Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

“Бийлик геологдорду катуу көзөмөлдөдү”


“Сары-Жаздын суусун Чүйгө алып келүү максаты болгон”
please wait

No media source currently available

0:00 0:45:10 0:00

“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу геология-минерология илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген геологу Кубат Осмонбетов болду. Ал маегинде кантип геолог болуп калганын, советтик бийликтин геологдорго болгон көзөмөлү, талабы, Сары-Жаз суусун Чүйгө жеткирүү планы, “Кумтөр” кенин совет өкмөтү эмне үчүн иштетпегени, “Макмалдын” Европага ташыган алтыны ж.б. маселелердин тегерегинде кеп кылат.

- Кубат агай, ошол учурда Мамлекеттик коопсуздук комитети (КГБ) болочоктогу геолог-студенттерди тизмеге алып, көзөмөлдөп турганы чынбы?

- Биз экинчи курстан баштап «Совершенно секретно», «Секретный» деген материалдарга кирүүгө уруксат алчубуз. Анкета, мүнөздөмө түзүлчү. Көпчүлүк балдар өтүп кетишчү. Анан баягы эл душманы, чыккынчы, ууру кылып ушак сүйлөгөн үй-бүлөдөн болсо уруксат берчү эмес. Кийин биз менен чогуу окуган кээ бир балдар окууну ташташты.

- Кыргыздын белгилүү философу, академик Аскар Какеев дагы сиздер менен башында чогуу окуган экен. Ал кийин кандайча философ болуп кетти?

- Аскар Чукутаевичтин атасы түрмөгө кесилип кеткен экен. Ошентип ага уруксат бербей койду. Лунин деген геолог, деканыбыз Аскарга «адистигиңди котор, болбосо геолог боло албайсың» деп айтыптыр. Ал ошентип топурак таануу адистигине которулуп, окуган. Кийин философ болуп кетти.

- Советтик система катуу, коммунисттик партия күчүндө турганда сиз геолог болуп иштедиңиз. Ал мезгилдеги геологияга болгон мамлекеттик саясат кандай эле, кандай мамиле кылчу эле?

- СССРдин геология министрлигинин коллегиясынан өткөрмөйүнчө жетекчилерди бекитчү эмес. Геологияга уруксат алгандан кийин Кыргызстандын партиялык, советтик органдарынын көзөмөлүндө болчубуз. 1966-жылы мени геологдордун республикалык профсоюз уюмунун төрага кылып шайлашты. Баарыбыз Компартиянын мүчөсү болгондуктан бизди көзөмөлдөп турушчу. Ар бир беш жылда аттестация болчу. Ошентип мен 16 жыл башкы геолог болуп иштедим.

- Кубат агай, 1970-80-жылдары беш жылдык пландарда “Сары-Жаз суусун бери көздөй Ысык-Көлгө чейин буруп, андан ары Чүйгө чейин алып келүү планы болгон. Мунун тагдырын билесизби. Совет өкмөтү эмне үчүн андай планды ишке ашырууга бел байлаган?

- Борбордук Азияда Сары-Жаздын калайындай калай жок. Ал долбоор “Ысык-Көл-Чүй өндүрүш комплекси” деп аталчу. Биринчи маселе, минералдык ресурсту иштетиш керек болчу. Ага электр энергиясы керек эле. Сары-Жаздын суусун кытайлар көп пайдаланышчу эмес, аны эл аралык келишим менен 50/50 кылып бөлүш керек болчу. Суунун теңин бөлүп алып, Ысык-Көлдүн төрүнөн канал менен суу чыгарып, жерлерди өздөштүрүш керек болчу. Ошол суунун теңин көлгө куюп, калганын Балыкчыга чейин каналга казып, Чу суусуна куюп, сууну көбөйтмөкпүз. Андан жүрүп отуруп Кара-Балтадан ары Панфилов районуна дагы алма, өрүк, кызылча өстүргөнгө суу жеткирмекбиз.

- Сары-Жаз долбоору Усубалиевдин демилгеси беле же Москвадан түшкөн беле?

- Усубалиевдин демилгеси болчу...

- Кыргызстандын экономикасын, тагдырын чечип жаткан Кумтөр кени качан ачылган? Ким биринчи ал жерде алтын бар экенин тапкан? Сиз катышсаңыз керек?

- Мен катышкам. Мен анда башкы геолог элем. 1979-жылы Бурцев деген геолог вертолёт менен учуп барган. Барып ташты кесип эле “проба” алып, анализге бериптир. Анан мен аны Москвага жактаганы алып бардым. Ошентип Кумтөр ачылды. 1978-жылы Өзбекстанга командировкага барып, чоң союздун окумуштуулары, академиктер Смирнов, Лавёров дегендер болуп “Мурун тоонун” кенин көргөнбүз. “Мурун тоо”, “Доңуз тоо”, “Беш-Кудук” деген жерлерден Өзбекстан жылына 80 тонна алтынды казып алчу. Биз ошол жактан үйрөнүп келип адистерге тапшырма бердик. Ошентип, Кумтөрдөгү Лысый кенин таптык. Кары жок, музу жок бир аралча болгондуктан Лысый деп коюшса керек. 1982-жылы Москвага барып, планды жактадым. Бирок, 4000 метрден ашык бийиктикте кен казууга уруксат жок, дешип ишти токтотуп коюшкан.

- Кумтөрдө алтын бар экенин аныктагандан кийин биринчи кайсы жакка сүйүнчүлөдүңүздөр?

- Геологдор сүйүнчүлөгөндү жакшы көрбөйт. Жашыруун сыр да. Кенди тапканыбыз менен кийин далилденбей калабы деген кооптонуулар болчу. Он жылга чейинки “запасы” бар, тастыкталган деп отчётко кол койгон адамдар 10 жылга чейин кесилген учурлар болгон. Биз “Кумтөрдү” акырын бактык, 1975-жылы Кыргызстанда алтын жок болчу. Биздин бактыбызга алтынды таптык.

- Союз убагында Кумтөрдү иштетүү демилгеси болгонбу?

- Биз геологиялык чалгындоо болуп жатканда андай демилге болгон жок. 1986-жылы кендин кору (запасы) 516 тонна деп бекиткенбиз. Бирок, Москвада мамлекеттик пландоо комитетинен акча бербей коюшту. Кийин союз таркап кетти.

XS
SM
MD
LG