Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:43

Украин армиясы орус аскерлерин сүрүп чыгарууда


Украин армиясы. 28-март, 2022-жыл.
Украин армиясы. 28-март, 2022-жыл.

Украинанын армиясы Киевдин жака белинен орус аскерлерин сүрүп чыгарууда. Орусия "дос эмес мамлекеттерден" газдын акысын рубль менен төлөөнү талап кылды. Европа өлкөлөрү Путиндин бул талабын четке какты. Евробиримдик менен Кытайдын жетекчилери виртуалдык саммит өткөрөт.

Украин армиясы Киевдин айланасынан, анын ичинде Чернигов шаарынан орус аскерлерин сүрүп чыгарууну улантууда. Маалыматка караганда, украиндер Слобода жана Лукашевка кыштактарын баскынчылардан бошотту.

Украин президенти Владимир Зеленский армиянын аракетин жогору баалап, бирок жакын арада Донбасста жана курчоодо калган Мариупол шаарында айыгышкан кармаштар болушу мүмкүн экенин эскертти:

"Орусиянын күчтөрү мурдагыдай туруштук бере албасына көзү жетти. Бирок бул орус аскерлеринин тактикасынын бир бөлүгү экенин түшүнүүбүз керек. Алар башка маанилүү аймактарга кол салуу үчүн күч топтоп жатат. Ошондуктан биз сабырдуу болуп, карманышыбыз керек. Алдыда дагы чоң салгылашуулар турат. Биз көздөгөнүбүзгө жетүү үчүн кыйын жолду басышыбыз зарыл".

Орусия украин баш калаасынын тегерегиндеги аскердик аракеттерин басаңдатууну убада кылганына карабастан, ракеталык сокку урууну улантып жатат. Киев 1-апрелде билдиргендей, орус армиясынын айрым бөлүктөрү Беларус тарапка орун которууда.

Маалыматка караганда, орус аскерлери басып алган жердеги украиналыктардын автобустарын, жеңил автоунааларын жана уурдап алган буюм-тайымдарын ала кетишкен.

Британиянын коргоо министри Бен Уоллес Путин мурдагыдай чоң күчкө ээ эмес экенин билдирди. Уоллестин айтымында, орус президенти өзү курган капаска түшүп, обочодо калды.

"Анын армиясы алсырап калды. Чоң жоготууларга учурады. Орусиянын улуу армиясынын кадыр-баркы кетти. Эми ал бир гана Украинада эмес, өз армиясына келтирген зыяндын кесепети менен жашоого аргасыз. Орус армиясына жаңы чакырылган жаш аскерлердин арасында көп жоготуулар болду",-деди Уоллес.

Мариупол дале курчоодо

Ал арада Орусиянын коргоо министрлиги 1-апрелде курчоодогу Мариупол шаарындагы жайкын тургундардын сыртка чыгып кетиши үчүн гуманитардык коридор ачарын билдирди. Ал жакта он миңдеген адамдар бир нече аптадан бери суусуз, жарыксыз күн көрүүдө.

Украинанын расмий бийлиги 45 автобустан турган кербен жардам жеткирип, ал жактагыларды чыгарып кетүү үчүн жолго чыкканын билдирди. Ал эми Мариуполдун жергилдиктүү бийлиги орус армиясы калаага тыштан келген жардамды киргизбей, гуманитардык коридор ачууга тоскоолдук жаратып жатканын айтууда.

"Шаарга кирүү мүмкүн эмес жана жеке автоунаа менен чыгып кетүү абдан кооптуу бойдон калууда",-деп жазды Мариуполдун мэринин жардамчысы Петр Андрюшенко.

Маалыматтарга караганда, Орусиянын Украина менен чек арасына жакын жайгашкан Белгород шаарында күйүүчү май заводунда өрт тутанды. Бийлик аны украин тик учактары аткылаганын билдирди. Эгер бул маалымат ырасталса, бул Украина Орусиянын аймагына урган биринчи сокку болуп калат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG