Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:52

“Акаевге аз добуш алып бердиң деп кызматтан алышкан”


“Акаевге аз добуш алып бердиң деп кызматтан алышкан”
please wait

No media source currently available

0:00 0:45:26 0:00

“Бийлик сырлары” берүүбүздүн коногу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагына эмгек сиңирген ишмер Аскербек Алиев болду.

Ал маегинде илимден мамлекеттик кызматка өткөнү, кантип төрт районго аким болгону, шайлоонун айынан кызматтан кеткени, Акаевдин район жетекчисин кабыл албаганы ж.б. маселелер жөнүндө сөз кылат.

- Аскербек Тукешович, сиз Токтогулдан кийин Ала-Бука районуна аким болдуңуз. Элдин айтымына караганда жакшы иштеген экенсиз. Бирок, күтүлбөгөн жерден акимдиктен бошотулдуңуз. Бул кызматтан четтеп калышыңызга президенттик шайлоонун кесепети тийген деген кептер бар. Ушул айтылгандар чынбы?

- Ал убакта акимдердин ишмердүүлүгүн баалоодо саясатташтырып койчу. Шайлоодо кандай иштеди, кимге иштеди, өзгөчө президенттик шайлоодо "берилип иштедиби" деп баалашчу. Анан шайлоо бүтүп добуштар саналып, протокол түзүлгөндө ошол аймактан президентке канча добуш берилди, ошол незизги суроо болчу. 2000-жылы президенттик шайлоо өттү, 2001-жылы 1-январда мени бошотушту. Өкмөттүн уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Давыдов Николай Петрович ошол күнү эртең менен чалып, республика боюнча аким катары жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөткөндүгүмдү, айыл чарба жана башка иштер боюнча алдыда экенимди айтып, мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүп жатканы менен куттуктаган болчу.

Анан эле кечинде президенттик аппараттын уюштуруу бөлүмүнөн биздин куратор Аалы Карашев чалып: "Сизди бошотуп жатат. Телевизордон угуп калбай өзүмдүн оозумдан угуңуз"деди. Анын себеби баарыбызга белгилүү болчу. Президенттик шайлоодо Ала-Бука районунун эли Акаевге 56 пайыз добуш берген. Негизи атаандашы Өмүрбек Текебаев 44 пайыз алган. Алар үчүн 56 пайыз аздык кылыптыр. Ошондой шайлоонун жыйынтык себептери менен ар кандай шылтоолорду айтып, берилип иштебегендерди кызматтан бошотушчу.

- Сиз көп райондо аким болуп иштеп калдыңыз. Көптөгөн шайлоолор башыңыздан өттү. Ошол учурда добуштарды кошуп жазуу деген бар болчу, анын баарына акимдер түздөн түз катышчу деген кептер айтылат. Ушундай болчу беле, сизди кыйнагандар болгонбу?

- Радиодо бир генерал “илгерки шайлоо менен азыркы шайлоонун айырмасы чоң” деп айтып жатканын угуп калдым. Албетте, чоң болгон. Ал убакта ошол генералдар 5 миң,10 миң деген даяр бюллетендерди машиналарына салып алып барып таратышчу. “Кагаздарды толтуруп бергиле, жетпей жатса кошосуңар” деп айтышчу. Мен андай кылган эмесмин. Кандай болсо ошол бойдон бердик. Ала-Бука районунун комиссиясы протоколду алып облуска кетип жатканда Текебаевдин тарапташтары эч бир машинаны өткөзбөй тосуп турган. Биздин комиссияга жол ачып, "эң таза шайлоо ушул жерде өттү" деп жиберишкен. Эгерде мен ошондой мыйзам бузууга жол бергенимде Текебаев 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн курамында отурганда мени түрмөгө отургузуп коймок.

- Аскар Акаев 15 жыл президент болуп турган чакта бир дагы райондун акимин кабыл алган эмес. Райондордун абалы жөнүндө кызыгып сурап койгон эмес деген имиштер уктум. Чын эле ошондой беле?

-Ал чын эле болгон. Биз акимдер Ак үйгө келгенде уюштуруу бөлүмү менен гана чектелчүбүз. Администрациянын жетекчисине кирүү деген да чанда гана болчу. Кирейин деген каалооң болсо да уруксат бербейт эле. “Эмне сурооң болсо биз чечебиз” деп эшиктен эле тосуп турушкан. Бир гана Курманбек Бакиев Аксы районунун көйгөйлүү маселелери боюнча аким катары мени кабыл алган.

-Аксыда Иринжит деген каналдын ачылышына Аскар Акаев келип, лентасын кесип кеткенден кийин ал жерде суу чыккан эмес экен. Суу ташыган автоунаа менен алып келип агызган деп да айтышат. Ушул чынбы?

- Мен аны өзүм көргөн жокмун, бирок уккам. Ачкандан кийин ал канал иштебей эле турду. Ага 2009-2010- жылдары акча бөлүнүп, Жогорку Кеңештин депутаттарынын да салымы менен иштеп баштаган.

- Курманбек Бакиев президент болуп турганда кайрадан Аксы районуна барып аким болдуңуз. Укканыбызга караганда Аскербек Алиев Бакиевдин Жалал-Абаддагы эң ишенимдүү адамы болгон деп айтышат.

-Эң жакын адамы болбосом дагы райондук деңгээлде өз милдетимди так аткарып иштедим.

- Ошол Бакиев доорунда Жалал-Абад облусун губернатор, акимдер эмес, анын инилери бийлик жүргүзгөн деп айтылат да. Сиз ошол нерсени байкадыңызбы?

- Жеке менин өзүмө андай кийлигишүү, кысым болгон жок. Ошол кезде Аксыда алтын кен тууралуу чырлуу маселе чыгып калды. Мен губернаторго “али мен аким болуп турган убакта бул жерге алтын иштетүүчү завод эч качан курулбайт” деп айткам. Себеби, суу булганат экен, элге кесепети көп боло турган. Ушундай кезде дагы мага эч ким буйрук берип, кысым көрсөткөн эмес.

- Бишкек шаарынын Биринчи май районуна да аким болуу оңой эмес. Анткени бул жерде Ак үй, өкмөт жайгашкан, саясий окуялар, митингтер көп болгон жер. Бирок, бир нече талапкерлердин ичинен президент Бакиев сизди тандап алган экен.

-Ал райондо акимдер бат-бат алмашып турат. Менден кийин эле 5-6 аким алмашты. Мен ал жерде 8 жыл иштедим. 1989-1993-жылдары Бишкек шаардык аткаруу комитетинде иштеп калгам. Ошол тажрыйбамды эске алса керек. Башка райондордо иштегем, ал дагы кошумча аргумент болгондур деп ойлойм.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG