Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:52

Гареев атындагы ботаникалык бак шаардын балансына өтүшү мүмкүн


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин 4-апрелдеги жыйынында Бишкектеги Гареев атындагы ботаникалык бактын абалы талкууланды.

Отурумда Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев өкмөттөн ботаникалык бакчаны алууну суранганын билдирип, чет-жакасын ирээтке келтирүүнү көздөп жатканын, тегерегиндеги тосмолорун алуу керектигин айтты.

Эгер ботаникалык бакча мэриянын балансына өтсө, жашылдандыруу иштери жүрүп, шаардыктар сейилдей турган жакшы жерге айланарын кошумчалады.

Айрым депутаттар мэриянын бул демилгесин колдогон жок. Алардын пикиринде, муниципалитетке өткөн бакчанын жери сатылып, ал жерде башаламан курулуш иштери башталып кетиши мүмкүн.

Э.Гареев атындагы Ботаникалык бакчанын директорунун милдетин аткаруучу Гүлайым Донбаева комитеттин отурумунда ботаникалык бакка кирүүнү киши башына 50 сомго жогорулатууну сунуштады.

“Акы төлөп киргендерден түшкөн каражат биздин институттун каржылык маселесин чечүүгө жакшы көмөкчу болмок. Биздин эсептөөлөр 2019-жылы жасалган. Бул бакка жылына жүздөгөн адамдар келип турат. Анын айланасындагы тосмолорду алууга болбойт, себеби бул - илимий мекеме”,-ал.

Сөз болуп жаткан ботаникалык бакча — Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын системасындагы илимий-изилдөө институту. 1938-жылы негизделген.(KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG