Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:21

БУУ: Украинадагы согуштан жакыр өлкөлөр жабыркайт


Ооганстандагы дыйкандардын балдары. 1-июль, 2021-жыл.
Ооганстандагы дыйкандардын балдары. 1-июль, 2021-жыл.

Украинадагы согуштан улам жаңы ирденип келаткан көптөгөн мамлекеттин экономикасы жабыркашы мүмкүн.

Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гуттериш 13-апрелде билдирди.

БУУнун Кризиске реакция жасоочу ыкчам тобу жарыялаган баяндамада Украинадагы согуш ансыз да коронавирус пандемиясынан, климаттын өзгөрүүсүнөн жабыркап жаткан жакыр мамлекеттерде энергетикалык жана каржы кризисин тереңдете турганы белгиленген.

"1,7 миллиард адам азык-түлүк, энергетикалык жана каржы системасындагы соккуларга дуушар болуп турат. Алардын үчтөн бир бөлүгү ансыз да жакыр жашайт", - деген Гуттериш Орусия менен Украинадан 36 мамлекет буудай ала турганын билдирди.

Алардын арасында Кыргызстан да бар.

Орусия менен Украинадан буудай импорттогон 36 мамлекет.
Орусия менен Украинадан буудай импорттогон 36 мамлекет.

Баш катчы азык-түлүккө жана энергетикага болгон баанын өсүшү жакыр мамлекеттерде социалдык жана саясий туруксуздукка алып келиши мүмкүн экенин эскертти.

Гуттериш Украинадагы согушту токтотууга, экспорттук чектөөлөрдү алууга, кайра калыбына келе турган энергия булактарына инвестиция салууга жана өнүгүп бараткан мамлекеттерди каржылык жактан колдоого чакырды.

БУУнун Соода жана өнүгүү агенттигинин баш катчысы, ыкчам топтун ишин координациялаган Ребека Гринспандын айтымында, 107 мамлекет Украинадагы согуштун кесепетинен пайда болгон үч кризистин бирине дуушар болот.

Алар - азык-түлүккө болгон баанын көтөрүлүшү, энергетикага баанын өсүшү, финансылык шарттардын катаалдашы.

Баяндамада жалпысынан 1,2 миллиард адам жашаган 69 өлкө жогоруда сөз болгон үч кризиске тең кандайдыр бир деңгээлде кабылганы жазылган.

Аларга Африкадагы 25, Азия менен Тынч океан аймагындагы 25 мамлекет жана Латын Америкасы менен Кариб бассейнинин аймагындагы 19 өлкө кирет.

Орусия дүйнөдө газ экспорту боюнча биринчи, мунай экспорту боюнча экинчи орунда турат. Андан тышкары Орусия менен Беларус дүйнөдөгү жер семирткичтердин 20% экспорттойт.

Гуттериштин айтымында, мунай баасы дүйнөдө соңку жылы 60%, газдын баасы соңку айларда 50% көтөрүлдү, жер семирткичтер эки эсе кымбаттады.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш.
Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш.

Эл аралык уюмдун ыкчам тобу азык-түлүк менен туруктуу камсыздоонун жолун ачып, экспорттук чектөөлөрдү алып, жакыр мамлекеттерге каралашууга чакырды.

Гуттериш мындай аракет азык-түлүк баасынын мындан ары көтөрүлбөшүнө жардам бере турганын айтты.

Ал ошондой эле буудайды табигый отун катары колдонбоого үндөдү. Дүйнө бул кризистен пайдаланып, кайра калыбына келчү энергия булактарына өтүүнү тездетиш керек деген пикири менен бөлүштү.

Каржы кризисине келсек, ыкчам топ эл аралык коомчулукту өнүгүп бараткан мамлекеттерге токтоосуз жардам берүүгө үндөдү.

Буга чейин Украинадагы согуштан улам дүйнөдө азык-түлүк кризиси жаралышы мүмкүн экенин, андан биринчи кезекте жакыр мамлекеттер жабыркай турганын АКШнын президенти эскерткен.

Эл аралык валюта фонду, Дүйнөлүк банк жана Эл аралык соода уюму дүйнөдө ачарчылыктын алдын алуу үчүн ыкчам чараларды көрүүгө лидерлерди чакырышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG