Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:48

"Аксы окуясында бийликтин буйругун аткаргам"


«Коопсуздук комитети менен кызматташканбыз»
please wait

No media source currently available

0:00 0:45:21 0:00

"Бийлик сырлары" берүүсүнүн бул жолку коногу - Кыргызстандын мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Султан Урманаев.

Ал Коопсуздук комитети менен кызматташканын, ким министр болууга сүрөгөнүн, Аксы окуясы, депутаттык орун үчүн күрөштөрү, бийлик жана кылмыш дүйнөсү ж.б. маселелер жөнүндө кеп кылат.

- Cултан мырза, сиз 1970-1990-жылдардын аралыгында Кыргызстандагы эң чоң автоишкана "Автовнештрансты" жетектедиңиз. Көбүнчө Кытайга жүк ташыган экенсиздер. "Ошол учурда Урманаевди баш кылып, Кытайга кирип чыккан айдоочуларды төш кылып КГБ өздөрүнө агент кылып иштеткен" деп айтылат. Аларга атайын документтерди, тапшырмаларды берген деп угуп калдым?

- Негизи, мындай көрүнүш болгон. Жетекчилерди, айдоочу-жумушчуларды Мамлекеттик коопсуздук комитетинин элегинен өткөрүшчү. Анткени, бул орган ишканага өзүнүн кызматкерин коюп койчу. Ал өкүлдүн шаардык комитетте, бизде да кабинети бар болчу, ага кадимкидей маяна төлөчүбүз. Ал өкүл шаарга да, облуска да карачу эмес, түз Москвадан келишим менен келчү. Ошондуктан алар жогору тараптан көзөмөлдөнүп турчу.

- Москвадан жиберилген өкүлдөр сиздерге тапшырмаларды берчү беле?

- Биз ал өкүлгө сураган маалыматтарын берип турчубуз. Мисалы, биз кирип чыккан мамлекеттеги көрүнүштөр, элдин маанайы, ою, кабак-кашы өзгөрдүбү, ошолор боюнча жазуу жүзүндө маалымат алышчу.

- 2005-жылы Жогорку Кеңешке шайлоодо талапкерлигиңизди көрсөткөнсүз. Бирок, шайлоого аз калганда катышуудан баш тартыптырсыз. Эмне үчүн? Бирөөнүн пайдасы үчүнбү, же бийлик кийлигиштиби?

- Ал жерде чоң саясат бар экен, көрсө. Мен 2005-жылы Балыкчыга, Ак-Сууга да документтерин өткөрүп койгом. Анан саясат башталды. Бишкекте "Дасмияда" айтылуу агабыз, академик Мамбет Мамакеевдин мааракеси болду. Мен да чакырылып калдым, бардым. Ошол жерден "сизге наам берип жатса, баатыр болсоңуз, Ак-Суудан депутаттыкка коюңуз, сизге кайсы акмак каршы турмак эле" деп айтып жатышты. Каймана сөз менен айткандарын түшүндүм, ал жерден араң эле чыктым. Андан кийин раматылык академик Жаныбек Жээнбаев, Мамбет абанын уулу Канат болуп Балыкчыга келишти. Чогуу Ак-Сууга барып, "Мамбет абаны депутат кылалы" деп талапкерлигимди алып койдум.

- Жыйынтыгында Мамакеев депутат болдубу?

- Ал киши элдин кабак-кашын байкады окшойт "жок, жаштарга орун берейин" деп баш тартып кетип калды. Кайра Ак-Сууга барып башынан арыз тапшырдым. Шайлоого бир күн калганда документтерди бердим, орто жолдо жаман-жакшы айтышуулар болду. Ошентип, 2005-жылы да депутат болдум.

- Сиз Жалал-Абад облусунун губернатору болуп турганда Аксы окуясы орун алып күнөөлүү деп табылдыңыз, жоопкерчилик тарттыңыз, кийин акталдыңыз. "Аксы окуясы чыгаардын алдында Урманаевди ал жакка барууга тыюу салган. Эгерде облустук бийликке уруксат бергенде мүмкүн бул окуя болмок эмес" деген пикирлер бар. Ошол окуяны эстеп бериңизчи, чындап эле Аксыга барганга сизге тыюу салынганбы?

- Мени көзөмөлдөй башташты. Президенттин администрациясынын жетекчиси Карыпкулов "сен эч жакка чыкпайсың, ошол жакта туруп тур, сенин турганың мага керек" деп турду. Эч кимге айтпай Аксыга келсем, аким Шермамат Осмонов тосуп алды. Кирсем эле “Карыпкулов телефон чалсын деди” дешти. Чалсам 4 жарымда келет деди. Ошол убакта мен Кара-Жыгач, Кара-Суу айылдарына чалып, укук коргоочу Турсунбек Акун менен сүйлөштүм.

“Келбейсизби, элди тынчытып жүрөбүз” деп чакырып калды. Саат 4тө жолукканга макулдаштык. Ага жетпей эле "сен Аксыга эмнеге келдиң, ал жакта аким бар, айтканды угуп өзүңдүн ордуңда отурбайсыңбы" деп Карыпкулов тилдеп калды. Ал жерде айтыша кеттик. Мыйзам боюнча администрация башчысынын буйруктары министрлер, облустук, райондук жетекчилер тарабынан кыйшаюусуз аткарылууга милдеттүү болчу. Анан айла жок угасың, кайра артка Жалал-Абадга кайттым.

- Султан мырза, сиз 2010-жылы Атамбаев баштаган КСДП менен шайлоого катыштыңыз, иштедиңиз. Бирок, мандат албай калдыңыз. Ага эмне себеп болду?

- Мен тизмеде алдыңкы бешинчи сапта тургам. Ага себепкер болгон Осмон Артыкбаев. Мен Бишкекте жүрсөм, телефон чалып “Форумга” келиңиз, деп чакырып калды. Барсам Атамбаев "Ысык-Көл боюнча шайлоодо жардам бербейсизби" деп суранды. Эки саатта эле мени көндүрүп коюшту. Колуман келген жардамымды бердим. Жыйынтыгында Атамбаевдин партиясы облустар боюнча Ысык-Көлдөн эң жогорку добуш алды. Кийин президент Балыкчыга келип, “ишкананын акциясын мага сатпайсыңбы” деп жатпайбы. “Бул жерде көп акционерлер бар” дедим.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG