Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:02

Ландсбергис: Путинчилер калпты катырууда


Витаутас Ландсбергис.
Витаутас Ландсбергис.

1991-жылы январда совет аскерлери көз карандысыздыгын жар салган Литваны СССРдин курамына күч менен кайтарып алууга аракет кылганда, алардын ниети таш капкан. Бирок Вильнюстагы телемунарага жасалган чабуулдан жана башка жайлардагы ээнбаш жоруктардан жайкын тургундар каза таап, кыйласы жарадар болгон.

Литванын парламентине да чабуул жасалышы ыктымал эле. Каршылык кыймылына Жогорку соттун башчысы, Литванын көз карандысыздыгын түптөгөн Витаутас Ландсбергис жетекчилик кылды. Музыка таануучу Ландбергис аскердик ишке эч аралашып көрбөгөн болсо да, ал жетектеген Литва өз эркиндигин коргоп кала алды.

“Азаттык” радиосуна берген маегинде Витаутас Ландсбергис (1932-ж. туулган) СССР урап жаткан ошол кез менен азыркы Орусия империясындагы жагдайдын окшоштугу жөнүндө ой жүгүртөт.

– Бүгүн Украинада болуп жаткан, мурда Чеченстанда, Балтика боюнда жана башка өлкөлөрдө жасалып келген бул мыкаачылыктардын өтө окшоштугун, тамыры бир экенин көрүп турам.

– Орусиянын Украинага кол салганы жатканын эчак эле эскерткен эле. Кошмо Штаттардын жана башка өлкөлөрдүн чалгын кызматтары кабарлап жатышты, бирок ошого карабай эксперттер, саясатчылар журналисттер Путин Украинага кол салууга батынбайт деп турушту эле. Сиздин оюңуз кандай болгон?

– Бул коммунизмдин, болгондо да анын большевиктик түрүнүн өтө узакка созулган тарыхы. Кол салуу менен эле чектелбей, бирде капитализмди, бирде Батышты, бирде эл душмандарын жок кылуу мүдөөсү дайыма программада болуп келген. Башкача жашоону чечкен, тынчтыкта, чыгармачыл, ынтымакта жашагысы келген элдерге каршы кандуу кылмыш улантылып жатат. Кыйратууну жакшы көргөн немелер зулумдук, мыкаачылык менен келишет. Талкаланган имараттарда балдар же бейтаптар тирүү калган болсочу? Биротоло тынчытып коёлу дегендей... Мунун тамыры байыртан башталган. Ошондуктан буга мен да, башка санаалаштарым да таң калган жокпуз. Убактысы менен шылтоосу гана белгисиз эле, шылтоону табуу дайыма оңой эмеспи.

Мариуполдогу кыйраган турак үйлөр.
Мариуполдогу кыйраган турак үйлөр.

– Көпчүлүк эми Москва мурдагы Варшава блогуна кирген Польша жана башка өлкөлөргө да кол салышы ыктымал деп ойлошот. Сиз буга кандай карайсыз?

– Мен булардын көздөгөнү большевик эместердин баарын талкалоо деп айтпадымбы. Максаттары ушундай. Большевик диктаторлор дүйнөнүн башкача болгонуна кыжырданат, андан коркот. Эзелтен бери ушундай – башкаларды жек көрүү, жектөө гана. Бүгүн путинчилер үчүн Украина “башка” болууда. Алар бул өлкөнү кабыл алмак турсун жырткычтардай жек көрөт. Акылдан азгандардын жүрүм-туруму ушундай. Бул ташбоор кишилер балдарды өлтүрүп, мектептер менен ооруканаларды, башпаанектерди бомбалап, карапайым жарандар жашаган шаарларды жок кылууда. Бизге бул калктын кереги жок, бизге баш ийбесеңер, кырып салабыз, багынбаганыңар үчүн күнөөлүүсүңөр дегендей.
Бул, албетте, саясий деңгээлдеги "жиндикана". Татыксыз киши татыктуу адамдарды ушундай жек көрөт.

– Көп учурларда бул зулумдукка "акылдан азган Путин айыптуу" дешет. Сиз жалпы жоопкерчиликти да айтып жатасызбы?

– Жамааттык жоопкерчилик өзүнчө болот. Гитлердин тушунда муну ким жокко чыгарды эле? Азыр украиндер эч кимге кол салбаса да, алардын шаарларын талкалап жатышат. Алар эч кимди опузалаган жок, бирок багынып бербей жатат – ушунун өзү эле коркунучтуу экен беркилерге. Багынбаганы эмнеси деп кыжырданышат. Менден ким коркпосо, ал мени урматтабайт, душман, аны жок кылуу гана керек деген саясий түшүнүк. Болгону ушул.

– Жапайы доордон калгандай, XXI кылымга коошпойт.

– Таш доорундагыдай. Менин ташым сеникинен катуу, ошондуктан сен тил алышың керек, болбосо сени ушул таш менен жанчып салам деген көз караш. Тилекке каршы, биз андан алыстап кете элекпиз.

– Батышта Орусияда согушка каршы күчтүү кыймыл жоктугуна, элдин нааразы болуп көчөгө чыкпай жатканына таң калышат. Социологиялык сурамжылоолордун жыйынтыгына карасак, тескерисинче, Путинди колдогондор өтө көп экен, дагы да көбөйүп жатыптыр. Буга сиз таң калбадыңызбы?

– Орусия "жиндиканага" айланып бүттү. Гитлердин мезгилиндеги элдин толуп-ташып чогулганын көрсөткөн тасмаларын эстегенде, буга таң калбайм. Биз башкалардан бийикпиз, дүйнө жүзүн башкарышыбыз керек дешет. Лужникиде чогулгандар "дүйнө жүзү бизге каршы, бирок биз бул каргыш тийген дүйнөнү жеңебиз" деп кыйкырып турду го. Гитлердин фашизминен бул кандай айырмаланат? Эч кандай.

– Сиздин оюңузча, Украина Путиндин ыгына көнүшү керекпи?

– Путин эмне үчүн кепке келбеши керек? Путин – айыкпас илдет, ага эч кандай доомат коюлушу да мүмкүн эмес деп анын шартына унчукпай ыңгайлашуу гана керекпи?

– Көптөгөн адамдар Украина жетиштүү жардам берүүдөн тартынып жатат, Орусияга каршы катуураак санкцияларды киргизбеди деп Батышты жемелейт. Бул сындын жүйөсү барбы?

– Айрым жүйөлөр бар, албетте. Бирок бул жөн эле өзүн четке тартуу жолу. "Эгер алар минткенде... Санкцияларды эмне үчүн киргизбей жатат? Менин кандай тиешем бар? Мен качан кимге ыкташ керек экендиги белгилүү болгончо бугуп отура берем” деген көз караш басымдуулук кылууда. Бирок “алар” деген бөлөк эмес, алар – бизбиз. Батыштагы адамдарга ушундай жагдайды түзгөн силерсиӊер, өзүңөр күнөөлүүсүӊөр деп кантип түшүндүрөсүң?

– Мисалы, Орусиянын газын сатып алгандар…

–Согушту каржылап, калкты кырган, кош бойлуу аялдарды, наристелерди өлтүргөн немелерге көмөк көрсөтүп жатышат.

– Ал эми Литванын бийлиги кантип жатат?

– Мен Литваны өзүнчө бөлүп карагым келбейт. Литва жакшы эле аракет кылууда. Биз коркунучтуу абалдабыз. Биз сырткы кол салуудан эле эмес, өзүбүздүн өксүктөрдөн, коркоктугубуздан, бизге тиешеси болбосо экен деп четке чыга берген адатыбыздан сактанышыбыз керек.

– Литвада Москванын “бешинчи колоннасы” (тымызын жактоочулары) барбы?

– Бардык жерлерде бар. Берлинде да, Лондондо да, Нью-Йоркто да бар. Бирок бул “бешинчи колонна” биздин көкүрөгүбүздө барбы? Мына ушуну кылдат кароо керек.

– Бүгүнкү Орусия СССРдин жолун кайталашы мүмкүнбү? Империянын кайрадан урай башташына өбөлгө түзүлүп жатабы?

– Кыйроо азыртан эле жүрүп жатат. Чындыгында Орусия империясынын ыдыроосу Биринчи дүйнөлүк согуштан башталган. Биринчи, Экинчи дүйнөлүк согуштар, кансыз согуш – мунун баары бир эле согуш, бетпактыктын адамзатка каршы согушу же, тескерисинче, адамгерчиликтин фашизмге каршы турушу.

– Бул фашизмдердин баары аяктайт ээ?

– Биздеги азыркы технологиялардын шартында адамзат толугу менен кедерине кетип, планетада цивилизация такыр жок болуп кетиши ыктымал. Балким, Жараткан "оюмдагыдай болбой калды, эми баарын токтотуп, башка планетада аракеттенип көрөйүн" деп чечет. Ушундай болушу да мүмкүн.

Витаутас Ландсбергис Сергей Лозницанын "Ландсбергис мырза" тасмасында.
Витаутас Ландсбергис Сергей Лозницанын "Ландсбергис мырза" тасмасында.

– Жакында Литванын кантип көз карандысыздыкка жеткени жөнүндө “Ландбергис мырза” даректүү тасмасы чыкты. Бирок режиссёр Сергей Лозницанын Украинанын Киноакадемиясынан четтетилгени таң калычтуу. Бул чечим жөнүндө эмне деп ойлойсуз?

– Бул эң кейиштүү көрүнүштөрдүн бири. Мен Лозницанын чыгармачылыгын Литваны боштондукка чыгаруу жөнүндө анын тасмасын биргелешип тартканга чейин эле билчүмүн. Эмне үчүн аны кесиптештери азыр жаман көрөт? Украинанын Киноакадемиясынын кино өнөрүнүн ири устатын жектеген мамилеси жөнүндө окуган элем. Сергей Лозницанын тасмалары – Украинанын сыймыгы, атак-даңкы эмеспи. Ал кан-жаны менен украин, чыгаан инсан. Мекендеши менен сыймыктангандын ордуна көрөалбастык кылып жатат. Ал жерде путинчилер отуруп алып, ишти теңирден тескери кылып жаткандай. Өтө өкүнүчтүү.

“Процесс” фильми эске түшөт – бул азыр Лозницанын башына түшкөн балээнин өзү. Аны кимдир бирөө каралап чыкканда, кесиптештери ошону жактап добуш бериптир. Ал орус маданиятын бүт бойдон жокко чыгарбаса эле жаман украин болуп калабы? Украиндер орус маданиятын жек көрүшү керек деп ким чечкен?

Жаңы Гитлерби? Гитлер жөөттөрдү жектеген, Путин украиндерди душман санайт. Эмне үчүн украиндер орустардын баарын жек көрүшү керек? Согушту токтото алабыз деген үмүт менен демонстрацияга чыккандар жаманбы? Азыр деле согушту колдобогондор бар, алар Украинаны душман деп эсептебейт. Менимче, Лозница ошолорду көрүп тургандыктан, беркилердин оюна макул болбой жатат. Көз карашы башка болсо эле жаман украин дейбизби? Мен аны жаман эмес, акылдуу украин деп ойлойм.

– Азыр эң көп кайталанып жаткан, Путин да пайдаланып жаткан суроо: Батышта орус маданиятын – Чеховду, Чайковскийди жокко чыгарып жатат имиш. Бул, албетте, калп. Бирок ушундай сөздөрдү орус интеллектуалдары да айтууда. Же орус маданияты начарбы, ал дүйнө элине сабак бергенге эми акысы жок болуп калдыбы? Бул талаштар боюнча оюӊуз кандай?

– Менимче, бул талаш-тартыштар туура эмес нукта жүргүзүлүп жатат. Анткени Орусияны Сталин-Путин менен чаташтырып алышты. Лозницага кайтып келели. Ал эмне, Украинага каршы согушту, Путиндин баскынчылыгын жактап сүйлөдү беле? Ал Орусияны Сталин-Путин менен бирдей көрүүнү да, бардык орустарды, анын ичинен жамандыкка макул болбогондорду да кошо, бүтүндөй Орусияны жек көрүүнү да жактаган жок. Лозницага каршы чыккандар украин болсоң, жалпы орустарга каршы болушуң керек деген көз карашта окшойт. Албетте, бул такыр туура эмес. Адам баласы мындай дүӊүнөн көрүүчүлүктөн өйдө турушу керек. Ырас, жамандык менен келишүүгө болбойт, бирок Лозница эч качан анткен жок, ал жөн гана сталинизмдин бетин ачты. Бул азыркыга чейин өтө орчундуу маселе. Бизди башкалар жаман көрөт, биз аларды жеӊебиз деп путинчилер калпты катырууда. Лужникиде ушундай айкырып турушту го, бүт дүйнө бизге каршы деп. Гитлерчилер да өздөрүн баарынан өйдө санап, башкаларды жашоого татыксыз деп ойлошкон. Путинчилер да азыр украиндер жашаганга акысы жок деп ойлойт окшойт.

– Орус маданияты менен аны өз максаттарына пайдаланууга аракет кылып жаткан путинизмди айырмалаш керекпи?

– Ооба, путинчилер орус маданиятына жамынып, өздөрүн бул маданияттын өкүлү деп көрсөтүүгө аракет кылууда. Бирок булар орус маданиятынын душмандары, Орусияга, орус элине, орус маданиятына буларчалык эч ким зыян келтирген эмес.

Дмитрий Волчектин маегин орус тилинде бул жерден окуңуз.

XS
SM
MD
LG