияда Ж. Мавлянов, К. Акматов, С. Жигитов деген белгилүү адамдар болгон. Анан сиз сурап жатпайсызбы, “эмне үчүн президенттик шайлоого бардыңыз” деп. Мен өтпөй турганымды билчүмүн. Бирок, Акаевге каршы аттанып чыккам. Шайлоого бараткан беш талапкер сүйлөштүк. Бийликтегилердин анализи боюнча мени экинчи орунга чыгат, 30 пайыз добуш алат деп болжолдонот. Анан бийликтегилер мага асылып туруп алышты. Жанагы беш талапкердин алдында “эгер мен экинчи орунга чыксам, үчүнчү орунга чыкканга бошотуп берем” деп сөз бергем. Анан биздин аксакалыбыз Дооронбек Садырбаевге “бешөөңөргө бир тоголоктон (бир миллион доллар-Б.О.) беребиз бешөөңөр тең “оптом” чыгып кеткиле, деген сунуш болгон.
- Сунуш ким тарабынан болгон?
- Акаев тарабынан болот да..
- Ошо бешөөнү айтып кое аласызбы, кимдер эле?
- Мен, Текебаев, Садырбаев дагы кимдер... Азыр унутуп калдым, бешөөбүз... Анан Дооронбек Садырбаев бизге “мага беш миллион доллар өзүнчө бересиңер, калгандарына бир миллиондон бересиңер деп беркилерге айттым” деп тамашалап айтканы бар.
- Анвар Артыкович, 2005-жылы Акаев бийликтен кетердин алдында сиз Ош облусунун “элдик губернатору” болуп шайлангансыз, ал кандайча болгон? “Бу Артыков кантип шайланып калды” деген суроолор жаралган...
- Облустун губернаторлугуна мен башка бирөөлөрдү да сунуш кылгамын, эч кимиси каалабай коюшкан. Оштогу аянтта 20 миңден ашуун эл чогулуп, элдик курултай болуп, мени губернатор шайлашкан, алардын 90 пайызы кыргыздар болчу, ал жерде өзбектер бар болгон. Ошол учурдагы биздин аракеттерибиз сепаратизм беренесине туура келген. Эгер биз жеңилип калганда мага 20 жылдык түрмө турган. Бардык жоопкерчиликти моюнума алып, элдин ишенимин актайм деп макул болуп баргам.
- Бирок, сиз 2005-жылдын аягына жетпей эле губернаторлук кызматтан түшүп калдыңыз, ага эмне себеп?
- Бакиев мени кызматтан алганга чейин мага жогорку деңгээлдеги 11 кызмат сунуш кылган. Ал кезде премьер-министр Кулов болчу. Бакиев “каалаган кызматын алсын” деп, салам айттырып жибериптир.
“Бир жолу саткан киши менен кайра иштешпейм”деп жооп бердим. Менин кызматтан кетишиме Бакиевдин инилери губернатордун ишине көп кийлигише баштаганы себеп болгон. Алар менин ишиме аралаша баштаганда кууп чыккамын. Ошондон улам мени "үй-бүлөлүк кеңештин чечими менен жумуштан алышкан" деген версия айтылат. Жумуштан кантип алышканын билесизби, мен кызматтан кеткенде үч күнгө чейин жарлык чыккан эмес. Ошко премьер-министр Кулов келди. Аэропорттон тосуп алып машинеге олтурганда эле, “менин эмне үчүн келгенимди билесиңби” деди.
“Болду, түшүндүм” дедим. Бакиев "жарлык чыгарып койсом, чыр чыгарып ийет" деп корккон. Бирок, ага карабастан мени “губернатордон кетирбейбиз” деп облустук администрацияга эл келген.
“Мен кызматтан жогорулап кетип жатам” деп, аларды эптеп сооротуп, таркаткам. Баарына кийлигишүүгө аракет кылышкан, губернатор дегенди “марионетка” деп эсептешкен, “биздин айтканды жасайсың” деп турушкан. Бакиев эки райондун акимин менин-губернатордун сунушу жок эле дайындап койгон. Мыйзамсыз болгонун түшүнгөндө бир жума өткөндөн кийин “сунуш жазып бериңиз” деп жатышпайбы, мен андан баш тарткам.
- 2010-жылы Сиз Жогорку Кеңешке “Ар Намыс” партиясы аркылуу депутат болдуңуз, эмне үчүн Куловго кошулдуңуз?
- Мен өмүрүмдө ишкерлик кылган эмесмин, ашыкча акчам болгон эмес. Шайлоого чоң-чоң акчалар керек болору белгилүү. Мага башка партиялардан сунуш түштү, “акчам жок” дедим. Ошондой эле сунуш Куловдон түшкөндө, ага да “акчам жок” десем, “акчаны мен берем” деди. Партияга ошентип кошулуп калгам. Партиянын шайлоо каражатынын бардык жоопкерчилигин Кулов өзү моюнуна алган.
- Коомчулуктагы “Ар Намыс” партиясына сырттан акча келген, деген пикирди туура десек болобу?
- Ошондой деп айтсак болот. Бирок, ал жагдайды көргөн же колум менен кармаган учур болгон эмес.