Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:18

Кремлдин Түштүк Осетиядагы "Крым сценарийи"


Грузиянын оккупацияланган Түштүк Осетия аймагы.
Грузиянын оккупацияланган Түштүк Осетия аймагы.

Грузиянын тышкы иштер министри оккупация шартында Түштүк Осетияда референдум өтсө да, анын укуктук күчү жок болорун билдирди. Анын алдында жикчил жумурияттын жетекчиси Орусияга кошулуу багытында кадамдар жасаларын айткан.

Грузиянын башкы дипломаты Давид Залкалиани Страсбургдагы эл аралык сот Түштүк Осетияда оккупация процесси жүрүп жатат деген чечим чыгарганын эске салды.

“Оккупация шартында бир да референдумдун укуктук күчү болбойт. Анын үстүнө жүздөгөн журтташыбыз өз үйүнөн куулуп, этникалык тазалоодон улам кайта албай жатат. Бизди эл аралык коомчулук жана дос мамлекеттер колдойт”, - деп айтты Залкалиани.

Министрдин айтымында, Грузия тынчтыкты жактарын далилдеп келатат жана 2008-жылкыдай чагымга жол бербейт.

31-мартта жикчил Түштүк Осетиянын башчысы Анатолий Бибилов Орусияга кошулуу маселесин элдик референдумга алып чыгуу багытында кадамдар жасаларын билдирген.

"Орусия менен биригүү биздин стратегиялык максатыбыз деп эсептейм. Бул - биздин жолубуз, элдин тилеги. Биз бул жол менен алдыга жылабыз. Тиешелүү юридикалык кадамдарды жакын арада таштайбыз", - деп айтты Бибилов Орусиянын мамлекеттик телеканалына курган маегинде.

Ал Орусияны түндүк осетиндердин "тарыхый мекени" деп атады.

Түштүк Осетия 1992-жылы өзүн Тбилисиден көз каранды эмес деп жарыялаган. 2008-жылы Грузия менен кыска согуштан кийин Москва ал жумурият менен жикчил Абхазиянын эгемендигин таанып, эки аймакта тең миңдеген аскерин жайгаштырган. Орусия Түштүк Осетиянын 53 миңден ашуун калкынын дээрлик баарына өз паспортун берген.

Дүйнө мамлекеттеринин басымдуу бөлүгү Түштүк Осетияны Грузиянын бир бөлүгү деп билет.

Ал эми жикчил Абхазиянын жетекчилиги Орусия Федерациясынын бир бөлүгү болуу маселеси азыр күн тартибинде жок экенин билдирди.

Орусиялык саясатчылар чечим кабыл алынса, Түштүк Осетиядагы референдумду бир-эки айда өткөрүү мүмкүн экенин айтышууда. Мамлекеттик Думанын КМШ, евразиялык интеграция жана журтташтар менен байланыштар комитетинин төрага орун басары Виктор Водолацкий Орусияга кирүүнү жикчил аймактын калкынын 100% колдошу мүмкүн деген ою менен ТАССка берген интервьюда бөлүштү. Анын айтымында, ал жерде Крымдагыдай процедура колдонулат.

Жакында Украинанын чыгышындагы өздөрүн "Луганск элдик республикасы" деп атап алган жикчил топтор да Орусияга кошулуу тууралуу референдум өткөрүүнү көздөп жатканы кабарланган.

Ал арада грузин оппозициясы жана укук коргочулар Москва Грузиядан өз алдынча бөлүнүп кеткен жикчил аймактарда мобилизация жарыялашы ыктымал деген кооптонуусун билдиришүүдө.

Украинанын куралдуу күчтөрү 30-мартта маалымдагандай, Түштүк Осетия жана Абхазиядагы эки базадан Украинадагы согушка 2 миң аскер жөнөтүлгөн. “Эхо Кавказа” радиосу маселе грузин парламентинде козголгонун жазды.

"Орусиялык баскынчылар жана оккупациялык режимдери басып алган аймактарда жашаган жарандарыбызды украин жергесиндеги агрессивдүү аракеттерге, кылмыштарына тартып жатканы тууралуу тынчсыздандырган маалыматтар түшүүдө. Бул бардык адамдык нормаларды жана эл аралык, биздин өлкөнүн мыйзамдарын бузат", - деп белгиледи «Дроа» партиясынын лидери Элене Хоштария.

Социалдык тармактарда Цхинвалиден асердик техника чыгып баратканы тартылган видеолор марттын ортосунда пайда болгон.

Башкаруудагы “Грузия кыялы” партиясы Киевдин Тбилиси өзүнүн аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирүү үчүн экинчи фронт ачышы керек, бул Украинага жардам бермек деген идеясын айыптап келет. Бийлик өкүлдөрү оккупацияланган жерлерде жашаган элге каршы чыкпай турганын айтышууда.

Ал эми Грузиянын мурдагы акыйкатчысы Уча Нануашвли башка өлкөнүн жарандарын согуштук аракеттерде пайдаланууга эл аралык конвенциялар жол бербей турганын белгиледи:

"Эл аралык укукка ылайык, ал аймактар Грузиянын аймагы болуп эсептелет. Орусиянын ал жакта жашагандарды согушка салганы оккупация учурунда жарандардын укуктарын коргогон конвенцияларды бузат".

Нануашвили жергиликтүү калк арасында нааразылык жана чочулоо күчөгөнүн, келечекте аз сандагы элдер демографиялык маселелерге да туш болушу ыктымалдыгын кошумчалады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG