Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:34

Азык-түлүк коопсуздугу, согуштун эпкини


2021-жылы тартылган сүрөт. Казакстандан келген унду түшүрүү учуру. Иллюстрация.
2021-жылы тартылган сүрөт. Казакстандан келген унду түшүрүү учуру. Иллюстрация.

Орус-украин жаңжалынын кесепетине байланыштуу Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу күн тартибиндеги маселеге айланды. Маселен, Ош облусунда дан эгиндери быйыл 3 миң гектардан ашык аянтка себилди. Дыйкандар тамак-аш тартыштыгы болушу мүмкүн деп, буудай аянттарын көбөйтүп жатышат. Экономисттер Кыргызстан ун менен өзүн 5% гана камсыз кыла турганын эске алып, жогорку сорттогу үрөндөрдү көбөйтүп, дан эгилчү аянттарды кеңейтиш керек деген пикир айтышууда.

Кара-Суу районунун Жоош айылынын тургуну Кутманбек Исаев быйыл 2 гектар талаага буудай айдады. Ал учурда дүйнөдө болуп жаткан олку-cолку абалды эске алып, буудай менен үй-бүлөсүн камсыздап калууну ойлогон.

"Дүйнөдө болуп жаткан окуялар бизге да таасир этиши мүмкүн. Өзүбүздүн жерибизге өзүбүздүн үй-бүлө, тууган-уруктар үчүн эгебиз. Эки жыл мурун пандемияда ун тартыш болуп, эл дүрбөлөңгө түшкөн. Ошондо өзүбүз буудай эгишибиз керек экен деп ойлогом".

Ош облусунда быйыл дан эгиндеринин аянты кеңейген. Буудай менен арпа жалпысынын 3 миң гектарга көп айдалды. Бирок муну менен Ош аймагы буудай менен өзүн-өзү камсыз кыла албайт. Анткени бир эле облуста эмес, Кыргызстан боюнча нанга керектелүүчү буудай айдалбайт. Аны сырттан импорттоого аргасыз экенин президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн региондорду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Маматжалил Токторбаев билдирди.

"Ош облусу буудай менен өз аймагын камсыздай албайт. Өзүбуздөгү үрөн менен аштык буудай, нанга керек болчу буудайды өндүрө албай жатабыз. Быйыл сортту жаңылоо менен президент Орусиядан элита үрөндөрүн тартып келип, сапаттуу дан алуу үчүн алып келинди. Дыйкандарга сатылды, ушул тапта талаага эгилди. Бул 4 % үстөк менен 1 килосу 50 сомдон берилди. Бул элита урук Ош облусунун аймагында 2 миң гектарга жакын аянтка эгилди. Эми көрөбүз, гектарына канча тонна түшүм берет".

Дубан күнүмдүк азык -үлүк менен камсыздоочу жашылчалардын ичинен картөшкө менен гана өзүн-өзү камсыздап, сыртка экспортко да чыгат. Сабиз, пияз, өсүмдүк майына келсек, импорттон көз каранды. Көбүнесе Тажикстан жана Өзбекстандан ташылып келет. Бул азыктар көбөйтүлгөн эмес.

"Мисалы, быйыл биз 13 миң гектарга картөшкө эгүүнү пландаганбыз. Азыркы учурда себилип жатат. Жашылчаларды 9,5 миң гектарга айдоону план жасап жатабыз. Өсүмдүк майы 2,5 миң гектарга, жүгөрүнү 26 миң гектарга, пахтаны 11 миң гектарга, күрүчтү 3,4 миң гектарга пландап жатабыз. Бул аянттар менен биз өзүбүздү камсыздай албайбыз".

Экономикалык серепчилердин пикиринде, орус-украин жаңжалы дүйнөдө, анын ичинде Борбор Азия өлкөлөрүнүн тамак-аш, азык-түлүк тармагына таасир этти. Быйыл Украинада согуштун кесепетинен өздөрүндө буудай аянттары бош калды. Орусия менен Украина дүйнөдө дан эгиндерин камсыз кылчу мамлекеттердин сап башында турат. Бул эки мамлекет дүйнөнүн 34% дан жана дан азыктарын экспорттошот. Экономист Баатыр Көчкөновдун пикиринде, алдыдагы 1-2 айдын ичинде Кыргызстанда азык-түлүк тармагында көйгөй жаралышы мүмкүн.

"Быйыл Украинада айдап-себүү болбой калды. Ошондуктан бул нерсеге биз даярданышыбыз керек. Быйыл өкмөт тараптан 6% менен насыя буудайды өндүрүү үчүн берилди. Бул нерсени биз дыйкандардан сурашыбыз керек. Аларга жетип жатабы? Ошондой эле сугат суу маселесин чечип беришибиз керек. Өкмөт ири дыйкан чарбага эмес, чакан дыйкан чарбага көңүл бурушу керек. Биздин ата мекендик ун өндүрчүлөр өлкөнү 5% гана ун менен камсыздайт. Калган 30% Орусия, 60% Казакстандан келет. Өзүбүздүн буудайыбыз сорту, сапаттуулугу жагынан орус, казак ундарына жетпейт. Биздин ун менен алардыкындай нан болбойт экен. Ошондуктан биздин үрөн чарбаларда жаңы сортторду көбөйтүш керек".

Ош облусунда 21 үрөн чарбасы бар. Алар 20 гектардан 500 гектарга чейин жер аянттарын ээлейт. Бирок дыйкандар бул үрөн чарбалар дыйкандарга керек болчу урук өндүрүп бере албай турганын айтышат. Алардын баамында, алардын сапаты сырттан келген үрөнгө жетпейт.

Кара-Суу районунун Жоош айылынын тургуну Кутманбек Исаев үрөн чарбаларды өнүктүрүүгө чакырды.

"Негизи үрөн чарбаларды өнүктүрүп, буудайдын, жүгөрүнүн, арпанын уругун өндүрүп, дыйкандарга арзан баада сатып турса, баарыбызга жакшы болмок. Бизде өзү дайканчылык планы жок. Мисалы, бир картада 10-20 гектар жер бар дейли, ал жактагы жер иштеткен дыйкандар ар кимиси ар башка эгин эгишет. Башаламан болуп кеткен. Алар үрөн чарбалары менен сүйлөшүп, бир тармактагы эгин эгишсе, мисалы, буудай, жүгөрү, пахта өндүрсө жакшы эле. Үрөн чарбалардын да ишмердүүлүгу жүрмөк. Алар лабораториядан уруктарды текшерүүдөн өткөрүп, базар баасынан арзан сатышы керек. Америкадан, Италиядан келген үрөндөрдү сатып албай, өзүбүздөн чыккан уруктарды колдонсок жакшы болмок".

Кыргызстанда бир жылдык унга болгон керектөө 800-900 миң тоннага жетет. Ошол эле учурда жергиликтүү дыйкандар орто эсеп менен 600 миң тонна буудай өндүрүп, анын жарымы мал-жандыкты багууга гана жарайт. Анткени нан азыктары үчүн ал буудай сапатсыз болуп эсептелет.

Кыргызстан ЕАЭБге кошулганга чейин 60тан ашык ун комбинаты болгон. Кийин алардын саны эки эсеге кыскарган. Ош облусунда азыр ун чыгаруучу беш завод бар. Алар сырттан жана дыйкан-фермерлерден буудай сатып алат.

  • 16x9 Image

    Арген Нуров

    "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. Ош мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG