Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:58

NYT Бучадагы жай тургундарды өлтүрүү орус армиясынын  тушунда болгонун жазды


Бучадагы турак үйдүн жанындагы көрүстөн . Украина, 3-апрель, 2022
Бучадагы турак үйдүн жанындагы көрүстөн . Украина, 3-апрель, 2022

Спутниктен тартылган сүрөттөр "Киевдин четиндеги Буча шаарчасындагы жай тургундарды өлтүрүү орус армиясы 30-мартта чыгып кеткенден кийин болгон" деген Орусиянын коргоо министрлигинин маалыматын төгүндөйт. Бул тууралуу The New York Times жады.

Басылмадагы маалыматтарга караганда, спутниктен тартылган сүрөттөр Бучанын көчөлөрүндөгү сөөктөр үч аптадан ашуун абактан бери жатканын көрсөткөн. Бул убакытта шаар орус армиясынын көзөмөлүндө болгон.

Жергиликтүү бийликтин 2-апрелде тарткан видеосунда Яблунск тар көчөсүндө бир нече кишинин сөөгү жатканы көрүнөт. Maxar Technologies компаниясы тарабынан The New York Times басылмасына берилген спутниктен алынган сүрөттөр алардын кеминде 11-марттан бери ошол жеде болгонун көрсөтүп турат.

Алардын айрымдары ташталган унаанын, үчөөнүн сөөгү велосипеддин жанында, кээ бирлеринин колу ак чүпүрөк менен байланып турат. The New York Times алардын өлүмүнүн себеби беймаалым экенин жазган.

Яблунск тар көчөсүнөн тартылган сүрөттө дага дал ушундай картина бар. Спутниктен алынган сүрөттөр ал жерде ташталган автоунаа 20-21-марттарда пайда болгонун айгинелеп турат.

Орусиянын Коргоо министрлиги айыптоолорду четке кагып, Киев тараткан сүрөт, видеолорду “кезектеги чагым” деп сыпаттаган.

Орусия Бучадагы окуялардан улам 4-апрелде БУУнун Коопсуздук кеңешин чогултууну талап кылган.

Бирок Британия кеңеште төрагалык кылган өлкө катары ага макул болбой, Орусия сураган жолугушууну Коопсуздук кеңешинин Украина боюнча 5-апрелге белгиленген жыйыны менен айкалыштыруу чечимин кабыл алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG