Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:40

Жолдептерден


Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, маркум Баяман Эркинбаев.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, маркум Баяман Эркинбаев.
2001-жылдын октябр айы. Будапешттеги конференциядан келатып, Москвадагы аэропортто бир нече саат отуруп калууга туура келди. Бишкектин учагын күтүп отургандар арасында маркум Баяман Эркинбаев да бар экен. Жанынан өтүп баратып: “Саламатсызбы?” – деп учурашсам, алик алып “бул ким эле” дегендей үңүлө караган бойдон калды. Анда Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынында “жаш депутаттардын” бири эле. Кайдан, эмнени айтса да сөзү куюлуп, добушу өктөм чыккан Мамбет Мамакеев, Жамин Акималиев, Дастан Сарыгуловдор арасында ал кезде Алмазбек Атамбаев да даап, трибуна талаша албай “жоош депутат” болуп отурчу.

Парламентке ал кезде күн сайын жумушка баргандай эле таң атпай барып, Эл өкүлдөрдүн айткандарын угуп, улам бир интервью алмай биздин эрмек эле. Журналист экенимди эстеди окшойт, бир убакта учакта биздин катардын жанынан өтүп баратып, Баяман Эркинбаев: “Азаттыктансыз”, э? Тосуп алышабы? Болбосо биздин машине менен таштай кетебиз”, - деп кичи пейил сурап калды. Мен “Рахмат, үйдөгүлөр тосуп алышат”, - деп жооп узаттым.

Ичимден “Баяман тууралуу кандай гана сөздөр тарабайт, чынында кадимкидей эле бир кыргыздын жигити, ким билет ичинде кандай сыр жатканын” – деп ойлонуп кала бердим.

ХХХ

2000-жыл. Ак үйдүн жетинчи кабатындагы бир жолугушууга журналисттер менен катышып, андан чыгып, тааныштардын кабинеттерин кыдырып-маектешип, шашпай лифтке келсем, айтылуу аксакалыбыз Турдакун Усубалиев туруптур. Ал кезде биз, кабарчылар, Ак үйдө каалаган эшикти каккылап, маалымат чогултуп эркин жүрө берчүбүз. “Чакырган кишиңден башкага кирбе” деген эреже кийин жакында кирди.

Турдакун аксакал экөөбүз лифтке киргенде ал негедир терең улутунуп үшкүрүнүп алды. Мен аны тиктей түшүп: “Чарчатыштыбы?” – деп сурап койдум. Ал ыңгайсыздана түшүп, ийиндерин бүшүркөй: “Жок, мен өзүм эле, иштерим көп” – деп актангандай үн катты.

Аскар Акаев менен далайга маектешип, анысынан майнап чыкпасына көзү жетип кетип бараткандай туюлду мага. Акаев-Бакиевдердин тили менен айтканда, алгачкы “төңкөрүшкө” али төрт жарым жылдай убакыт бар болчу…

ХХХ

1999-жыл, ноябр. Аскар Акаевдин Дания менен Түркиядагы президенттик сапарына журналист катары коштоп бармай болдум. Аэропортко келсек, президенттин учагына куюлчу май, андан башка ыгым-чыгымын кошо көтөрө турган “кырк чоросу” – кыргыздын кыйын бизнесмендери да бараткан экен. Камчыбек Жолдошбаев, Токтосун Мадияров, дагы башка кыйын чыкмалар кудай бетин салбасын, суусар тебетейлерин кийип, “президент менен баратам” деп, жакындары келип узатып, айтор көңүлдөрү шайма-шай. Кырк чоронун арасында президенттин агасынын уулу, кеминдик “эрке бала” Акаев да күүлүү баратат.
Жолдо биз менен бараткан “Пирамида” телеканалынын журналисти туулган күнү экенин айта коюп, айрым берешен бизнесмендерден “жашыл кагаздан” белекке алды.

Данияда каныша айымдан баштап башка да көрүнүктүү адамдар менен жолугушуулар көп болду, бирок бир да кагазга кол коюлган жок, элчилер менен жолугушууда Норвегиянын Казакстандагы элчиси Кыргызстандагы кырдаалды аябай катуу сындап, Акаевди жер караткандай эле болду. Мен анын баарын редакцияга телефондон айтып кабарлап жаттым.

Ошондо мени, “Азаттыктын” кабарчысын ала барып, кайра өзүлөрүн ачык сындаткан ал режим көп жагынан чыдамкай экен деп баа берем. Андан кийинки жана азыркы бийликтер да андай алпейимдикти көргөзө алышкан жок.

Стамбулда “Аскар Акаевдин жолугушуулары аябай көп, ал киши аябай бат басат, “Чыраган” сарайынын бир башынан экинчи башына жүгүрүп жүрө ала турган күлүк журналисттен экөө гана жазылсын” дегенде Александр Малеваный (ал кезде “Слово Кыргызстана” гезитинин башредактору) экөөбүз жазылып алып керээлден кечке жөө жарышка түштүк. Акаев чын эле шыпылдап бат басат экен, шыңга бойлуу жансакчылары бир аттаса, мен үч аттап, артынан калбай кубалап жүрдүм.

Казакстан менен Өзбекстандын президенттеринин жансакчылары адегенде кирип барып, лифтти ачып буттары менен кармап турган соң, анан Назарбаев менен Каримов алда-кайдан чыга калып кирип кетишет. Акаев болсо жансакчылары менен кошо лифт качан келет деп жай маектешип күтүп турат. Шеварднадзе менен жолугат деп Малеваный экөөбүз күтүп турсак, лөкүйгөн зор жансакчылары келип, жолугушуу өтчү кабинетти карап чыгышты. “Здравствуйте”, - деп орусча учурашсам: “Камаржоба” деп грузинче сүрдүү жооп берип басып кетишти.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG