Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:48

"Кумтөрдөн 500 миллион доллар таза киреше алабыз"


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 4-апрелдин кечинде элге кайрылуу жасап, “Центерра” менен келишимге кол коюлганын, “Кумтөр” кени толугу менен мамлекетке өткөнүн жарыялады.

Ага ылайык, эки тарап тең доо арыздарынан баш тарта турган болгон. “Центерра” кыргыз тарапка 50 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү бир жолку төлөмдү да төлөп берери айтылды. “Кумтөр” кенин рекультивациялоо фондундагы 53 млн. доллар Кыргызстанга которулары да белгилүү болду.

“Центерра” менен кыргыз өкмөтүнүн жетишилген келишими тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Азаттыкка" маек курду.

- Кыргызстан эгемендик алгандан бери Чубактын кунундай чубалган Кумтөр кени боюнча келишимге жетишилгенин президент Садыр Жапаров жарыялады. Бул келишим Кыргызстанга эмне берет?

- Буга чейин Кумтөрдөн 410 тонна алтын казылып чыгарылган болсо, “Центерра” компаниясы ошонун 2 млрд. 900 млн. долларын таза киреше катары алып, бөлөк компанияларды сатып алып, өнүктүрүп келген. Кыргызстанга болгону 85 млн. доллардын тегерегинде гана үлүш берилип, андан тышкары салыкты төлөгөн. Болду, мунун бизге пайдасы ушул эле болгон. Эми биз бири-бирибизге болгон доо арыздардан баш тарттык. 17-майда Кумтөргө убактылуу башкаруу киргизгенде эле “кыргыз тарап басып алды,булар баскынчылар” деген тариздеги сөздөрдү таратып, арбитраждык сотко кайрылып, туура эмес жагдайлар башталган. Кендин, “Центерранын” 26% кожоюну болсок, өзүбүздүн мүлктү кантип басып алабыз?

Убактылуу башкаруу киргизип, эсеп ачтык. Акчанын баарын ошол жакка топтоп жатабыз. Келгиле, андан көрө сүйлөшөлү. Кен кыргыз эли, экономикасы үчүн иштеши керек деген талаптарды койгонбуз. Биз эл аралык, Кыргызстандагы юристтерди чогулттук, юстиция министри Аяз Баетов, Канададан Теңгиз Бөлтүрүк келди, айтор, кыргыз элинин кызыкчылыгын коргой турган акыл-эстүү балдардын баарын чогултуп, президенттин койгон тапшырмасын толук аткардык. Мындан ары теңсиздик жоюлду. Кумтөр эми 100% бизге өттү. Кен турган-турпаты менен, анын ичиндеги бардык техникасы менен 1 млрд. 300 млн. доллар деп бааланат, рынок баасы 3 млрд. доллар болот. Канадалыктар арбитраждык сотко 5 млрд. доллар турат деп даттанып, кенемте катары ушул сумманы талап кылышкан.

Азыр кенде канадалыктардын геологиялык чалгындоосу менен бекитилген 169 тонна алтындын запасы турат. Жакында Жогорку Кеңеш менен мыйзам кабыл алып, калдык сактоочу жай деп коёбуз, ал жерде 105 тонна алтыныбыз бар. Жакын арада 48% казып ала турган технологияны иштетебиз. Жалпысынан 200-210 тонна алтыны менен кен бизге өттү. Биздин геологдор да айтып жатат, өзүм да китептерден окуп чыкканым боюнча бул жерде 400-500 тонна алтын бар. Кыргыз элинин экономикасына, келечегине кызмат кыла турган кендин ээси болдук.

- Президент Кыргызстан менен “Центерра” тынч жол менен ажырашканын айтты. Ошондо эки тараптан тең экологиялык доолордун баары жабылдыбы?

- Эки тараптан тең жабылат. Өзүңүздөр билгендей, “Кумтөр Голд Компани” Кыргызстандын мыйзамы боюнча жооп берүүгө милдеттүү эле. Эми анын баарын жөнгө салганга биздин мыйзамдар жол берет. Жыйынтыгын жакын арада көрөсүздөр.

- Лондондун банкынын транстык эсебинен Рекультувациялык фонддогу 53 млн. доллар Кыргызстанга берилери айтылды. Ал каражат кайда сакталат жана кандай жумшалат?

- Бул каражатты Лондондогу Ротшильддердин компаниялары башкарып турган. Фонддо турган акча кен иштетилип бүткөндөн кийин рекультивация иштерине жумшалмак. Бул акча башка банкта турганы үчүн бөлөк жактын экономикасына иштеп турган. Ал сумма эми биздин Улуттук банкка келип түшөт, биз аны толук мамлекеттин карамагында болгон банктарга депозит катары салып, экономикага чоң түрткү беребиз деген пландарыбыз бар.

- Айрым серепчилер экологиялык доодон баш тартуу тобокечилик эмеспи деп жатышат...

- Өкмөттүк деңгээлдеги комиссиянын төрагасы катары айтайын, экологиялык чыгымдарды дагы эле изилдеп жатабыз. Биз айып пул салганбыз. Эми айып пул, туум дегендерди өкмөт өзү чече алат. Муну алдыдагы отурумдарда дагы карайбыз. Муз талкалоолорду 60% азайттык, эмки жылы жок кылабыз, 2 жылдан кийин жер алдынан казууга өтөбүз.

- Кумтөргө сырттан башкаруу киргизилгенде алтын сатууга, тетиктерди алууга байланыштуу чектөөлөр киргизилген болчу. Мунун баары келишимге кол коюлгандан кийин жөнгө салынабы?

- Апрель-май айынын ичинде юридикалык маселелердин баары жөнгө салынышы керек. Алтынды эл аралык биржаларга сата турган LBMA деген белги болот. Аны дагы толугу менен чечкенбиз. Азыр саясий маселелер бүткөндөн кийин алтынды дүйнөнүн кайсы бурчуна болбосун сатканга мүмкүнчүлүк алабыз, чектөөлөрдүн баары алынат. Бүгүн бири-бирибизге болгон доолордун баарын алмай болдук.

Биздин дагы бир чоң максатыбыз “Көчмөндөр мурасы” аттуу холдинг түзүп, 10го жакын кенди киргизгенбиз. 7-10 млрд. доллардык компания менен эл аралык рынокто инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат.

- “Центерра” башкарып турган учурда Кыргызстанга аз пайда түшкөнүн айттыңыз. Эми толук мамлекет ээлик кылгандан кийин кирешенин көлөмү көбөйөбү?

- Биз 1 унций алтынды 1829 доллар деп эсептегенбиз. Эгерде бул баа сактала турган болсо, быйыл салыктан тышкары 500 млн. доллар таза киреше алабыз деген планыбыз бар. Мурда 85 млн. долларды 20 жылда алганбыз.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG