Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:36

Бучадагы кыргын: Орусияга каршы жаңы санкциялар каралууда


Бучада көчөдө калган адамдын сөөгү. 3-апрель, 2022-жыл.
Бучада көчөдө калган адамдын сөөгү. 3-апрель, 2022-жыл.

Украинанын Буча шаарындагы окуяларды дүйнө лидерлери кескин айыптап, Орусияга дагы санкция киргизиле турганын айтышты. Калаадан орус аскерлери чыгып кеткенден кийин тартылган видеолордо ондогон адамдын сөөгү көчөлөрдө туш келди жатканын көрүүгө болот. Украин бийлиги аларды орус аскерлери ырайымсыз өлтүргөнүн билдирсе, Москва мындай дооматтарды четке кагууда.

Бир катар мамлекеттер

Жаңы Зеландиянын өкмөт башчысы Жасинда Ардерн Орусия ырайымсыз аракеттери үчүн дүйнө алдында жооп бериши керек экенин 4-апрелде билдирди. Ушул эле күнү жасаган билдирүүсүндө Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида Бучадагы окуяларды «эл аралык укукту бузуу» катары мүнөздөдү.

2-апрелде орус аскерлери чыгып кеткенден кийин Бучага кирген эл аралык журналисттер үрөй учурган көрүнүшкө күбө болушкан. Алар тарткан кадрларда бир эле көчөдө ондогон адамдын сөөгү туш келди жатканы чагылдырылган. Айрымдарынын колдору артка байланган. Жергиликтүү бийлик орус аскерлери жалпысынан Бучанын 300дөй тургунун өлтүргөнүн билдиришти. Дүйнө лидерлери күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартыларын, ал эми Орусияга карата санкциялар дагы катаалдашарын билдиришти. Франциянын президенти Эммануэл Макрон 4-апрелдеги маегинде орус аскерлеринин Бучадагы «согуштук кылмыштарынын" белгилери бар экенин айтты.

«Бучада болгон окуялар жаңы санкциялардын айлампасын жана катаал чараларды талап кылат»,-деген Макрон санкциялар эми орус көмүрүнүн жана мунайынын экспортуна тиешелүү болушу ыктымал экенин жоромолдоду. Испаниянын өкмөт башчысы Педро Санчес орус күчтөрү Бучада «геноцидге» барышы мүмкүн экенин боолгоду.

«Биз бул аскердик кылмыштарга баргандар жазасыз калбашы үчүн баарын жасайбыз»,-деди Санчес Мадридде сүйлөп жатып.

Буга чейин Еврокеңештин президенти Шарль Мишель, АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен, Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс дагы Бучадагы окуяларды айыптап, буга чекит кое турган мезгил келгенин билдиришкен.

Адамдар жапырт көмүлгөн жайлар. Буча. 3-апрель, 2022-жыл.
Адамдар жапырт көмүлгөн жайлар. Буча. 3-апрель, 2022-жыл.

Зеленский Бучадагы окуяны геноцидге теңеди

Украинанын президенти Владимир Зеленский орус күчтөрүнүн Бучадагы аракеттерин геноцидге теңеди. Ал ошондой Кремлдеги лидерлер Бучага келип аскерлеринин иштер өз көзү менен көрүп кетүүгө чакырды.

"Мен Орусия федерациясынын баардык жетекчилери алардын буйруктары кантип ишке ашып жатканын көрүп кетүүсүн каалайт элем",-деген Зеленский Путин менен орус аскерлери бардык кылмыштары үчүн жоопко тартылышы керек экенин кошумчалады.

2-апрелде «Азаттыктын» украин кызматынын кабарчысы чакан шаардагы бир эле көчөдөн он адамдын сөөгүн өз көзү менен көргөн. Алардын баары жайкын тургундар болушу мүмкүн. Ал эми Associated Press агенттигинин журналисттери Буча шаарынын ар кайсы көчөлөрүнөн жалпысынан жыйырмадан ашуун сөөктү байкай алышкан. Украин бийлигинин маалыматына караганда, Киевдин жака белиндеги шаарларда 410 карапайым адамдын сөөгү табылган.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Эл аралык кылмыш сотуна кайрылып, Бучага өз миссиясын жиберүүгө чакырды.

«Эл аралык кылмыш сотун жана эл аралык уюмдарды Бучага жана башка баскынчылардан бошотулган шаарларга, айылдарга өз миссияларын жиберүүгө чакырам. Алар украин укук коргоочулары менен бирдикте орусиялыктардын согуш кылмыштарынын далилдерин дыкат жыйнашы керек»,-деди Кулеба.

Москва дооматтарды четке какты

Ал эми Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова 3-апрелдин кечинде жасаган кайрылуусунда Бучадагы окуяларды «чагымчылдык» деп атады. Орус Коргоо министрлиги буга чейин тараткан билдирүүдө орусиялык күчтөр ал жактан 30-мартта эле чыгып кеткени, Бучадагы кадрлар «Киев режиминин кезектеги сценарийи» деп айтылат. Буга эч кандай далил келтирген жок.

Москва БУУнун Коопсуздук кеңешине 4-апрелде кайрылып, Бучадагы «украин радикалдарынын чагымчыл иштери» талкуулоо үчүн чогулууга чакырды.

HRW орус аскерлеринин согуш кылмыштары тууралуу баяндамасын жарыялады

Human Rights Watch (HRW )укук коргоо уюму Украинанын орус аскерлеринин убактылуу көзөмөлүнө өткөн аймактарындагы, тагыраагы, Чернигов, Харьков жана Киев облустарындагы согуш кылмыштары тизмектелген докладын жарыялады.

Баяндамада айтылгандай, 4-мартта орус күчтөрү Киевдин жанындагы Буча шаарчасында беш эркек кишини кармап, бирөөнүн көзүн тазалашкан. Күбөлөрдүн бири аскерлер тынч тургундарды жолдун боюна чөгөлөтүп, баштарын футболкалары менен чүмкөп алуу буйругун бергенден кийин бирин желкесине атып өлтүрүшкөнүн айтып берген.

Анын айткандары бир нече кишинин сөөктөрү кандай абалда табылганын сүрөттөгөн маалыматтарга дал келет.

6-мартта Ворзел деген жерде орус аскерлери аткылоодон качкан тургундар жашырынган жертөлөгө түтүн шашкасын ыргытышкан. Алар сыртка чыга качканда аскерлер бир аялды 14 жаштагы баласы менен кошо атып салышкан. Бул маалыматты маркумдар менен чогуу жашынып отурган киши берген.

Муну менен катар HRW Харьков облусунда кеминде бир аялдын зордукталганын каттады.

Уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон “ырайымсыздык жана зомбулуктар атайлап жасалган согуш кылмыштары катары иликтенүүгө тийиш” деп билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG