Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:37

Дан азыктарынын тартыштыгы: Кыргызстан кандай чара көрөт?


Иллюстарция сүрөт. Украинадагы буудайды оруп-жыйноо учуру. 17-июль, 2020-жыл.
Иллюстарция сүрөт. Украинадагы буудайды оруп-жыйноо учуру. 17-июль, 2020-жыл.

Кыргызстанда жана региондогу башка өлкөлөрдө акыркы эки-үч жылдан бери азык-түлүккө болгон баалардын өскөнү байкалууда. Орусия Украинага басып киргенден кийин (эки өлкө тең дүйнөлүк рынокто буудайдын негизги экспортеру) абал огобетер курчуду. Мындан ары базар баасы кандай болот? Кыргызстан кандай чараларды көрүшү зарыл?

БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) башкы адиси Сумитер Брока “Азаттыктын” суроолоруна кат жүзүндө жооп берди.

- Украинадагы согуш жана Орусияга каршы санкциялар азык-түлүк коопсуздугуна кандай таасирин тийгизиши мүмкүн?

Сумитер Брока: Чыр-чатактын эң чоң кесепети - буудай менен жер семирткичтин баасы аркылуу, Орусияда иштеген кыргызстандык эмгек мигранттарынын акча которуулары аркылуу сезилет.

Сумитер Брока.
Сумитер Брока.

Баарынан да үй тиричилиги менен алектенген колу жука (иштебеген) аялдар жабыркайт. БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ААУ) баалоосу боюнча дүйнөдөгү буудай соодасы 2021-2022-жылдарда (июнь-июль айларында) 192 миллион тоннага жакын болот. Негизги экспортчулардан Орусия 35 миллиондой, Украина 22 миллиондой тонна сыртка чыгарып сатат. Ошентип, дүйнөдөгү буудай экспортунда Орусиянын үлүшү 18 пайызга, Украинаныкы 11 пайызга жакын болот.

2021-жылы Кыргызстан Орусия Федерациясынан 125 миңдей тонна буудай сатып алган. Бирок Орусия Европа экономикалык бирлигине буудайды экспорттоого 2022-жылдын 10-мартынан 31-августуна чейин эмбарго киргизди.

Дүйнөлүк базарларда буудайдын баасы февралдын аягынан баштап марттын биринчи аптасына чейин кескин көтөрүлдү. Бирок бир аз убакыттан кийин марттын этегине жетпей кайра төмөндөдү. Ошентсе да, баа февралдын ортосундагы көрсөткүчкө салыштырмалуу дагы эле 20 пайыз жогору. Буга чейин буудай баасы мынчалык көтөрүлө электигин да айта кетүү керек.

Бирок калктын жакыр катмары үчүн салык, тарифи жана башкаларга байланыштуу эл аралык баадан айырмаланышы мүмкүн. Салыштырмалуу буудайдын ички баасы жогору десе болот. Кыргызстанда буудайдын ички чекене баасы 11-февралдан 11-мартка чейинки аралыкта бир пайыз жогорулады. Буудайды ашыкча сактап койгон фермерлер баанын өсүшүнөн пайда көрүшү мүмкүн.

Акча которуу боюнча токтолсок, адегенде АКШ долларына катышы бар рубль төмөндөп кеткенде, Орусиядан келүүчү акча эки эсе азайып кетет деп чочулагандар болгон эле. Бирок андан бери АКШ доллары менен орусиялык рублдин алмашуу курсу дээрлик каатчылыкка чейинки деӊгээлге кайтып барды. Валюта мындан ары конверттелбей тургандыктан, бул көрсөткүчтү кайсы бир даражада шарттуу десек болот. Эмгек мигранттары акчаны үйгө которуунун башка жолун таба алабы деген суроонун жообу азырынча табыла элек.

Дагы бир маселе, эгер Орусиянын экономикасы алсыраса (JP Morgan ал 2022-жылдын экинчи чейрегинде 35 %, быйылкы жылдын аягына чейин жалпысынан 7 % кыскарат деп божомол жасады), анда эмгек мигранттары жумушсуз калышы мүмкүн. Которулуп жаткан акча экономикалык каатчылык мезгилинде көптөгөн үй чарбасындагы эӊ зарыл товарларга же тейлөө кызматтарына төлөө үчүн сарпталат, ошондуктан акча агымынын сээлдеп кетиши жакыр кожолуктардын турмушуна терс таасирин тийгизет. Азырынча которулуучу акча агымынын кандайча негизде өзгөрүп жатканын аныктоо кыйын жана маалымат жетишсиз.

Орусия айыл-чарбага керектүү жер семирткичтердин бардык негизги түрлөрүн арзан экспорттойт. 2021-жылы Орусия азот жер семирткичтерин экспорттоо боюнча дүйнөдө эң алдыӊкы сапта болсо да, калий, фосфор боюнча экинчи орунда турган. Быйыл жер семирткичтердин, мунай жана табигый газдын баасы кескин көтөрүлүп кеткенине байланыштуу, ошондой эле Орусиядан жер семирткичтер келбей калат деген чочулоодон улам жогорулады. Анткени, айыл чарба өсүмдүктөрүнө керектүү заттардын санкция тизмесине кирер-кирбеси белгисиз эле. Бразилия, Аргентина жана башка Түштүк Америка өлкөлөрүнүн өкмөттөрү мындай болбоого тийиш дешет.

- Борбор Азия Орусия менен Украинадан келүүчү дан азыктары, жер семирткичтери ж.б. боюнча канчалык көз каранды?

Сумитер Брока: БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ААУ) – катышуучу өлкөлөрдү колдоп туруучу уюму. Бул өлкөлөрдүн ички мамилелери биздин ишибизге тиешелүү эмес. Маселе Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги үчүн кыйла орчундуу. Орусия менен Украина буудайды эл аралык базардан тышкары кошуна өлкөлөргө да көп сатышат. Жогоруда баса белгилегендей, Кыргызстан Орусиянын буудайына абдан эле көз каранды, Өзбекстан болсо Казакстандан көз каранды. Бирок бул маселеге мунун түздөн-түз тиешеси жок. Атүгүл буудай башка өлкөлөрдөн импорттолгон күндө деле, эгер дүйнөлүк баа жогору болсо, буудайды башка өлкөлөр деле кымбат сатат. Көптөгөн Европа жана Борбор Азия өлкөлөрү жер семирткичтин элүү пайыздан ашуун бөлүгүн Орусиядан алууну көздөп турат, бирок ал жактагы тартыштык келерки жылга чейин созулушу мүмкүн.

- Кыргызстанда эң зарыл азык-түлүк кымбаттады. Баалар дагы канча пайыз өсүшү мүмкүн деп ойлойсуз?

Сумитер Брока: Азыркыдай тез өзгөрүп жаткан кырдаалда божомол жасап, так айтуу өтө кыйын. Чыр-чатак башталганга чейин эле буудайдын баасы 2021-жылы мурунку жылдагыга салыштырмалуу 31 % өскөнүн көрдүк. Бул туруксуздук Кыргызстанга да таасир этери бышык. Кыргызстан көптөгөн азык-түлүк жана башка товарлар (үрөн, жер семирткич, күйүүчү май ж.б.у.с.) боюнча импорттон көз каранды экенин эске алуубуз керек. Ошондуктан дүйнөлүк базарда баа кичине эле өзгөрүп кетсе, бул өлкө ичиндеги жагдайга да дароо таасирин тийгизет.

Ошол эле учурда, жогоруда айтылгандай, дүйнөлүк базарда буудай баасы февралдын ортосунан апрелдин аягына чейин 20% көтөрүлүп кетти.

- Мындай шартта азык-түлүк коопсуздугун кантип камсыздоо керек?

Сумитер Брока: ААУ бир катар саясий нускоолорду берген: азык-түлүктү жана минералдык жер семирткичтерди эл аралык деӊгээлде соодалоого чек койбош керек. Ички жана дүйнөлүк суроо-талапты канааттандырууга багытталган өндүрүш жана соода ишмердигин коргоо үчүн бардык чараларды көрүү зарыл. Товар өндүрүү чынжыры үзүлүп калбай, түшүмдү, айыл чарба жандыктарын, кайра иштетүүчү өнөр жайдын инфратүзүмүн, логистикалык тутумдарды ишеничтүү коргоого алуу зарыл.

Жаңы камдоочуларды таап, азык-түлүк өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүү керек. Орусия менен Украинадан азык-түлүк боюнча көз каранды болгон өлкөлөр дүрбөлөӊгө алдырбоо үчүн альтернативдүү камдоочуларды табышы керек. Мындан тышкары калкка таза азыктар жеткиликтүү болушу үчүн колдо болгон камды эсепке алып, жергиликтүү өндүрүштү колдоого алышы кажет.

Аялуу катмарлардагы, мунун ичинен ички журт которуучуларга кам көрүү керек. Бул үчүн өкмөт социалдык кепилдиктерди күчөтүшү керек. Украин жергесинде эл аралык уюмдар муктаждарга жардам уюштура баштоого тийиш. Бул чыр-чатак дүйнө жүзүндөгү көптөгөн адамдарга таасир этет, жакырчылык, ачарчылык коркунучу күчөйт. Биз калкка социалдык жардамды өз убагында көрсөтүүчү атайын программаларды иштеп чыгышыбыз керек.

Ойлонулбаган саясий чечимдер кабыл алынбашы керек. Азык-түлүктүн камдалышын камсыздоо боюнча ар кандай чараларды ишке ашырууга киришерден мурда өкмөт анын эл аралык базарга тийгизе турган таасирин да эске алышы кажет. Импорт баасын төмөндөтүү же экспортко чек коюу айрым бир өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун кыска убакытка камсыздашы мүмкүн, бирок бул чара дүйнөлүк бааларды кескин өстүрүп жибериши ыктымал.

Диалогду жакшыртып, базарларда ачык-айкындыкты камсыздоо керек. Айыл чарба базарларында баа тез өзгөрүп жаткан чакта ачык-айкындык, дүйнөлүк базарлардагы жагдай жөнүндө маалыматтын жетиштүүлүгү өкмөттөрдүн негиздүү чечим кабыл алуусуна мүмкүндүк берет. Ачык-айкындыкты жакшыртууга “Жыйырма тайпасындагы” өлкөлөр сунуштаган айыл чарба азык-түлүк базарларын маалымат менен камсыздап туруу тутуму (АМИС) жол ачат да, базарлардагы жагдай тууралуу туура маалыматты өз убагында алып турууга өбөлгө түзөт.

Ар бирибиздин азык-түлүк коопсуздугун жакшыртууга көмөктөшүү мүмкүнчүлүгүбүз бар. Мисалы, үй-бүлөлүк чакан фермерлерди колдоп, керектелүүчү тамак-аштын саны менен сапатын көзөмөлдөп, (колу жука) жарды жашаган үй-бүлөлөргө, үй чарбаларына жардам берип, тамак-аш азыктарынын коопсуздугуна жоопкерчиликтүү карап, бул ишке салым кошсок болот.

- Кыргызстан жаңы камдоочуларды кантип табат? Кандай сунуштарыӊыз бар?

Сумитер Брока: Жаңы камдоочуларды тартуу үчүн жооптуу кызмат адамдарынын деңгээлинде жагымдуу шарт түзүү максатында ар тараптуу ойлонулган чечимдерди кабыл алуу зарыл. Ошондой эле өлкөгө жакшы көӊүл бөлдүрүү жана жеӊилдиктерге ээ болуу үчүн тийиштүү чараларды кайра карап чыгуу керек. Эгер айыл чарбага тиешелүү өнүмдөрдү эң көп камдоочулар менен өз ара пайдалуу келишим түзүү үчүн сүйлөшүүнү өлкө башчыларынын деӊгээлинде жүргүзүү кажет. Кыргызстан чакан өлкө болгондуктан, тилекке каршы, анын өз алдынча мамиле түзүү мүмкүнчүлүгү чектелүү, башка өлкөлөр менен биргеликте иштешүү керек.

Азыркы кырдаалда бул аймактагы өлкөлөр үчүн кандайдыр бир жаӊы мүмкүнчүлүктөр (жаӊы базарлар ж.б.) барбы? Бул суроону бир аз тактоо керек. Кайсы өнүмдөр боюнча мүмкүнчүлүктөр? Жаңы базарларга чыгуу үчүн убакыт, инфратүзүмгө, окутууга, билим берүүгө инвестиция ж.б. талап кылынат. Кыргызстан мындай кыска мөөнөттүү чечимдерге даяр эмес. Буга убакыт жана көп акча керек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG