Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:31

Бучадагы үрөй учурган иштер. Орусия Одессага сокку урду


Буча. Көчөдө жаткан сөөктөрдүн бири. 2-апрель, 2022-жыл.
Буча. Көчөдө жаткан сөөктөрдүн бири. 2-апрель, 2022-жыл.

Украин армиясы Киев облусунан орус армиясын сүрүп чыгып, дээрлик өз көзөмөлүнө алганын билдирди. Баскынчылардан бошотулган Буча шаарында ондогон жайкын тургундун сөөгү табылды. 3-апрелдин таңында орус армиясы Одесса шаарына ракетадан сокку урду. Ал эми Балтика мамлекеттери орус газынан баш тартышты.

«Франс-пресс» агенттигинин журналистери тарткан видео, сүрөттөрдөн орус баскынчыларынан бошотулган Буча шаарындагы бир эле көчөнүн ар кайсы тарабында жаткан сөөктөрдү көрүүгө болот. Алардын айрымдарынын колдору байланган. Бирөөнүн колунда ачылган украин паспорту бар. Маркумдардын карарып кеткен жүздөрүнөн бир нече күн мурун өлгөнүн боолгосо болот. Үрөй учурган ушундай эле кадрларды «Рейстерс» агенттиги да таратты.

Калаанын аман калган тургундары азыр да нес бойдон жүрүшөт.

Бучанын мэри Анатолий Федорук 2-апрелде билдиргендей, орус аскерлери көзөмөлдөп турган бир ай ичинде шаардын 300дөй тургуну өлтүрүлгөн. Алардын 280и бир жерге көмүлсө, башкаларынын сөөктөрү көчөдө эле калганын мэр кошумчалады. Москва мындай айыптоолорго комментарий бере элек.

Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель Украинанын Буча шаарындагы орус армиясынын «аскердик кылмышка тете» аракеттеринен кийин Орусияга дагы санкциялар киргизилерин билдирди.

3-апрелде Твиттерге ал «орус аскерлеринин жырткычтык аракеттерин чагылдырган видеолорду көрүп нес болгонун» жазган.

Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс «Бучадагы жана Украинанын башка шаарларындагы жырткычтык аны нес кылганын» 2-апрелде билдирип, кылмышка баргандар жоопкерчиликке тартыларын белгиледи.

Буча жана Киев облусундагы Ирпен, Гостомел жана башка шаарлар орус аскерлеринен бошотулганын алгач Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр Фейсбукка жазды. Андан соң бул маалыматты президент Владимир Зеленский дагы ырастады:

- Биздин коргоочулар Киев менен Чернигов облустарындагы айыл-кыштактарда өз көзөмөлүн орнотууну улантып жатышат. Баскынчылардын карамагына өтүп кеткен аймактардын көбүндө украин желеги илинди.

Зеленский алдыда өлкө чыгышында айыгышкан салгылашуулар күтүлүп жатканын дагы бир ирет эскертти. Ал ошондой эле түштүктө дагы соккулар болушу мүмкүн экенин айткан.

Одессага сокку урулду

Кара деңиздин боюнда жайгашкан Одесса шаары 3-апрелдин таңында ракеталык соккуга кабылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин өкүлү Антон Геращенко Телеграмга жазды. Анын айтымында, бир нече райондо өрт тутанды. Миллиондой адам жашаган Одесса украиндер каармандык менен коргоп жаткан ири порт шаар болуп саналат.

3-апрелде Орусиянын Коргоо министрлиги калаанын жанындагы мунай иштетүүчү заводго жана мунай сактоочу кампаларга сокку урганын билдирди. Мекеменин маалымат катчысы Игорь Конашенков Украинада жалпысынан 28 обьектиге сокку урулганын айтты.

-Бүгүн таңда таамай соккон аба жана деңиз ракеталары Одесса шаарынын айланасындагы мунай иштетүүчү заводду жана күйүүчү май сактоочу үч кампаны жок кылды. Ал жактан күйүүчү май Николаев багытындагы украин аскерлерине жеткирилип турган.

Одессага орус армиясы сокку урду. 3-апрель, 2022-жыл.
Одессага орус армиясы сокку урду. 3-апрель, 2022-жыл.

Буга чейин украин бийлиги орус аскерлери Киев менен Чернигов шаарларынан кетип жатканын билдирген. Чернигов шаары Украина менен Беларустун чек арасына жакын жайгашкан. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын маалыматына караганда, Орусиянын Беларустагы аскердик техникасынын көбү иштен чыгып, орус аскерлери Украинадан жөн кетпей, уурдалган буюм-тайымдарды ала кетишкен.

Ал арада эки аптадан бери дайына чыкпай жаткан документалист Макс Левиндин сөөгү Киевге жакын жерде табылды. «Чек арасыз кабарчылар» уюму Твиттерге 2-апрелде жазгандай, Левин куралсыз жүргөн жана "пресса" деген жазуусу бар кийим кийип жүргөн. Ал 24-февралда Украинада согуш башталгандан бери курман болгон алтынчы журналист.

Ал эми Азов деңизинин жээгиндеги стратегиялык Мариупол шаарында 100 миңдей адам орус аскерлеринин курчоосунда турат. Аналитиктердин эсебинде, Орусия калааны толук басып алып, бир гана Донбасстагы өз карамагындагы аймактарды көздөй гана гуманитардык коридор ачууну каалайт.

Украинанын баскынчылардан бошотулган Буча шаары. 2-апрель, 2022-жыл.
Украинанын баскынчылардан бошотулган Буча шаары. 2-апрель, 2022-жыл.

Зеленский Мариуполдун Орусия кол салгандан бери туруштук берүүсү Украинага түндүктөгү аймактарын кайтарып алууга мүмкүнчүлүк бергенин айтты.

Балтикадагы Латвия, Литва жана Эстония орус газынан баш тартты. Бул тууралуу Латвиянын радиосу менен болгон маегинде Conexus Baltic Grid (Conexus) газ операторунун башчысы Улдис Баррис билдирди.

Буча: көчөдө калган сөөктөр, күйгөн танктар
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:52 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG