Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:29

Бучадагы кыргын: Орусияга сын күчөдү


Бучада каза тапкан адамдардын сөөктөрү, 4-апрель, 2022-жыл.
Бучада каза тапкан адамдардын сөөктөрү, 4-апрель, 2022-жыл.

Украинанын Буча шаарчасынын көчөлөрүндө жайкын тургундардын сөөктөрү табылгандан кийин Орусиянын дарегине айыптоолор күчөдү. Европа өлкөлөрү орус дипломаттарын өз аймагынан чыгарууда. Москва эч кандай далилдерди көрсөтпөстөн Бучада тартылган сүрөт, видеолорду "чагым" деп мүнөздөп жатат.

"Рейтерс" жана "Франц пресс" сыяктуу алдыңкы эл аралык маалымат агенттиктеринин Украинанын Буча шаарчасында тартылган сүрөт, видеолору дүйнө коомчулугун нес кылды. Журналисттер шаарга орус күчтөрү чыгып кеткенден кийин, 2-апрелде барышкан. Алар адамдардын сөөктөрү көчөлөрдө туш келди жатканын, айрымдарынын колу артка байланганын көрүшкөн. Ошондой эле шаарда бир нече чала көмүлгөн сөөктөр да табылган.

Киевден анча алыс эмес шаардагы мындай үрөй учурган окуялардан кийин бир катар Европа өлкөлөрү орусиялык ондогон дипломатты өз аймагынан чыгарарын жарыялады. Маселен, Дания Орусиянын Копенгагендеги элчилигинин 15 кызматкерин, Испания менен Швеция 25 орус дипломатын, Италия орусиялык 30 дипломатты персона нон грата деп жарыялады.

Мындан тышкары Евробиримдик Москвага каршы жаңы санкцияларды киргизүүнү караштырып жатат. "Рейтерс" агенттиги өз булактарына таянып кабарлагандай, Европа комиссиясы жылына Орусиядан 10 миллиард долларлык көмүр, жыгач, химиялык заттар сыяктуу бир катар товарларды импорттоого тыюу салганы жатат. Ошондой эле Еврошаркет жылына 11 миллиард доллардык товарлардын Орусияга экспорттоого да чектөө коюшу мүмкүн.

Шейшемби күнү АКШ президенти Жо Байден орус мамлекет башчысы Владимир Путин согуш кылмыштары үчүн соттолууга тийиш деп айтты.

"Путинди согуш кылмышкери деп атаганым үчүн сынга кабылганым эсиңиздерде болсо керек. Мына, чындык ушундай. Бучада эмне болгонун көрдүңүздөр. Ал - согуш кылмышкери. Бирок биз маалымат топтошубуз керек. Украинаны кармашты улантууга керектүү курал-жарактар менен камсыз кылууну улантышыбыз зарыл. Согуштук кылмыштар боюнча сот өтүшү үчүн бардык деталдарды жыйнашыбыз керек", - деди Байден.

Украин президенти Владимир Зеленский баштаган расмий өкүлдөрү Буча шаарында, 4-апрель 2022-жыл.
Украин президенти Владимир Зеленский баштаган расмий өкүлдөрү Буча шаарында, 4-апрель 2022-жыл.

Киевдин чакырыгы, Москванын жообу

Украин бийлиги Бучада жүздөгөн жайкын тургун орус күчтөрүнүн колунан өлгөнүн билдирип атат.

5-апрелде украин президенти Владимир Зеленский Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде сөз сүйлөп, "Орусияга көбүрөөк санкция салууга үндөйт" деп күтүлүүдө.

Ал бир күн мурда Бучага барып, бул шаарчадагы окуяларды “чоң трагедия” жана “геноцид” деп атап, согуш кылмышкерлери жоопко тартылышына убада берген.

"Биз буларды согуш кылмыштары деп эсептейбиз жана дүйнө алардын баарын геноцид деп тааныйт. Бүгүн өз көзүңүздөр менен бул жерде эмне болгонун көрө аласыздар. Биз миңдеген киши өлтүрүлгөнүн, кыйноого туш болгонун, буту-колун кесип салышканын, кыздар зордукталганын жана балдар өлтүрүлгөнүн билебиз", - деп билдирген Зеленский.

Орус бийлиги дооматтарды четке кагып, эч кандай далилдерди көрсөтпөстөн Бучадагы окуяны "чагым" деп мүнөздөп жатат.

4-апрелде Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя Москва өз далилдерин Коопсуздук кеңешинин жыйынында көрсөтө турганын айтты.

"Бул - согуш. Согушта баары болушу мүмкүн. Жайкын тургундар каза болуп жатканын четке кага албайсыз. Бул жашоонун кейиштүү фактысы. Бирок өзгөчө Бучага байланыштуу көрсөтүлгөн кадрлар "атайын уюштурулганынан" күмөн санабайбыз", - деп Небензя.

Москва Бучадагы кардлар орус күчтөрү шаардан чыгып кеткенден кийин тартылганын белгилеп жатат. Бирок Бучанын көчөлөрүндө марттын ортосунда эле сөөктөр жатканын Maxar Technologies фирмасы жарыялаган спутниктен тартылган сүрөттөр күбөлөдү. Ал кезде шаарды орус күчтөрү көзөмөлдөп турган.

Украинанын чыгышында чабуулдар уланууда

Maxar Technologies компаниясынын спутниктен алынган сүрөттөрү Бучанын Яблонска көчөсүндө адамдардын туш келди жаткан сөөктөрү марттын ортосунда эле ошол жерлерде болгонун күбөлөдү.
Maxar Technologies компаниясынын спутниктен алынган сүрөттөрү Бучанын Яблонска көчөсүндө адамдардын туш келди жаткан сөөктөрү марттын ортосунда эле ошол жерлерде болгонун күбөлөдү.

Орусия Украинага 24-февралда басып кирген. Соңку күндөрү орус күчтөрү Украинанын түндүгүнөн жана Киевдин айлана-тегерегинен кеткени менен өлкө чыгышында кармаш уланып жатат.

5-апрелге караган түнү Украинанын чыгышындагы Донецк облусуна караштуу Краматорск шаарына орус күчтөрү абадан сокку урушту. Украин бийлигинин маалыматына ылайык, түнкү саат 3төр чамасында болгон бир аба соккусунан шаардын борборундагы мектептин имараты талкаланды.

Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещуктун айтымында, орус күчтөрүнүн катуу чабуулуна кабылган Мариуполь жана Бердянск сыяктуу бир нече аймактан жайкын тургундарды алып чыгуу үчүн 5-апрелде жети гуманитардык коридар ачылганы турат.

Президент Зеленский Бучадагы трагедиядан кийин канчалык оор болбосун, согушту токтотуу үчүн Москва менен сүйлөшүүлөрдү улантуу зарылдыгын белгиледи. Ал украин журналисттери менен 5-апрелдеги интервьюсунда Украина тынчтык келишимине кол коюлган күнү да Москванын кепилдиктерине ишенбесин, Орусия “эки жылдан кийин кайрадан кайтып келиши мүмкүн экенин” айтты.

Украина менен Орусиянын делегацияларынын соңку бетме-бет сүйлөшүүсү 29-мартта Стамбул шаарында өткөн. Киев бир нече өлкө Украинанын коопсуздугуна кепилдик берсе жана Москва Украинанын Евробиримдикке кошулуусуна тоскоолдук жаратпаса, эч кандай аскердик биримдиктерге мүчө болбоого жана чет элдик аскерлерди жайгаштырбоого макул экенин белгилеген.

Ошондой эле Украина Москва 2014-жылы аннексиялаган Крым жарым аралынын макамын аныктоо үчүн 15 жылдык консультациялык мөөнөттү да сунуш кылган.

30-мартта Кремл Украинанын өз сунуштарын бергенин оң фактор катары баалаганы менен Стамбулдагы олуттуу жылыш болбогонун билдирген.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG