Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:13

"Балдарга зыяндуу заттар кошулган азыктар берилип жатат"


Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин жетекчиси Назира Артыкова зыяндуу азыктарды көрсөттү.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин жетекчиси Назира Артыкова зыяндуу азыктарды көрсөттү.

Кыргызстанда пальма майы менен жасалган таттуулар, балмуздак кеңири сатылып, өсүп келе жаткан балдар арасында ашыкча салмак, жугуштуу эмес оорулар көбөйүүдө.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин жетекчиси Назира Артыкова тамак-аш коопсуздугу, көчөдө сатылган азык-түлүктүн курамындагы кооптуу заттар тууралуу "Азаттыкка" курган маегинде айтып берди.

Ал өз сөзүн балмуздак, сникерс, чипсы сыяктуу дүкөндөрдө кеңири сатылган тамак-аштын курамын талдоодон баштады.

- Биздин балдар аябай жакшы көрүп жеген таттуу азыктардын курамында алардын саламаттыгына зыяндуу заттар бар. Биринчиден балмуздак, сникерс сыяктуу шириндиктерде пальма майы, өтө көп шекер, энергия берчү суусундуктар менен колада ашыкча кант бар.

Ал эми чипс, катырылган нан (кириешка), туздалган жер жаңгакты жөн эле тузга чылап коюп жатышат. Эгер мындай азыктардын этикеткасын жакшылап окусаңар пальма майы, туз жана шекер бар экени ачык жазылган. Буларды сатууга мүмкүнбү же тыйыш керекпи деп текшериш үчүн өлкөдө жогорку технологиялуу лабораториялар болушу керек. Азырынча андай технология Кыргызстанда жок. Сапат көзөмөлүнө жеке эле Саламаттыкты сактоо министрлиги жооп бербей, башка мамлекеттик органдар да аралашканы жакшы. Маселен, Экономика министрлиги мамлекеттик стандарттарды аныктоого тийиш. Бирок бул азыктар сатууга жапырт уруксат беришкен. Болгону буларды көп жеген жаш балдардын кийинки саламаттыгы өтө начар болот. Биздин балдар эмне кылып жатышат? Алар мектепте танапис болгондо чуркап чыга калып, же сабактан кийин жолдо баратып, чөнтөгүндөгү аз-маз акчага "Чокопай" же "Сникерс" сыяктуу зыяндуу нерселерди сатып алууда.

- Акыркы маалыматтарга караганда, Кыргызстанда жалпы өлүмдүн 80% жугуштуу эмес оорулар түрткү болуп жатат. Мындай көрсөткүчкө эмне себеп болууда?

- Биз Кыргызстанын көчөлөрүндө сатылган тамак-ашты изилдеп чыкканбыз. Анын жыйынтыгы жарыяланган. Бул жакта эл туздуу, майлуу тамактарды жеген адат калыптанып калган экен. Мындай азыктарды ашыкча колдонуу бара-бара кан айлануу системасын бузат. Жүрөк, кан тамыр ооруларын козгоп, кант диабетине алып барат.

- Бул абалдан чыгуу үчүн эмне кылыш керек? Жылына орто эсеп менен 22 миң адам каза болсо, анын 20 миңдейин эле жугуштуу эмес оорулар жалмап кетип жатпайбы. Айрыкча акыркы мезгилде жаштар арасында да бул өнөкөт дарттар көбөйүптүр. Жаш эле каза болгондор да бар дегендей.

- Жаштар көп өлүп жатат деп айта албайм, бирок эрте көз жумгандар, башкача айтканда 70ке чыкпай эле каза болуп калгандар арбын. Биринчиден, зыяндуу тамак-аштын жарнамасын токтотуу керек. Мисалы, балдар жеген азык-түлүктү алалы, биз жакында парламент жана окумуштуулар менен бул багытта иш алып бардык. Жарнама боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизип, курамында зыяндуу заттар бар таттуу, же туздуу азыктарды жарнамалоону түнкү саат 10го чейин тыюуну сунуштадык.

Экинчиден, "Мектеп окуучуларынын азыктануусу" тууралуу мыйзамга да өзгөртүү киргиздик, анда да таттуу, туздуу нерселерди, балмуздакты мектептин айланасында 100 метрге жакын сатууга тыюу салынды. Балдар үчүн тамак даярдоодо туз менен шекердин көлөмүн чектөө да мыйзамдуу негизде бекиди. Балким Экономика министрлиги зыяндуу азыктарды өлкөгө алып кирүү, сатуу ыкмаларын чектеген кандайдыр бир иш-чараларды жүргүзүшү керек деп ойлойм. Маселен, супермаркеттерде балдардын колу жеткидей текчелерге койбой, бийик жайгаштыруу зарыл. Балдарыбызды зыяндуу тамак-аштан коргоо үчүн кандайдыр бир нормативдик документтер болуусу шарт да.

"Балмуздактын курамын текшерсе болот"

- Сиз Кыргызстанда сатылган таттуу тамак-аштын көбү пальма майы менен жасалат деп жатасыз, ошондой эле трансмайлар тууралуу да кеп козгодуңуз. Алардын ден соолукка кандай таасири бар? Өлкөдө тамактын сапатын текшерген лабораториялар жок экенин белгилеп өттүңүз. Бул багытта кандай иштер жасалышы керек?

- Биринчиден, тамак-аш сатып алып жатканда чоң кишилер деле сыртында жабыштырылган кагаздагы түшүндүрмөнү дыкаттык менен окуп чыгышы керек. Маселен, балмуздактын курамында "өсүмдүк майлары" деген түшүндүрмөнүн жанына кашаанын ичине "пальма майы" деп жазып коюшат. Менин колумда азыр "марс", "сникерс" балмуздактары бар, экөөндө тең пальма майы кошулганы ачык жазылган. Ушуга көңүл буруп, пальма майы же шекердин өлчөмү жогору болсо, андай азыктарды албаш керек. Пальма майы шоколаддарда жана балдар сүйүп жеген "Нутеллада" бар.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму пальма майына тыюу салгандыктан, азыр өндүрүшчүлөрдүн көбү шылуунданып, аны так жазбай "өсүмдүк майлары бар" деп коюшат. Ал түшүнүктүн артында пальма майы жана трансмайлар катылган. Ошондуктан, азык-түлүк сатып аларда анын курамын дыкаттык менен окуп чыгууну сунуштайм.

Баса балмуздакта пальма майы бар экенин оңой эле текшерсе болот. Балмуздакты алып, аны эритип койсоңуз ал каймактай же айрандай коюу болуп калса, демек пальма майы жок, сүт менен жасалган. Эгер балмуздак эригенде экиге бөлүнүп, суусу бир жагына, ак масса экинчи жагына бөлүнүп калса демек анда пальма майы кошулган. Бул май 100% эрибеген, арзан зат, аны жегенде канда холестериндин өлчөмү көбөйөт.

Мындан тышкары өлкөдөгү таттуулардын дээрлик баарына табитти ачуучу каражаттарды кошушат, ал азыкка көз каранды кылып коет. Айрыкча чипстер, кириешкага ашыкча туз, даамын арттырган заттар өлчөмүз кошулат. Аны бир таткандан кийин бала же чоң киши жемейин тура албай калат. Мындай көндүм ден соолукка аябай зыяндуу. Азыр балдарда семирип кеткендер көбөйдү.

Кыргызстанда эркектер он жылга аз жашайт

- Сиздердин уюм Бишкектин көчөлөрүндө сатылган тамактардын түрүн иликтеп, вафли, самса зыяндуу трансмайлар менен жасаларын аныктаган эле. Трансмайлар эмнеси менен ден соолукка зыяндуу?

- Трансмайлар, же маргарин адамдын кан тамырларын бүтөй берет, организмде холестериндин деңгээли жогорулап, артериалдык кан басым, жүрөк оорулары келип чыгат. Мындай азыктардан тышкары чылым тартуу менен алкоголь да жүрөк ооруларын көбөйтүп жатат. Кыргызстанда мындай зыяндуу тамактарды көбүнчө эркектер жейт. Ушундан улам кыргызстандык мырзалардын жашоо узактыгы аялдарга салыштырмалуу он жылга кыска. Бул маалымат да аябай уникалдуу, албетте аял менен эркектин ортосундагы жашоонун узактыгы боюнча айырма дүйнөдө бар болсо да, Кыргызстанда эркектер көп жылга аз жашаганы менен өзгөчөлөнүп турат.

- Албетте, бул айткандарыңыз өтө кооптондурат деңизчи, бирок силердин бул иликтөөлөргө мамлекеттик органдар кандай реакция кылышат? Сатылып жаткан тамак-аштын сапатын текшерүү, жаңы лабораторияларды куруу деген маселе каралабы?

- Биз эми сунуштама деле берген жокпуз, себеби сапатты көзөмөлдөө ар бир мамлекеттин өз мүмкүнчүлүгүнө жараша болот. Тилекке каршы, эки жылдан бери биз коронавирус менен гана күрөшүп, болгон күч-аракетти ошол жакка жумшап жатабыз. Ушундан улам сунуш айтсак деле ал аткарылмак эмес. Бирок, жугуштуу эмес оорулардын өлкө экономикасына таасири аябай чоң. Маселен, күчкө толуп турган калктын катмары азыр ооруп калып жатпайбы, дал ушул жагдайдан Кыргызстандын экономикасы жылына 130 миллиард сом зыян тартат. Себеби, жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыккан адам иштей албай калат, дары-дармегине каражат коротот. Ал иштебей, дарыланып жатканда да мамлекет зыян тартат, мунун баары эсеп да. Эптеп-септеп тапкан акчасын аябай кымбат медициналык анализдерге, дарыларга жумшайт. Кийин оору өтүшүп кетсе, анын кесепети менен күрөшүүгө да көп акча сарпталат.

Туура азыктануу көндүмгө айланышы керек
Туура азыктануу көндүмгө айланышы керек

"Туура тамактанууга корогон бир сом 12 сом болуп кайтат"

- Мындай туюк алкакты бузуу үчүн эмне кылуу керек? Кантип алдын алса болот?

- Менимче агартуу гана керек, болгондо да кенже жаштагы балдардан баштап туура жашоого үйрөтүү зарыл. Себеби чоң адам терс көндүмдөрдү оңой менен таштай албайт да. Маселен, тамеки тартууну эле алсак, чоң киши аябай кыйналат. Биринчи инфаркт же инсульттун белгиси болмоюнча чылымды таштабай жүрө бергендер көп. Дагы бир баса белгилей кетүүчү нерсе, Кыргызстанда тузду ашыкча колдонушат, аябай жакшы көрүп жеген манты, бешбармак, самсада туз ашыкча болот. Себеби камырга туз көп кошулат, этти да туздайт дегендей. Ал тургай биз жеп жаткан нанда да туз аябай көп. Ак унда глютен заты көп, ага туз кошулганда кан-тамыр ооруларын сөзсүз козгойт. Ошондуктан кара нан жегенди сунуштайм. Эгерде адам туура тамактанууга бир сом коротсо, анын өз чөнтөгүнө жана ден соолугуна тийгизген пайдасы 12 сомго айланат. Эми ушуну көбөйтүп туруп эле бүтүм чыгарса болот да.

- Бирок Кыргызстанда туура тамактануу кымбат, ага көп каражат кетет деген түшүнүк бар. Ошол эле жашылча-жемиш кымбат да, ага караганда ун, макаронду сатып алган жеңил эмеспи?

- Кыргызстандын климаттык шартында мөмө-жемиштин, жашылчанын бардык түрүн өстүрсө болот, бул зыяндуу тамакты алып жегенге караганда алда канча арзан жана таза эмеспи? Мисалы, адам пицца алып жатат дейли, демек анын пицца же колага акчасы бар, бирок ал заттар адамга аябай зыяндуу да. Анын ордуна бир килограмм кызылча алса арзан түшөт го? Мөмө-жемишти тандаарда Кыргызстанда өскөндөрдү алган оң. Себеби, биздин организм дал ушул климаттык шартта чыккан өсүмдүктөрдү жакшы сиңирет, пайдалуу болот. Азыр өлкөгө сырттан аябай көп жашылча-жемиш келүүдө.

Ал бузулуп кетпеш үчүн жер семирткич жана ар түрдүү химикаттарды чачып коюшат. Жөнөкөй эле алманы тандаганда жыттап көрүңүз, эгер курт жеген жактары болсо, буркурап жыттанып турса, анда ала бериңиз. Кыргыз алмасынын жыты сонун да. Сырттан келген помидор, бадыраңды да бузулуп кетпесин деп суюктук чачып жатканы албетте ден соолукка зыян. Жыттап көрүп эле билсе болот. Базарда азыр чөптөн жасалган чайларды да көп сатып калышты. Импорттук чай албай ошондой пайдалуу өсүмдүктөрдүн, Кыргызстанда чыккан дары чөптөрдүн чайын алып ичүүнү сунуштайм. Бул жакта өскөн чычырканак да өтө пайдалуу. Элди өз мекенинде өскөн пайдалуу өсүмдүктөр менен жемиштерди сүйүп жегенге үйрөтүү зарыл деген ойдомун.

- Сиз бир нече жылдан бери Кыргызстанда өз миссияңызды аткарып жатасыз. Той-топурга деле барсаңыз керек. Тасмалдагы сизди таң калтырып, өкүнткөн азыктар кайсылар?

- Куурулуп, ундан жасалган нандын түрү аябай көп жана зыяндуу, ошол эле боорсок, каттама деген толтура. Мунун ордуна мөмө-жемиш койсо жакшы болот. Мен өзүм да балмуздакты аябай жакшы көрөм. Аны аз жегендин ыкмасын таап алдым, жанына малина, кулпунай сыяктуу мөмө-жемишти салып, кошо жесеңиз балмуздакты азыраак жейсиз дегендей. Балдарга эртең менен же кечинде зыяндуу шоколад, балмуздак бергендин ордуна мөмө-жемишти блендерден өткөрүп, таттуу смузи жасап берген алда канча пайдалуу. Ата-энелер балдарына туура тамактануу көндүмүн өздөрү баштап бергени дурус. Ошол эле бананды айранга аралаштырып чалып туруп тоңдуруп койсо, сонун балмуздак болуп калат.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG