Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:11

Өзбекстан орус жарандарына жол ачып, өзү санкцияга илинбейби?


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Батыштын жана АКШнын көптөгөн санкцияларына кабылган орусиялык туроператорлор мекендештерине Visa жана Mastercard төлөм системаларын колдонуу үчүн Өзбекстанга атайын турларды сунуштап жатат. Анда өзбек банктарында орус паспорту менен тоскоолдуксуз эсеп ачуу мүмкүн экени айтылат.

Visa жана Mastercard карталары

Москва менен Екатеринбургдагы туроператорлорду бириктирген орусиялык Vedi Group туристтик компаниясы Өзбекстанга үч күндүк тур уюштуруп жатканын жарыялады. Анда Visa жана Mastercard төлөм системалары орус банктары менен иштөөнү токтоткондуктан, эми туристтик компаниялар Өзбекстанга барып, эсеп ачуунун жол-жобосун сунуштоодо.

Vedi Groupтун кызматкерлеринин бири "Азаттык" радиосунун өзбек кызматына Өзбекстанда орус паспорту менен жергиликтүү "Капиталбанктан" эсеп ачса болорун айтып берди.

"Туристтик турдун баасы 23 миң рубль. VISA жана Mastercard карталарын ачуу үчүн документтерди даярдоо да ушул баага кирет. Өзбекстандын "Капиталбанкында" эсеп ачылат. Ал жерде туристтерди биздин өкүл тосуп алат. Ал иш кагаздарын бүтүрүүгө жардам берет. Болгону орус паспорту керек. Эсеп ачуу үчүн 80 000 сум (болжол менен 7 доллар) төлөйсүз. Бул иш бир саатта эле бүтөт", - деп чечмеледи туристтик агенттиктин өкүлү.

6-мартка караган түнү эл аралык Visa жана Mastercard төлөм системалары Орусия Украинага басып киргенден кийин орусиялык банктар менен иштөөнү токтоткон. Ушул тапта орусиялыктардын мындай банк карталары чет өлкөдө иштебейт, ошондой эле чет элдик банктардын карталарын да Орусияда колдонууга болбойт.

“Капиталбанктын” Ташкенттеги борбордук кеңсесинин кызматкери “Озодликтин” журналистине орусиялык жарандар бул банктан эсеп ачып, Visa жана Mastercard карталарын алса болорун ырастады.

"Мындай максатта Өзбекстанга атайын турлар уюштурулуп жатканынан кабарыбыз жок. Бирок Орусиянын жарандары да биздин банктан эсеп ачып, Visa жана Mastercard карталарын ала алат деп ишенимдүү айта алам. Бирок бул үчүн орус паспорту жетиштүү эмес. Өзбекстанда убактылуу же туруктуу жашаганыңыз тууралуу күбөлүк керек болот. Ошондой эле 80 миң сум эсепке коюшуңуз керек. Мындан тышкары, ай сайын кардардын банктык эсебинде 500 доллардан кем эмес сумма болушу керек”, - деди "Капиталбанктын" атын атагысы келбеген кызматкери.

Ал арада грузин бийлиги өлкөдө туруктуу жашабагандарга 1-марттан 31-мартка чейин банк эсебин ачууга тыюу салды. Армениянын банктары келгендерден алты айга ижарага алынган батирдин документтерин талап кылып жатканы кабарланууда. Орусиялыктардын арасында популярдуу болгон дагы бир өлкө Түркиянын банкттары кардарлардан 5 миң доллар депозитти талап кылат.

"Өзбекстан санкциялык тизмеге илиниши ыктымал"

Москвалык Игорь Нестеров "Озодликтин" журналистине Өзбекстанда ачылган банк эсептер аркылуу чет өлкөгө акча которуунун жолун түшүндүрдү.

"Өзбекстан санкцияларга кирбейт. Visa же Mastercard банк карталарын ача аласыз. Ал жерде ачылган эсептерге рубль менен акча которулат. Чет өлкөдө бул акчаны доллар менен алса болот. Анткени бизде долларга да чектөө бар. Максат - Visa же Mastercard ачуу гана эмес, рублди чет элдик валютага алмаштырса болот. Азыр мындай карталар Грузия, Азербайжан жана Түркияда ачылып жатат. Акырындап Өзбекстанга да келип атышат. Менин билишимче, Өзбекстанда банк эсебин ачуу оңой болгондуктан, Ташкентке орусиялыктар көп агылып жатышат".

Өзбекстандын банктарында канча орусиялык жаран эсеп ачып, Visa же Mastercard карталарын алганы тууралуу расмий статистика азырынча жок.

Алишер Илхамов.
Алишер Илхамов.

Лондондо жашаган өзбекстандык саясат таануучу Алишер Илхамов Өзбекстан орусиялыктарга мындай "жолдорду ачып берип", өзү санкцияларды бузган өлкөлөрдүн "кара тизмесине" илинип калышы ыктымал экенин эскертти.

"Маалым болгондой, орусиялыктар каржылык санкциядан улам доллар жана евро менен жүргүзүлчү эл аралык системадан ажыратылган. Бирок Өзбекстандын айрым банктары VISA жана Mastercard карталарын берүүгө даяр экенин көрүп турабыз. Мындай ыкма менен алар акча которууларды тоскоолдуксуз жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Ал эми АКШ менен Евробиримдиктин тийиштүү органдары Орусияга каршы санкцияларды киргизүүдө өзбек банктарынын ролуна көңүл бурушу керек".

Санкциялар күчөшү мүмкүн

Жергиликтүү экономист Музаффар Агзамов өзбек банктарын карапайым орусиялыктарга Батыштын санкцияларын кыйгап өтүүгө "жардам берип жатат" деп айыптоо туура эмес деп эсептейт.

"Өзбекстандын банктары туруктуу иштеп атышат. Аларга орустарга эсеп ачууга эч ким тыюу салган эмес. Кошумчалай кетсек, санкциялар бүткүл орус элине эмес, айрым орусиялык банктарга жана жеке адамдарга каршы киргизилген. Ушундан улам карапайым калк жапа чегип жатат. Өзбекстан тыюу салса, Орусиянын орто катмары башка өлкөлөргө барып эсеп ачат. Мисалы Армения, Казакстан бар".

Сапарбай Жубаев.
Сапарбай Жубаев.

Казакстандык экономист Сапарбай Жубаев санкциялардан улам тышка агылган орусиялыктар токтобойт деген көз карашта.

"Орустар бардык коңшу мамлекеттерге агылып жатканы байкалууда. Грузия, Армения, Кыргызстан, Казакстанга кетип атышат. Алар Орусиядагы каржылык санкциялардан качып жатышат. Санкциялар алынмайынча, бул процесс токтобойт".

24-февралда орус аскерлери Украинага басып киргенден тартып АКШ жана Батыш өлкөлөрү Орусияга каршы катаал каржылык санкцияларды киргизген.

Ал эми чет өлкөдө жашаган өзбекстандык финансист Фарход Иногомбаевдин айтымында, АКШ мурда киргизилген санкцияларды айланып өтүүгө мүмкүндүк берген банктарга да санкция киргизиши мүмкүн.

"Азыр АКШ Орусияга каршы дагы санкцияларды киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул өзбек банктары үчүн өтө кооптуу. Эгер алар АКШ санкциясына кабылган жеке же юридикалык жактарга эсеп ачууга жардам беришсе, алар өздөрү да санкцияга кабылышы мүмкүн. Жөнөкөй жарандардын ачкан эсебинде маселе жок. Бирок банктар кардарларды кайра текшериши керек. Алардын айрымдары санкциялык тизмеде болушу мүмкүн. Жаңы санкциялар болорун унутпашыбыз керек".

25-мартта Вашингтон Орусияга мурда киргизилген чектөөлөрдү айланып өтүүгө жардам берген жеке адамдар жана компаниялар дагы кошумча санкцияларга кириптер болуп калышы ыктымал экенин эскерткен.

Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Вашингтон экономикалык жана каржылык санкцияларды кеңейтиши мүмкүн деп билдирди.

Расмий Ташкент АКШ жана Евробиримдик санкция салган өзбек миллиардери Алишер Усмановдун мүлкүнүн тагдыры тууралуу расмий билдирүү жасай элек. Ал эми ушул айдын башында президент Шавкат Мирзиёев өкмөткө Өзбекстандын “айрым тышкы соода өнөктөштөрүнө” киргизилген санкциялардын таасирин азайтуу планын иштеп чыгууну тапшырган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG