Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:36

"Жаныш Бакиевди кармасак кан төгүлмөк"


Артур Медетбеков: Жаныш Бакиевди кармасак кан төгүлмөк
please wait

No media source currently available

0:00 0:57:28 0:00

Артур Медетбеков: Жаныш Бакиевди кармасак кан төгүлмөк

“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы биринчи орун басары, генерал-майор Артур Медетбеков болду.

Ал маегинде артисттин баласы кантип атайын кызматка киргени, кыргыз армиясынын абалы, Бакиевдер кантип өлкөдөн чыгып кеткени, наркотрафик, бийлик, кылмыштуу топтордун байланышы, таасири ж.б. жөнүндө кенен кеп кылат.

- Артур мырза, 2010-жылы Бакиев бийликтен кулатылып, өзүнүн туугандары менен Жалал-Абад облусунда туруп калды. Ошол учурдагы Убактылуу өкмөт генерал Артур Медетбековго Бакиев менен иниси Жанышты кармап келүү боюнча тапшырма берилгени айтылган. Иш жүзүндө экөөсү тең өлкөдөн чыгып кетишти. Чындыгында ушундай буйрук болгонбу, эгер болсо алар эмне үчүн кармалышкан жок?

- 2008-жылы 22-январда Бакиевдердин указы менен мен жумуштан кеткем. Негизги шылтоо "Манас" аэропортуна бир учак конуп, ичинен 100 тонна ок-дары чыккан. Каттоого алганда ок дары эмес, башка ат менен катташканы белгилүү болгон. Бул окуя 2007-жылы жай айларында болгон. Ал ок-дарыны биз контрабандалык жүк катары таанып, иш козготконбуз. Иш козголгондон кийин президенттин администрация башчысы (Медет Садыркулов) аралашып, жүктү кайра Кыргызстандан чыгарып жиберүүгө, контрабандалык ишти токтотконго буйрук беришкенден кийин учак учуп кеткен. Себеби, ал ок-дарылар контрабандалык негизде биздин өлкө аркылуу Ооганстанга бармак экен. Ошол себептен бийлик менен менин ортомдо келишпестиктер болду, анан мени жумуштан кетиришкен.

Ошентип, 2010-жылдын 8-апрелине чейин мен мамлекеттик жумушта иштеген эмесмин. 7-апрелде окуя болгондон кийин Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, раматылык Болот Шернияз “бизге келип иште, жардам бер” деген сунуш айтты. Убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаева мүчөлөрүнүн астында мени Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары кылып дайындаган. Дүйшөбаев УКМКнын төрагасы болчу. “Бакиевдер элден чогулуп жатат, түндүк-түштүк согушу болушу мүмкүн” деген сөздөр чыга баштады. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Исаков, Сариев, Дүйшөбаевдин катышуусунда өткөн жыйында “Бакиевдер отурган жерди керек болсо вертолёт менен атыш керек, токтотуш керек, Кыргызстанды экиге бөлбөш керек” деген идеялар айтылган.

Жыйынтыгында “сен барасың” дешти. “Мен макул барайын, бирок Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнөн бирөө баштап барып, сүйлөшүш керек” дедим. Акыры коргоо министринин, ички иштер министринин орун басарлары жана мага - үчөөбүзгө “биригип, план түзүп, Бакиевдерди кармап, Кыргызстанда тынчтык алып келүүгө шарт түзгүлө” деген буйрук болду. 15-апрелде бизди шашылыш түрдө чакырып, Бакиевдер эртең Ошко барып элди чогултаары жөнүндө Дүйшөбаев айтып, бизди жолго чыгышыбыз керектигин айтышты. “Бизде план жок, даяр эмеспиз” дегенге да карабай “барасыңар” деди.

- “Альфа” тобу да Жалал-Абадга жөнөдүбү?

- 7-апрелдеги окуя боюнча "Альфанын" бир нече кызматкерине иш козгоп, аянтта ок атты деген айып тагылып, алардын ичинде өз ара олку-солку болуп турушкан. Мен алар менен сүйлөшүп, топтоп, самолёт менен Ошко учуп барып, Жалал-Абадды көздөй жөнөдүк. Бизге келген маалымат боюнча Бакиевдер биздин артыбыздан келе жаткан. Өзгөндө күтүп турсак ал маалымат жалган чыгып, бир саат мурда өтүп кеткендигин айтышты. Жалал-Абадга барып Тейит айылына Бакиевге өтөлү десек 20-30дай бала шлагбаум тосуп коюптур. Ошол жерден төртөөбүз курал-жараксыз текшерүүдөн өттүк. Анан Бакиевдин үйүнүн жанына дагы бир шлагбаум куруп коюшуптур. Дагы 20-30 кишиден текшерүүдөн өтүп, үйүнө кирели десек дарбазадан 4-5 автоматчан кишилер дагы курал такап текшерди. Бакиев чыкты, учураштык. "Мен сенин келгениңди билгем. Убактылуу өкмөттөн бир киши чалып айтты" деди. Кийин билдим ал кайсы киши экенин…

Мен Бакиевге “Убактылуу өкмөт мүмкүнчүлүк берип жатат. Кыргызстандан чыгып кетиңиз, эч ким тийбейт, коопсуздугуңузду укук коргоо органдары камсыз кылат” деген сунушту айттым. Ошол учурда Беларустун президенти Лукашенко чалып калды. Аны менен сүйлөшүп "Минскиге чакырып жатат" деп өзү айтып калды. Биз сүйлөшүп жатканда Жаныш Бакиев келди. “Сен колго түшүшүң керек” десем, "агамды кетирип жиберели анан көрөбүз, эл аралык уюмдар келсин" деген ар кандай сөздөрдү айтты. Көрсө ал кызуу (мас) экен. Бакиев убактылуу өкмөттүн талабына макул болуп, өлкөдөн чыгып кетээрин айтты. Отунбаева учактын учуп кеткендиги тууралуу кабар берди. Андан кийин Дүйшөбаев менен сүйлөшсөм "Артур биздин артыбызды сактап кал, Бакиевдердин баары учуп кетишсин" деген буйрук берди.

- Эмне үчүн Казакстандын учагы менен учуп кетти? Назарбаев "мен алып чыгып кеттим" деп жүрөт го...

- Ал убакта Нурсултан Назарбаев, Владимир Путин “Бакиевди аман-эсен чыгарып жибергиле” деп Отунбаевага кайрылышкан экен. Назарбаев бул ишти өз колуна алып, Казакстандын AN-24 деген учагы Жалал-Абадга келип конду. Алар машиналар менен келишти, туугандары коштоп келишти. Бакиев алар менен коштошуп, бир аз көзүнө жаш алып, аялы жана эки баласы менен самолётко түштү. Ошол учурда, бизге телефондон айтышты Райымбердиев, Калыевди кармагыла деп. Калыев ошол жерде болчу, биз туугандарынын көзүнчө аны кармадык.

- Жаныш Бакиев эмнеге кармалган жок?

- Ал аэропортко агасы менен коштошкону келген жок. Келгенде биз кармамакпыз. Бирок, ошончо 50-60 кишинин, автоматчандардын жанында кантип кармамак элек. Анан Жаныш Бакиевге чалдым “кармалып бер, колго түш” десем “жок болбойт” деди, экөөбүз телефондон катуу сөгүшүп, уруша кеттик. Ал телефонду коюп койду. Кийин эки МАИ унаасы жардам бериптир, качып кетти деген маалымат түштү...

- Жаныш Бакиевди кармоо үчүн атайын операцияга даярдык болгонбу, же сиздин телефон чалууңуз менен эле бүтүп калдыбы?

- Операция планы болгон. Бирок, түнкүсүн ал жерге штурм жасай албайт болчубуз. Көп кишинин каны төгүлмөк. Экинчиден, биз эртең менен курчоого алып, кирип кармай алабыз деп ойлогонбуз. Ага кошумча Жалал-Абад облусунун милиция кызматкерлери жумуштарын таштап салышып, иш жүзүндө Убактылуу өкмөткө баш ийбей калышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG