Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

"Маралдын мүйүзүн алдырат". Путиндин ден соолугу талкууда


Путин Сибирде эс алууда. 3-август, 2012-жыл.
Путин Сибирде эс алууда. 3-август, 2012-жыл.

Жума ичинде дүйнөлүк басма сөзгө жарыяланган айрым макалалар тууралуу баяндама.

Меркелдин Орусияга карата саясаты сынга кабылды

“Ангела Меркел кайтып келди. Бийликтен кеткенине үч ай болгон экс-канцлер кайрадан коомдук талкуунун көңүл борборунда калды”.

Le Monde гезити 29-марттагы макаласында Украинадагы согуш Меркелдин Орусияга карата саясатын кайра карап чыгууга, баа берүүгө түрткөнүн баяндайт.

Берлиндеги кабарчы Томас Видердин жазганына караганда, Орусия Украинага кол салган күнү эле мурдагы коргоо министри, өзү Меркелдин кол аcтында иштеп кеткен Аннегрет Крамп-Карренбауер “Грузиядагы согуш, андан кийин 2014-жылы Крым, Донбасстагы окуялар болгондо Путинди чындап ооздуктоо үчүн аракет көргөн эмеспиз” деп, муну “тарыхый ката” катары баалаган.

"Твиттердеги постунда экс-министр мурдагы жетекчисин сөз кылбаганы менен кимдин короосуна таш ыргытканы айдан ачык", - деп уланткан сөзүн журналист.

Андан кийин ушундай эле мазмундагы ойлору менен бөлүшкөн немис саясатчылары ала кушту атынан атабай, Германия жана Европа акыркы жылдары жүргүзгөн тышкы жана коопсуздук саясатында кетирилген калпыстыктардын артында ким турганын кыйытышты.

Макалада Меркелге кандай конкреттүү доомат артылып жатканы талданат. Бул суроого жооп берип, Видер немис гезиттериндеги айрым макалалардын аталыштарын келтирет. Süddeutsche Zeitung “Украинадагы согуш: Путиндин күнөөсү жана Меркелдин салымы”, Der Spiegel “Меркелдин Орусия саясаты аз-маз бойкот менен чектелген” деген аталышта материалдарын чыгарышкан.

Андан ары айтылгандай, бардыгы 2008-жылы НАТОнун Бухарестте өткөн саммитинен башталган. Ошондо немис канцлери жана Франциянын ошол маалдагы президенти Николя Саркози Украина менен Грузиянын альянска кошулушуна каршы чыгып, Путиндин экспансиялык маанайына май тамызышкан. Төрт айдан кийин эле Орусия Грузияга чабуул койгон.

Дээрлик ушундай эле жагдай 2014-2015-жылдары Крымдын аннексиясынан кийин жана Донбасстагы согуштун башталышында түзүлгөн.

"Албетте, Берлин Орусияга каршы санкция киргизүүнү сүрөөнгө алган, Меркел Украинанын чыгышындагы жаңжалды токтотууну көздөгөн Норманд квартетинин ишине жигердүү катышкан. Бирок анын чечкиндүүлүгү “Түндүк агым-2” газ куурун салуу чечиминин көлөкөсүндө калды", - дейт кабарчы.

Крым.Реалии сайтынан алынган коллаж
Крым.Реалии сайтынан алынган коллаж

Макалада экс-канцлердин Путиндин саясатын сындаганы, оппозиционер Алексей Навальный ууландырылгандан кийин аны Берлиндеги клиникага барып көрүп кеткени, ошол эле мезгилде Меркел Орусия менен экономикалык алакаларды кеңейтүүнү жактаганы айтылат.

"Соода кылуу аркылуу өзгөрүүлөргө жетсе болот деген доктрина акыр-аягында зыяндуу болуп чыкты", - деген автор Ангела Меркелдин саясий мурасынан күмөн санагандар анын саясатын Германиянын коому кеңири колдогонун унутуп коюшканын, жамааттык жоопкерчилик бар экенин эске салган.

"Диалогдун, кол сунуу саясатынын күчүнө ишенүү 24-февралдын таңында бомбалардын добушунун астында кыйрады", - деп жыйынтыктайт макаласын Le Monde.

Орусия Борбор Азияны коргой алабы?

Журналист Брюс Панье Eurasianet басылмасында 31-мартта жарык көргөн макаласында “Орусия Борбор Азия өлкөлөрүн исламчыл согушкерлердин коркунучунан коргой алабы?” деген теманы талдап чыккан.

1999-жылдын августу. Баткен. Жапон геологдорунун турагы согушкерлер кол салгандан кийин.
1999-жылдын августу. Баткен. Жапон геологдорунун турагы согушкерлер кол салгандан кийин.

Кириш сөзүндө ал чөлкөм лидерлери Москванын аскердик кубатына көп ишеним артып келгенин, бирок орус армиясынын украин жергесиндеги жоготуулары ошол ишенимге чоң сокку урганын жазды.

Андан ары айтылгандай, Кремл менен мамилеси кандай болбосун, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан коопсуздугуна коркунуч жаралса Орусия кийлигишип, жардам берет деген бекем ишеничте болчу. Былтыр августта талибдер Кабулду басып алганда ошол маселенин актуалдуулугу даана байкалган. Автор ошол эле маалда борбор азиялык өлкөлөрдү “Талибан” кыймылы эмес, Ооганстандагы чет өлкөлүк согушкер топтор, асыресе аймактан чыккан жоочулар тынчсыздандырарына токтолгон.

"Талибдер бийликке кайтып келгенден кийин Орусия чөлкөмдө аскердик машыгууларды өткөрүп, борбор азиялыктарга колдоосун билдирген. Азыр болсо Москванын көңүл борборунда албетте, Украина турат", - деп улантат Панье.

Журналист орусиялык аткаминерлердин “Орусиянын тарыхый жерлери” тууралуу билдирүүлөрү аймак жетекчилерин камтама кыларын, бирок андан да курч маселе турганын белгилейт. Москва Украинадагы согуш менен алек болуп жаткан маалда Ооганстандын түндүгүндө топтолуп турган жоочулар чек арадан өтүүнү чечип чабуул койсо, Орусия көмөктөшө албай калат.

Мындай пикири менен бөлүшкөн автор, буга чейинки мисалдарды, анын ичинде “Өзбекстан ислам кыймылынын” 1999-жылы Баткенге басып киргенин эске салат. Ошол маалда Орусияда экинчи чечен согушу жүрүп жаткандыктан Кыргызстан аскердик жардамдан куру калган.

Макалада орус армиясы айтылып келгендей кубаттуу эмес экени согуштун жүрүшүндө ачыкка чыкканы, чоң жоготууларга учураганы баяндалат.

Журналист Борбор Азия жетекчилери бир нерсени эстен чыгарбоого тийиш деп белгилейт.

"Орус армиясынын согуштук аракеттери эбегейсиз кыйроолорго алып келерин Чеченстан, Сирия, эми Украинада күбө болуп келатабыз. Москванын жардамы үчүн талкаланган шаар-кыштактар менен төлөөгө туура келсе, балким, аймактын өлкөлөрү өз куралдуу күчтөрүнө көбүрөөк ишеним артууга тийиш. Кыйроолордон качып кутула албаса да, Москвага карыз болушпайт", - деп жыйынтыктайт Eurasianet басылмасындагы макаласын Брюс Панье.

Путиндин саламаттыгы суроо жаратууда?

Орусиялык “Медуза” басылмасы орус президенти Владимир Путиндин саламаттыгы жөнүндө маалыматты Кремл башынан эле жаап-жашырып келгенин, адегенде буга эч ким көңүл бурбаганын, бирок акыркы мезгилде мамлекет башчынын узакка эл алдына чыкпай калган учурлары көп болгонун жазды.

Путиндин ден соолугуна арналган иликтөөнү “Проект” басылмасы 31-мартта жарыялаган. “Медуза” ошол материалдын урунттуу жерлерине токтолот.

Андагы маалыматка караганда, Путинди атайлап "күүлүү-күчтүү эрен" кылып көргөзүп келишкен. Мурда иштеп кеткен чиновниктердин бири президент ден соолугуна анча көңүл бурбаганын, дарыгерлерге чанда кайрылганын айтып берген. Бирок ат мингенди жакшы көргөн президент бир жолу жыгылганда узакка “бутуна тура албай” калганын, андан кийин көпкө дарыланганын дагы бир жакын кишиси баяндап берген экен.

Иликтөөнүн авторлору 2012-жылы Путин эл алдына таяк таянып чыкканын эске салышат.

"Ошондо мамлекет башчынын алдын ала жаздырылып алган видеолорун пайдалануу практикасын ишке киргизишкен. Андай “жок болуп кетүү" адатына кеминде 2015-жылдын мартында, 2017-жылы августта, 2018-жылы февралда жана былтыркы сентябрда күбө болгонбуз".

Материалда президенттин жакындары арасында догдурлар көп болгону менен, жашы өткөн сайын ал салттуу эмес медицинага кызыга баштаганы да сөз болот. Басылма анын тааныш адамына таянып, Путин маралдын мүйүзүнүн тундурмасы (экстракты) менен жуунганды жакшы көргөнүн жазган

Иликтөөчүлөр президент Москванын Кунцево районундагы Борбордук клиникалык ооруканага көп каттап турганына көңүл бурушат. Ал жакта “жеке дарыгерлердин бөлүмүнүн” текшерүүсүнөн өтөт. Ошол эле адистер мамлекет башчыны сапарларда коштоп жүрөт.

"Проект" мамлекеттик сатып алуулардын сайтындагы контракттар менен таанышып чыккан.

"2016-2017-жылдары президентти Сочидеги резиденциясына орто эсеп менен беш дарыгер коштоп жүрчү, кээде алардын саны абдан көбөйүп кетчү деген жыйынтыкка келген. Ошол маалда Путин коомчулук алдына бир топко чыкпай калган".

Андан ары баяндалгандай, ошол дарыгерлердин арасында онкологиялык дарттарга адистешкен хирург, калкан безинин рагын дарылоо ыкмалары жөнүндө илимий эмгек жазган Евгений Селиванов да болгон.

Мындан тышкары иликтөө авторлору булактардын бирине шилтеме берип жазгандай, медициналык чөйрөдө “президенттин саламаттыгына байланышкан маселелер тууралуу көп сөз кылып келишет”.

Андай сөз былтыркы сентябрдан бери күчөгөн экен.

"Коронавирустан улам көпкө чейин изоляцияда болгон Путин иш-чараларга катыша баштагандан көп узабай эле күтүлбөгөн жерден кайра обочодон иштерин жарялаган", - деп жазган "Проект".

Журналисттер президенттин сүйлөшүүлөрдү узун үстөлгө отуруп жүргүзгөнүн да белгилешкен.

XS
SM
MD
LG