Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:42

Дүйшөбаев: Бакиевге кылмыш чөйрөсү жардам берген


Кеңешбек Дүйшөбаев: Кримчөйрө Бакиевге талап койгон
please wait

No media source currently available

0:00 0:45:14 0:00

Кеңешбек Дүйшөбаев: Кримчөйрө Бакиевге талап койгон

“Бийлик сырлары” берүүбүздө Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев конокто болду. Ал маегинде милицияга кадрларды тандоо критерийи кандай болгон, уюшкан кылмыштуу топтор менен бийликтин мамилеси, Акаев аны кантип министр кылып дайындаганы, Убактылуу өкмөткө кирип калышынын себеби, президент Жээнбековго кантип жакканы ж.б. тууралуу кеп кылат.

- Уюшкан кылмыштуу топтор менен бийликтин алакасы барбы?

- Албетте бар. 1990-жылдары базар экономикасына киргенден бери бул алака өсүп-өнүгө баштаган. Маркум Рысбек Акматбаевдин криминалдык тобу абдан чоң роль ойноп, 2005-жылдан кийин иниси дагы, өзү дагы депутаттыкка ат салышып, өлкөнүн саясий турмушуна көп таасирин тийгизген. Керек болсо, ошол кездеги президент Ак үйдүн 7-кабатынан түшүп барып, борбордук аянтта аны менен сүйлөшүп, талаптарын кабыл алууга мажбур болгон.

- Ооба, Бакиев президент болуп турганда көчөдөгү демонстранттарга келип, Акматбаев менен жолукканы белгилүү. Ушул кырдаалдын өзү бийликтин элди угуу ниетиби же алсыздыгыбы?

- 2005-жылы Бакиевдин бийликке келишине криминалдык топтордун орду аябай зор болгон. Ак үйдү алганга криминалдык топтордун күчү колдонулган. Ошондуктан Бакиев бийликке келгенден кийин албетте, карыз болуп калган. Анан кримчөйрө өз талаптарын коюшкан. Ошентип, бийлик ана аткарабыз, мына аткарабыз деп аларды алдап, жооткотуп, кийин кандайдыр бир учурларды колдонуп аттырбадыбы. 2005-жылдан 2010-жылга чейин 50гө жакын буюртма адам өлтүрүү фактылары болду. Анын ичинде депутаттар, саясий ишмерлер, коомдук ишмерлер да бар эле. Ушулардын көпчүлүгүн криминалдык топтор аткарып берди да.

- Бүгүнкү бийлик менен криминалдык топтордун мамилеси кандай?

- Тилекке каршы, бүгүнкү күндө деле бул топтордун таасири абдан күч, абдан күч...

- 2005-жылы 23-мартта Кеңешбек Дүйшөбаевди президент Аскар Акаев вице-премьер-министр, ички иштер министри кылып дайындады. 24-мартта тополоң болуп Акаев качууга аргасыз болду. Эмне үчүн абалды колго алып, милдетиңиздерди толук аткара албай калдыңыздар, кантип тополоңго жол берилип кетти?

- Ал мезгилде шаардык ички иштер башкармалыгын жетектеп турдум. Шаар ичинде тартипти толугу менен камсыздап бердик. Оппозиция абдан күчтүү болчу. Эгерде мага бир нече ай мурда убакыт бергенде, ички иштер министри кылып мурда эле дайындаганда региондордун баарына күчтүү жаңы кадрларды дайындап, ошол жердеги көйгөйлөрдүн баарын чечип, Бишкекке күчтөрдүн топтолуп келишине жол бермек эмеспиз. Мамлекетте стабилдүүлүк сакталып калып, балким төңкөрүш болбойт болчу.

- 24-марттагы окуядан кийин Аскар Акаевич өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болду. Ар кандай пикирлер айтылат, кетпей деле койсо болмок деген да ойлор бар. Сиздин оюңуз кандай, ал кишинин өлкөдөн чыгып кетишине эмне себеп болду, ким көндүрдү аны?

- Мен шаардык ички иштер башкармалыгын 23-мартка чейин башкарып турдум. Ага чейин Аскар Акаевичке киргенге, болуп жаткан окуялар жөнүндө доклад бергенге мүмкүнчүлүк болгон эмес. Анткени, ага кире турган ички иштер министри бар эле. Болгон маалыматты министрге айтып жаттык. Ал айттыбы же айтпай койдубу мен аны билбейм. Кийин ойлосом, окуянын жүрүшү боюнча көп нерселер айтылбай, Акаев көп маалыматтарды укпай калгандай сезилет. Аймактарда бийликти басып алуу үчүн күчтөр түзүлүп, оппозиция Бишкекке чогула баштаганын көргөндө, аргасыз мени дайындап жатат да. Бир күн ичинде мамлекеттик деңгээлде саясий кырдаалды өзгөрткөнгө мүмкүн болгон жок.

- Сизди министр кылып дайындап жатканда мамлекет башчысы кандай маселелерди, тапшырмаларды койгон?

- Мени дайындарын билген эмесмин. 23-мартта саат 12де "ИИМге тезинен кел" деп чакырышты. Барсам, коллегиянын мүчөлөрү, жетекчилери отуруптур. Ошол кездеги премьер-министр Танаев мени жанына отургузуп, “президенттин указы менен Дүйшөбаев ички иштер министри болуп дайындалды, Суванбеков бошотулду” деп айтты. Танаев “кырдаал аябай курч” деди. Дароо эле болгон аракеттерди көрө баштадым. Эртеси төңкөрүш болуп, бийликти басып алууга аракет болорун билгенбиз. Кырдаал курчуп кеткен. Бирок, терс жакка кетип калбаса экен, ок чыгып, адам өмүрүнө коркунуч келтирген окуя болбосо экен деп болгон аракеттерди көргөнбүз. 24-мартта эртең менен оппозиционерлер менен да, Бакиев менен да өзүм жолугуп сүйлөшкөм.

Акыркы жылдары Аскар Акаевдин бийлигинин кадыры аябай эле кетип калган. Эл тажаса керек деп ойлойм. Ошондуктан, ал кетүүгө аргасыз болду. Саат 4төрдө кырдаал боюнча Акаев менен телефон аркылуу сүйлөштүм. “Башаламандык башталды, Ак үй басып алынды, өзгөчө кырдаал киргизбесек кармап кала албайбыз, указ керек” дедим. “Мен указга кол койбойм” деди. “Анда стабилдүүлүктү, коомдук тартипти сактап калуу мүмкүн эмес” дедим. "Эгерде указга кол койсом, өзгөчө кырдаал киргизсек силер курал колдоносуңар, жарандык согушка айланып кетиши мүмкүн, мен жоопкерчиликти ала албайм" деди. “Анда бийликти, тартипти сактап калыш кыйын болот” десем, “мыйзам чегинде колуңардан келген аракетти жасагыла” деп койду. Ошону менен биздин колу-бутубузду байлап койду да.

-2010-жылы дагы бийлик алмашты. Бир кезде Акаевге оппозиция болуп жүргөн Отунбаева, Атамбаев, Бекназаров, Текебаев ж.б. баштаган Убактылуу өкмөт түзүлдү. Анан Акаевдин ишенимдүү адамы болуп жүргөн Кеңешбек Дүйшөбаев кантип убактылуу өкмөттүн курамына кирип калды?

- Эми бул чоң саясат экен да. 2005-жылы алар менен кайнаса каным кошулбайт эле. Анткени биз баррикаданын эки жагында болчубуз. Бирок убакыт өткөн сайын позиция, көз караш, багыттар өзгөрөт экен. 2007-жылы бийликке келген команда бытырап тарабадыбы. Ошол эле Отунбаева, Атамбаев, Текебаев ж.б. Бакиевге душман болуп чыгышты да. Мен башынан эле ага душман болуп калгам. Ошентип, Бакиевге каршы күчтөрдүн баары бир жерге топтолгондо каалайсыңбы же каалабайсыңбы багытыбыз бир болуп кошулдук. 2008-жылы “Элдик кыймыл” түзүлгөндө, анын курамына кирип, штабында иштеп, аралашып калдым. 2010-жылы асмандан түшүп калган жокмун. Ага чейин эки-үч жыл чогуу күрөшүп жүргөнбүз.

- Апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттүн дарегине көп сөздөр айтылды, “аябай байышты” деп катуу сындашты. Анын ичинде сиздин атыңыз да аталды. Сиздин балаңыз апрель окуясынан кийин алты үйлүү болуптур. Буга кандай дейсиз?

- Эмне демек элем, жөө жомок дейм. Бул маселе дароо эле 2010-жылы көтөрүлгөн жок, 2015-жылдан кийин козголду. Анткени, Убактылуу өкмөт бийликтен кетти, Атамбаевди бийликке биз алып келдик. Анан келгенден кийин “коюнунда котур ташы бар экени” билинип калды. Бизге каршы атайын чабуулдар уюштурулду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG